Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 5
Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Чоң Кара-Буура айылынын туругуну Шадыбеков Суйунбектин “Өзүнүн жер үлүшүнүн жанындагы суу чыгышына татаал шарттагы дың жер аянтчасын өздөштүрүрп, айдоого айландыруу жөнүндө” кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 катар сандуу “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүүнү жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 катар сандуу токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (транформациялоо) тартиби жөнүндө” убактылуу Жобонун жетекчиликке алып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын №1131/5,1 чөйрө сызыгында жайгашкан айыл чарбасына жараксыз, рельефи тегиз эмес абалдагы жалпы аянты 1,0га жайыт жер участогу жайыт жерлер категориясынан сугат жерлер категориясына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Осмоналиев |