Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 26/2
Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө
Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө Исфана жайыт комитетинин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10- беренелерине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №413-контурдан 0,50га, №508-контурдан 0,50га балдар бакчасын куруу үчүн жана №810-контурдан 0,20га “Мегаком” мобилдик компаниясынын станциясын куруу үчүн онор жайынын, транспорт, байланыштын, коргонуунун жерлерин жана башка багыттагы жерлер категориясына, жалпы 1,20 га жайыт жерлерин которууга макулдук берилсин. (Экспликация тиркелет)
2. Исфана жайыт комитетине караштуу 1,20 га жайыт жерлерин трансформациялоо жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кенештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын №26/2 токтомуна тиркеме |
Исфана шаарынын карамагындагы жайыт жерлердин тандалган жер участогунун
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
№
| Контур № | Бардык жер га | Анын ичинен, га | Эскертуу | |||
Кайрак айдоо | Таштак жайыт | Чөп чабынды | Жараксыз жерлер | ||||
1 | 413, 508 ч | 1,0 | - | 1,0 | - | - |
|
2 | 810ч | 0,20 | - | 0,20 | - | - |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы | 1,2 | - | 1,20 | - | - |
| |
Жооптуу катчы | З. Туяков |