Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 23/8
Исфана шаарынын Ноо-Данек көчөсүнө Тыныбеков Калботонун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын Ноо-Данек көчөсүнө Тыныбеков Калботонун ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 7-беренесине жана Исфана шаардык Кеңешинин “Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу объектилердин аталыштарын берүү жана жаныча аталыш берүү жөнүндө” Жобосуна ылайык Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын Ноо-Данек көчөсүнө Тыныбеков Калботонун ысымы ыйгарылсын.
2. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |