Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 25/4
Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө
Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10- беренелерине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушу үчүн Исфана шаарынын чыгыш тарабындагы участогунун курулуш иштерин жүргүзүү үчүн шагал карьерин убактылуу ажыратып берүү үчүн №615-контурдан 1,5га, №617-контурдан 1,5га өнөр жайынын, транспорт, байланыштын, коргонуунун жерлерин жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. №743-контурдан 0,10га, №210-контурдан таштандыларды таштоо үчүн 3,0га, №341-342-контурларынан 0,50га, №645-, 534-, 533-, 532-, 122-контурларынан 6.0га өнөр жайынын, транспорт, байланыштын, коргонуунун жерлерин жана башка багыттагы жерлер категориясына, №861-контурунан 0,20га, №346-контурунан 0,50га, №212-контурунан 0,70га айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына, №516-517 контурларынан 3,0га калктуу конуштардын (шаар тибиндеги поселоктордун жана айылдык калктуу конуштардын) жерилеринин категориясына, жалпы 17,0 га жайыт жерлерин которууга макулдук берилсин. (Экспликация тиркелет)
3. Исфана жайыт комитетине караштуу 17 га жайыт жерлерин трансформациялоо жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, “СУЛЕЙ-инфо” коомдук эркин гезитине жарыялансын жана Кызгыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 25/4- токтомуна тиркеме |
Исфана шаарынын карамагындагы жайыт жерлердин тандалган жер участогунун
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
Катар № | Контур № | Бардык жер, га | Анын ичинен , га | Эскертүү | |||
Кайрак айдоо | Таштак жайыт | Чөп чабынды | Жараксыз жерлер | ||||
1 | 743ч | 0,10 | - | 0,10 | - | - |
|
2 | 516-517ч | 3,0 | - | 3,0 | - | - |
|
3 | 861ч | 0,20 | - | 0,20 | - | - |
|
4 | 615-617ч | 3,0 | - | 3,0 | - | - |
|
5 | 210ч | 3,0 | - | 3,0 | - | - |
|
6 | 346ч | 0,50 | - | 0,50 | - | - |
|
7 | 341-342 | 0,50 | - | 0,50 | - | - |
|
8 | 212 ч | 0,70 | - | 0,70 | - | - |
|
9 | 645,534,533,532,122 | 6,0 | - | 6,0 | - | - |
|
| Бардыгы | 17,0 | - | 17,0 | - | - |
|
Жооптуу катчы | З.Н. Туяков |
Айыл чарба жана жер боюнча башкы адисинин м.а |
Х. Мамыров |