Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 3/5
Жаӊы-Жол айыл аймагынын мал ээлеринин ѳз менчигиндеги малдардын ветеринардык тейлѳѳ кызматынын баасын бекитүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги Жаӊы-Жол айыл аймагынын мал ээлеринин ѳз менчигиндеги малдардын ветеринардык тейлѳѳ кызматынын баасын бекитүү жѳнүндѳ Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн вет.адиси М.Кубатбековдун билдирүүсүн жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз III-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаӊы-Жол айыл аймагынын мал ээлеринин ѳз менчигиндеги малдардын ветеринардык тейлѳѳ кызматынын баасы №1 тиркемеде көрсөтүлгөн ветеринардык тейлөө кызмат акысы, айыл тургундарынын мүмкүнчүлүгүнө ылайык келерлиги белгиленсин.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору М.Кубатбековго айыл өкмөттүн аймагындагы калктуу конуштарды тейлеген ветеринардык санитарлар менен тиркемедеги ветеринардык кызмат көрсөтүү баалары менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |
| Тиркеме №1 03.03.2017-жылдагы №3/5 токтому менен бекитилди |
Жаңы - Жол айыл аймагынын мал ээлеринин өз менчигиндеги малдарын ветеринардык тейлөө баасы.
№ | Аткарылуучу жумуш | Малдын түрү | Баасы (сом) |
1.Вакцинация | |||
1 | Сибирь жарасына | Кара мал | 30 сом |
2 | Шарпка | Кара мал | 30 сом |
3 | Кара санга кар | Кара мал | 30 сом |
4 | Кутурмага | Итке | 50 сом |
5 | Чечекке | Кой, эчки | 10 сом |
6 | Сибирь | Кой, эчки | 10 сом |
2. Дарылоо иштери. | |||
1 | Кан тамырдан дары берүү КРС | Кара малга | 50 сом |
2 | Кара малга (дары ээсинин ѳзүндѳ болсо) |
| 30 сом |
3 | Кара малга (дары вет.санитардан болсо) |
| Дарынын баасына жараша |
4 | Кой, эчкиге(дары ээсинин ѳзүндѳ болсо) |
| 10 сом |
5 | Кой, эчкиге (дары вет.санитардан болсо) |
| Дарынын баасына жараша |
3. Чакыруу боюнча баруу. | |||
1 | 100м 1 км чейин |
| 50 сом |
2 | 1 км 5 км чейин |
| 100 сом |
3 | 5 кмден жогору |
| 200 сом |
4.Кан алуу | |||
1 | Жылдкы кара мал |
| 50 сом |
2 | Кой, эчки |
| 20 сом |
3 | Ит |
| 50 сом |
5. Тѳл алуу. | |||
1 | Уйдан |
| 300 сом |
2 | Кой, эчки |
| 100 сом |
6.Хирургиялык жардам | |||
1 | Кара малга 5тен ашык шов салынса |
| 200 сом |
2 | Кой, эчки |
| 100 сом |
3 | Ат бычуу(дары мал ээсинде болсо) |
| 500 сом |
4 | Бодо мал бычуу дары ээсинде болсо |
| 300 сом |
5 | Козу, улак бычуу |
| 10 сом |
6 | Уйлардын желинин тазалоо |
| 200 сом |
7.Тоок | |||
1 | Чума «Н» эмдѳѳ |
| 10 сом |
2 | IX-жалпы малдарды клиникалык кѳзѳмѳлдѳн ѳткѳрүү |
| 10 – 50 сом |
| Малды идентификациялоо -2 бирканынын баасы 40 сом |
| 2 бирка- 37,76 сом кызмат кѳрсѳтүүгѳ- 32,24сом баарысы-70 сом |