Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 30/2
Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 9-августундагы №27/11 токтомун жокко чыгаруу жана Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жонундо сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-10 пункттарына ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 9-августундагы №27/11 токтому жаны Жобо кабыл алынып жаткандыгына байланышту жокко чыгарылсын жана Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуунун тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын 2016-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXX сессиясынын №30/2 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаарынын аймагындагы үрп-адаттарды жана каада-салттарды жөнгө салуунун тартиби жөнүндө
ЖОБОСУ
Бул Жобо Исфана шаарындагы жана шаарга караштуу айылдардагы элдик каада-салтты, үрп-адатты жөнгө салуу максатында иштелип чыгылды.
Шаардагы жана айылдардагы тойлорду, ар турдуу кечелерди откоруу жана маркумду акыркы сапарга узатуу оз ара атаандашууга айланып, акыркы кармаган малдарын, жыйган-терген акча каражаттарын толук, ал тургай карызга алып сарптаган корунуштордун кобойуп бара жаткандыгына ар бирибиз кубо болуудабыз.
Тойлорду, белгилуу кундорду, ар турдуу кечелерди откоруу жана маркумду акыркы сапарга узатуу, аларды эскерууго байланыштуу каада-салттар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, шаардык Кенешинин чечимлеринин, шаар мэриясынын жана шаардык Кеңештин Уставдарынын (айыл мыйзамы) негизинде откорулушу талап кылынат.
Исфана шаарынын аймагындагы аймактык озун озу башкаруу комитеттеринин торагалары жана мучолору ушул Жобонун аткарылышын козомолго алып, оз аймактарында оз алдынча иш алып баруу укугуна ээ болушат.
1. Уйлонуу тойду откоруу:
Той бир кундо откорулот. Тойго эркектер үчүн саат 7.00дөн-10.00гө чейин, ал эми аялдар үчүн саат 10.00-16.00 чейин белгиленет..
Кудалар саат 14.00-16.00 чейин келет. Анын ичинде кийиз салды, тогуз табак, кудагый корду болот.
Кийиз салдыга эки женеси табак жасайт. Табактын акчасы 500 сомдон-1000 сомго чейин. Жасалган табака спирт ичимдиктери коюлбайт.
Куда-кудагыйга -1 корпо, 1-корпочо. Куйоо балага – 1 сыйра сарпай берилет.
Күйөө-Келин саат 16.00-18.00 чейин айланууга (ЗАГСка) чыгышат.
Күйөө-Келиндин айлануусуна видеосу менен 5 женил машине чыгат.
Мал союлбайт. Озунчо кафелерде отурушпайт.
Райондук ГААК бөлүмүнө барууга же айланууга чыгышканда, ошол жерде кичине стол даярдалып, жаштарга каалоолор айтылат, анан шаарды же айылды бир сыйра айланып эле Жаштардын кечесине (вечерге) келип отурат.
Жаштардын кечеси саат 18.00-23.00 чейин болот. Элдин саны 300дон ашпоосу керек.
Жаштардын кечесинде берилуучу белектер акчалай турундо тапшырылат, ошондой эле жоолук салып акча кыстыруу болбойт.
Куйоо балдарды машинадан тушуруу жагы токтотулат. Куйоолорду коноктогондо дастарконго спирттик ичимдиктер коюлбайт.
Куда таанышар жок.
Кулдукка 6 эркек, 6 аял барышат.Кулдукка 2 кой эле алып барат. Куда кудагыйга бир сыйра сарпай кийгизилет. Тууган уругуна сарпай жок.
Дастаркон акчасы жок. Орто пулу(акчасы) да жок.
Кызга той бергенде: 2 кой, 30 кг куруч, 200 нан, 10л май, 10 кг шириндик.
Кыздын калынына 50 000 сом жана 2 тай пахта берилет.
Макулдугусуз кызды ала качкан жигитти мыйзам чегинде жоопко тартылат.
Чомуч кармадыга кыз жактан 4 жеңеси гана келет.
Той болгон жерден 2 нандан ашык кешик алынбайт.
Коллективи жана классташтары той куну гана чакырылат.
Той-мааракелерде спирттик ичимдиктер коюлууга тыюу салынат.
Сабиз туурады жыйыны кундуз болот.
Уйлонуу тойдо нике окуган молдого мумкунчулугуно жараша ыраазы кылат.
Уйлонуу тойдо мумкунчулугуно жараша ар бир улуттун озунун улуттук кийимин кийуусу керек.
Мектеп жашындагы балдардын кечки саат 17.00 дон кийин тойдо болуусуна тыюу салынат.
Тойду жана Жаштардын кечесин алып барган тамадага кечени улуттук каада-салтты сактоо жана урматтоо менен маданиятуу өткөрүү жагы тапшырылат. 2000 сом акча берилет.
Тойду жана Жаштардын кечесинде кызмат кылган музыканттарга 3000-5000 сом акча берилет.
Тойлорду видео тасмага түшүргөн жана мантаждаган операторго 3000 сом берилет.
Тойлордо дастарконго коюлган тамак аштарды, шириндиктерди кешик турундо салып кетууго тыюу салынат.
