Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты № 4/3
2016-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткарган иштери жана 2017-жылга иш пландарын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына негиз Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы К.Райымбековдун маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин V11-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Райымбековдун 2016-жыл ичиндеги аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин;
- 2017-жылга Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин киреше,чыгыша бөлүгү жана иш планы.(кирише бөлүгү тиркеме №1) ,(иш планы тиркеме №2),
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Карашовго жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет
Төрага | Р. Дооранов |
| Тиркеме №1 |
Жалал-Абад областынын Жаӊы-Жол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017 – жылдагы киреше бѳлүгүнүн сметасы.
| Малдын түрү | Малдын башы | Жайыт үчүн 1 малдын башына | Жайыт үчүн күтүлүүчү сумма | Кызыл – Жар зонасынан |
1 | КРС бодо | 1402 | 47 | 65894 |
|
2 | Кой | 4221 | 13 | 54873 |
|
3 | Эчки | 4061 | 13 | 53027 |
|
4 | Жылкы | 521 | 50 | 26050 |
|
| Жыйынтыгы: |
|
| 199844 | 10000 |
| Жаӊы долбоор боюнча жалпы сумма |
|
| 209844-30000токой чарбага |
|
Бардык күтүлүүчү сумма - 179844 миӊ сом
I кварталга-0
II квраталга-80,0 миӊсом
III кварталга-50,0 миӊ сом
IV кварталга-50,0 миӊ сом
| Тиркеме №2 |
Жалал-Абад областынын Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга
ИШ ПЛАНЫ
К№ | Жайлоонун аттары | Жумшалуучу каражат | Аткаруу мѳѳнѳтү | Жооптуулар |
1 | “Сай - Ачык” көпүрөсүн калыбына келтирүү | 3000 | Сентябрь | Бейшебаев Ж. ЖПБ |
2 | “Тогорок” жайлоосуна мал өтүүчү көпүрө куруу | 5000 | Сентябрь | Бейшебаев Ж. ЖПБ |
3 | Таштак айылындагы Жылуу-Булак булагына мал ичүүчү жай куруу
| 10000 | август | Эгизалиев.А ЖПБ |
4 | Кой-Таш айылындагы Курушкурт булагына мал ичүүчү жай куруу
| 10000 | июль | Исаков.Т ЖПБ |
5 | Кой-Таш айылындагы Коӊурбай жайлоосуна баруучу жолун жана башатты оӊдоо | 10000 | июль | Кѳчмѳнов.А ЖПБ |
6 | Карагансай айылындагы “Как-Башат” жайытына мал суу ичүүчү жайды куруу | 5000 | Октябрь | Керимкулов У АРИС |
7 | Атайын техника алуу | 30000 | июль | Ботобаев.К АРИС |
8 | “Бурана” жайытындагы чуӊкурларды, аӊдарды оӊдоо, толтуруу, түзѳтүү жумуштарын бүткѳрүү. | 5000 | Октябрь | Тургунбеков.У. ЖПБ |
9 | Терс айылына мал суу ичүүчү жай куруу | 5000 | октябрь | Сманова.Н АРИС |
Бардыгы; | 83000 |
|
| |
Ж.П.Б. тѳрагасы | К. Райымбеков |