Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-1
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялардын жана шаардык Кеңештин 2017-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2017-жылга карата түзүлгөн иш пландарын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IVкезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2017-жылга карата түзүлгөн иш пландыры эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2017-жылга карата түзүлгөн иш пландыры №1, №2, №3, №4 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин аппарат жетекчисине жана туруктуу комиссияларынын төрагалары (Токтоназаров К.Ю.,Базарбаев К.С.,Малабеков Т.Э.),шаардык Кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарына ылайык иш алып барылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары (А.М.Мурзамаметовко) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К. Барбиев |
| Тиркеме 1 |
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН 2017-ЖЫЛГА КАРАТА ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Жооптулар |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
|
1 | Шаардык кеңештин жана туруктуу коммиссиялардын 2017-ж. карата иш пландарын кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Жооптуу катчы, Туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары |
2 | 2016-жылга Майлуу-Суу шаардык бюджеттин киреше,чыгашасынын аткарылышын кароо жөнүндө” | 1-квартал | МС гор.ФО жана бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
3 | “ 2017-жылга бюджетти бекитүү жана 2018-2019-жылдарга прогнозу жөнүндө” | 1-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
4 | Мэрдин 2016-жыл жыйынтыгы боюнча отчетун угуу жөнүндө | 1-квартал | Мэр |
5 | 2016-жылда өткөрүлгөн тендерлер боюнча отчет жана 2017-жылы боло турган тендерлер боюнча маалымат | 1-квартал | УМС, Мэрия |
6 | Майлуу-Суу шаарынын 2016-жылы шаардын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү мекемесинин аткарган иштеринин отчетун угуу жөнүндө | 1-квартал | УМС,ГЖЗС, Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
7 | “Шаарсууканал” ишканасынын отчету жана проект боюнча кандай иш аткарылгандыгы тууралуу маалымат жөнүндө | 1-квартал | Мэрия,Шаарсууканал |
8 | “Бедире-Сай” жана “Кашка-Терек” ТОСторунун 2016-жылга отчету жөнүндө | 1 -квартал | ТОС “Бедире-Сай”,“Кашка-Терек” |
9
| Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылы аткарыла турган жумуштардын титулдук тизмесин бекитүү | 2-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
10
| Майлуу-Суу муниципалдык менчик башкармалыгынын аткарган иши боюнча отчетун угуу жөнүндө | 2-квартал | Мэрия,УМС |
11 | Шаардын тазалыгын жана көрктөндүрүү маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме иш каналардын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө | 2-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
12 | Шаардын мэри бир жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүгүү планын өткөрүү боюнча отчетун угуу жөнүндө | 2-квартал | Мэр |
13 | Майлуу-Суу шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын иши жөнүндө | 2-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
14 | Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жана ички иштер бөлүмүнүн жана өспүрүмдөр менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө | 2-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
15 | 2017-жылдын I кварталында бюджеттин аткарылышын кароо жөнүндө | 2-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
| Майлуу-Суу шаарынын маданият бөлүмүнүн иштеринг кароо жөнүндө | 2-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
16 | 2017-2018-жылы мектептерди жана окуу жайларды даярдоо жөнүндө | 3-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
17 | Майлуу-Суу шаарынын мэринин 6 айлык отчетун угуу жөнүндө | 3-квартал | Майлуу-Суу шаарынын мэри |
18 | 2017-жылдын 2 кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн тактоо жана иретке келтирүү жөнүндө | 3-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
19 | 2017-2018-жылдарга коммуналдык мекеме мэрдин кышка даярдык тууралуу маселелерин кароо жөнүндө | 3-квартал | Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
20 | Шаардын саламаттыкты сактоо мекемесинин иши (жугуштуу оорулар тууралуу маалымат жана ага каршы күрөшүү) жөнүндө
| 4-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
21 | Шаардын аймагында кышка крата аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жөнүндө | 4-квартал | Өнөр-жай, транспорт, коммуналдык чарба,энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
22 | 2017-2018-ж.III кварталынын шаардын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
23 | Шаардын аксакалдар сотунун аткарган иштери жөнүндө | 4-квартал | Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
24 | Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын отчету жөнүндө
| 4-квартал | Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссия,Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
II | Практикалык иш чаралар |
|
|
1 | Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү, аткарылган иштер боюнча отчет берүү жана шайлоочуларды кабыл алуу | График боюнча | Депутаттык фракциялар, партиялардан шайланган депутаттар |
2 | Сессияда карала турган маселелерди жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш планы боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
3 | Шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышын жерине чыгуу менен көзөмөлдөө | Ай сайын | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
4 | Маанилүү маселелер боюнча калк арасында коомдук угуларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
5 | Иш планында белгиленген маселелерди өз убагында кароо | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар |
6 | Башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга, тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
7 | Ар бир иш сапардан кийин, анын жыйынтыгы боюнча отчет даярдап тапшыруу | Дайыма | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
8 | Шаардык кеңештин депутаттарынын билим дээңгелин жогорулатуу максатында, тиешелүү адистерди чакыруу менен депутаттык окууларды өткөрүү | Зарылдыгына жараша | Шаардык кеңештин аппараты |
9 | Шаарда өткөрүлгөн массалык маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
10 | Сессияга даярдалган документтерди өз убагында көбөйтүп, депутаттарга жеткирүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
11 | Сессиянын жүрүшүндө айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды жалпылоо жана аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга жана тиешелүү мекемелерге жөнөтүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө | Ар сессиядан кийин | Шаардык кеңештин аппараты |
12 | Шаардык кеңеш кабыл алган токтомдорду жана алардын аткарылышы тууралуу маалыматтарды шаардык кеңештин вэб-сайты аркылуу калкка жеткирип туруу | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
13 | Шаардык кеңешке келип түшкөн каттарды,арыздарды жана башка документтерди өз убагында каттоо кароо жана аткаруу, ошондой эле жообун кат, арыз ээлерине билдирип туруу | Ар дайым | Туруктуу депутаттык комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
Эскертүү:
Ченемдик укуктук мүнөздүү эмес маселелер демилгечи менен Майлуу-Суу шаардык кеңешинин кароосуна сессиянын башталышына 20 күн калганда киргизилет же туруктуу комиссиялардын иш планына киргизилиши мүмкүн.
Аппарат-жетекчи | Р.А.Колдаров |
| Тиркеме 2 |
Бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
1 | Туруктуу комиссиясынын 2017-жылга иш планын кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал |
2 | Майлуу-Суу шаарынын 2016-жылга чыгымдар бөлүгүн тактоо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал |
3 | Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү 2017-2018-жылдарга прогнозун түзүү жөнүндө | 1-квартал |
4 | Майлу-Суу шаарынын 2017-жылга көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери боюнча титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө | 2-квартал |
5 | 2014-жылдын 1-кварталы боюнча шаардык бюджеттин аткарылышын кароо маселеси жөнүндө | 2-квартал |
6 | Майлуу-Суу шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын иши жөнүндө | 2-квартал |
7 | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү планын өткөрүү боюнча отчетун угуу | 2-квартал |
8 | 2014-жылдын 2-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу | 3-квартал |
9 | 2014-жылдын 3-кварталынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу | 3-квартал |
10 | Депутаттардын өздөрүнүн шайлоочуларынын алдындагы отчеттору | Дайыма |
11 | Арыздар жана катар мене ниш алып бару жөнүндө | Дайыма |
12
| Депутаттардын наказдары жана алар тараптан койгон маселелер боюнча чечим кабыл алуу жөнүндө | Дайыма |
13
| Ишмерлерди текшерүү боюнча ГНС,СЭСтер менен бирдикте рейдтерди төмөнкү маселелер боюнча аткаруу: -Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө; -Потенттердт жалпы баардык жеке ишкерлердин камсыз болушун көзөмөлдөө; - Сатуу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдөө; - Сатылуучу товарлардын сертификаттарынын бардыгын көзөмөлдөө; - Спирттик ичимдиктерди сатууга уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын көзөмөлдөө; - Касса аппаратын туура колдонуу маселелерин көзөмөлдөө. | Дайыма |
Комиссиянын төрагасы | М.А. Токтабаев |
| Тиркеме 3 |
Өнөр-жай,транспорот,коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода -сатык боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
1 | Туруктуу комиссиянын 2017-жылдын иш планын кароо жана бекитүү жөнүндө. | 1-квартал |
2 | Майлуу-Суу шаарынын 2016-жылдын чыгымдар бөлгүн тактоо жөнүндө | 1-квартал |
3 | Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
| 1-квартал |
4 | Майлуу-Суу шаарынын 2017-ж.шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин боюнча титулдук тизмесин бекитүү | 1-квартал |
5 | 2016-2017-ж.күзгү-кышкы дарактардын негизинде кыштоонун жүрүшү жөнүндө | 1-квартал |
6 | Шаардын муниципалдык мекемелеринин тизмесин тактоо | 1-квартал |
7 | 2016-жылда канча кишиге батир берилгенин жана канча муниципалдык батир калгандыгы аныктоо жөнүндө |
1-квартал |
8 | Жер алууга арыз жазган шаар тургундарынын арыздарынын эмне себеп менен аткарылбагандыгын чечүүгө комиссия түзүп кароо |
1 -квартал |
9 | Майлуу-Суу муниципалдык менчик боюнча башкармалыгынын аткарган иши боюнча отчетун угуу | 2-квартал |
10
| Шаардын тазалыгы,көрктөндүрүү,жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме иш каналардын жүргүзгөн иштери жөнүндө |
2-квартал |
11 | 2017-жылдын 1-кварталынын шаардык бюджетин аткарылышын кароо маселеси | 2-квартал |
12
| Майлуу-Суу шаардык “Бедире-Сай”, “Кашка-Терек” аймактык коомдук өз алдынча башкаруу бөлүктөрүнүн аткарган иштери жөнүндө |
2-квартал |
13
| Шаарды жашылдандыруу жана жакшыртуу боюнча 2 айлыгынын жүрүшүн жыйынтыгын кароо |
2-квартал |
14 | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү планын өткөрүү боюнча отчетун угуу |
3-квартал |
15 | 2017-жылдын 3-кварталынын шаардын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткаруу жана тактоо | 3-квартал
|
16 | 2017-2018-жж.коммуналдык мекемелерди кышка даярдоо маселеси | 3-квартал
|
17 | Шаардын аймагында кышка карата аткарылып жаткан иштердин жүрүшү жөнүндө | 4-квартал |
18 | 2017-жылдын 3-кварталынын шаардын бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарылышын кароо жөнүндө | 4-квартал |
19 | Депутаттардын өзүлөрүнүн шайлоочуларынын алдындагы отчету | 4-квартал |
20 | Арыз ,каттар боюнча иш алып баруу жөнүндө | 4-квартал |
21 | Депутаттардын наказдары жана алар тараптан койгон маселелер боюнча чечим кабыл алуу | 4-квартал |
22 | Ишмерлерди текшерүү боюнча УГНС,СЭСтер менен бирдикте рейдтерди төмөнкү маселелер боюнча аткаруу: Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын камсыздоо; Патенттерди жалпы,жеке ишкерлердин камсыз болушун камсыздоо; Сатуу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдө; Сатылуучу товарлардын сертификаттарынын бардыгын көзөмөлдө; Спирт ичимдиктерин сатуугу уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын көзөмөлдө. | 4-квартал |
Комиссиянын төрагасы | Т.Э. Малабеков |
| Тиркеме 4 |
Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча комиссиясынын 2017-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү |
I | Сессияда кароо үчүн киргизүүчү маселелер |
|
1 | Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылга чыгымдар бөлүгүн тактоо жөнүндө | 1-квартал |
2 | 2017-жылга шаардык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарын тактоо,кароо жана бекитүү жөнүндө | 1-квартал |
3 | Майлуу-Суу шаарынын 2017-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
| 1-квартал |
4 | Мэрдин бир жыл ичинде шаардык социалдык-экономикалык өнүгүү планын өткөрүү боюнча отчетун угуу жөнүндө | 1-квартал |
5 | Майлуу-Суу шаарынын 2017-ж.шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү маселесин кароо 2016-жылдын жасалган жумуштарынын отчетун угуу | 1-квартал |
6 | Жаштар комитетинин иш чараларын коргоо жөнүндө | 2-квартал |
7 | Аксакалдар төрагасы жана ошондой эле сотунун 2017-жылга чейин жасаган жумуштарын кароо жөнүндө | 2-квартал |
8 | Шарыбыздын мекеме иш каналарына пандус перила орнотуу боюнча | 2 -квартал |
9 | Шаардын тазалыгы жана көрктөндүрүү маселелери боюнча шаардын аймагындыгы мекеме иш каналардын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө жана сай боюнда таштанды (мусор)төгүлгөн жерди ашар жолу менен тазалоо тууралуу
| 2-квартал |
10 | Айыл Өкмөт Сары-Бээ,Көк-Таш иш чараларын кароо | 2-квартал |
11 | 2017-ж.2-кварталынын шаардын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн тактоо жана аткаруу | 3-квартал |
12 | 2017-2018-окуу жылдарына окуу жайларды жана мектептерди даярдоо боюнча (китеп кана,муз.мектеп). | 3-квартал |
13 | Шаарыбыздын коопсуздук боюнча иш чараларды уюштуруу.Диний иш чаралар боюнча участковый милицияны угуу | 3-квартал |
14 | Шаардын саламатты сактоо мекемелеринин ишин кароо жөнүндө | 4-квартал |
15 | Арыз жана каттар менен иш алап баруу | дайыма |
16 | Депутаттардын талаптары боюнча чечим кабыл алуу | дайыма |
17 | Салык,абоненттер менен иш алып баруу | дайыма |
18 | Сатуу жерлердин санитардык абалын көзөлдө жөнүндө | дайыма |
19 | Сатылуучу товарлардын сертификаты бардыгын текшерүү жөнүндө | дайыма |
20 | Дүкөндөрдүн иштөө убактысын кароо жөнүндө | дайыма |
Комиссиянын төрагасы | Базарбаев К.С. |