«Кыз жыйды» той куну кыздын курбулары менен гана кундузу откорулот, ага Жигиттер жактан барганга болбойт.
Кийим кийгизуу бир сыйра гана куда-кудагыйга, куйоо бала менен кызга кийгизилет.
Нан сындырдыга куйоо бала тараптан 1 эркек, 1 аял барууга уруксат берилет.
Кыз корду куну акча ташталбайт. Келинге белек катары сервис берилет.
Кыз чакырдыда кыз жана бала тараптын мебелдин бериши эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлөт.
Кыз тарап корпо тошок кылат.
Кыз көрдү бир эле жолу болот.
Кудалар тарабынан бир-бирине, кыз жигитке майрамдык белек жөнөтүү аземине тыюу салынат
Кыздын артынан баргандарга сарпай беруу токтотулат
Озбек туугандарды 2 кап ун, 1 кап гуруч, 10 кг. май, 10 кг. шириндик берилет. Куйоо-келин саат 11.00-14.00 го чейин айланууга (ЗАГСка) чыгышат. Жаштардын кечеси саат 14.00-18.00го чейин болот. Элдин саны 300 дон ашпоосу керек.
Куйоо менен келиндин корпо тошоктору да кыскарат, сепке 2 корпо, 6 корпочо, 4 жуп жастык, 4 жуп балыш, 8 жакандоз. Тойдо 2 нандан ашык кешик алынбайт. Пакет беруу жок кылынат. Кудалар тарабынан кыз жигитке майрамдык белек жонотуу аземине тыюу салынат. Кыздын уйунон баргандарга сарпай беруу токтотулат. Спирттик ичимдиктерге тыюу салынат. Карнай сурнайга уруксат берилет. Эрте мененки намаздан кийин сурнай чалууга уруксат берилет.
Кыз-жигиттин никеси той болгон, келин кирген үйдө окулат
Шаардан тышкаркы айылдарда ар бир айылдын имамы никесин кыйууга уруксат берилет. Озбектерде келинди базарга алып тушпойт. Ата-энесине 50000 сом акча берилет. Тойлор аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын жана комиссиянын мүчөлөрүнөн катышуусу менен откорулот.
2.Суннот тойду откоруу
Той бир кундо откорулот
Тойдо белектер акчалай турундо берилет
Сарпай кийгизуу, балага ата-энесине бир сыйра берилет.
Алыстан келген конокторго сый тамак берилет.
Сабиз туурады жыйыны кундуз болот.
Тай атасы тараптан тойго тай, ноопаз алып бару токтотулат.
Супура салды болбойт
Тууган масилаат. Эн жакын туугандары менен комиссия мучолорунун катышуусунда болот.
Конок алыстан келген меймандарга гана берилет.
Той ээси аялдарга жоолук же материал таркатуусу жана акча тагуу токтотулат.
Спирттик ичимдиктер коюлбайт.
Суннөт тойдо улуттук ат оюндары, улутук күрөш берүү, спорттук оюндарды өткөрүүгө уруксат берилет. Берилүүчү салымдар той ээсинин мүмкүнчүлүгүнө жараша берилет. Атаандашууга жол берилбейт.
3.Бешик той, тушоо кесуу той, юбилей той, жээнтек тойлордун откоруу
Бешик тойдо кыздын ата-энеси бешикти жасап, бешиктин астына бир корпочо (тошок) кошуп берет.
Жаны торолгон наристеге, анын апасына бир сыйра кийим берилет.
Бешик тойго эки куданын жакын туугандары гана чакырылат.
Тойдо жоолук кол жоолук, акча берууго тыюу салынат.
Пенсия юблейлерди откоруу шартка жараша болот. Белектер акчалай турундо тапшырылат.
Тушоо кесуу тоюна жакын туугандарын чакырып, баланын тушоосун кесуу учун жаш балдарды гана чуркатып кесилет..
Спирттик ичимдиктерге тыюу салынат.
Бардык тойлордо музыка эрте менен намаздан кийин башталат, ал эми кечкисин саат 23.00 токтотулат
Бул салтанаттар Аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагалары менен макулдашуу аркылуу откорулот. Той бир кундо откорулот
5.Ажы тойлорду өткөрүү
Ажы сапарына барып келгендеги Ажы той “Зам-зам” суу ичүү, Ажынын батасын алуу менен чектелет, Сырттан келген меймандарга тамак-аш берилет.
6. Маркумду акыркы сапарга узатуу
Соок чыккан жерде маркумду жоктоп жакын туугандары аялдар белин байлап, эркектерге салла байлоосу токтотулат.
Маркумду жайга койгондон кийин ата-энеси, бир туугандары гана аза кийимин кийшет.
3 кунго чейин олгон жерге дастаркон салынбайт.
Соок чыккан кундору алыстан келген конокторго башка уйдон чай берилет.
Маркумду тунотор атайын салт катары колдонулбайт. Колго таяк кармалбайт.
Соок чыккан жерде өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша хадим откорууго уруксат берилет.
Кайрат беруужок кылынат.
Маркумдан башка айылда жашаган туугандары айылына барып кудайы откорот. Бир айылда болсо соок чыккан жерде откорот.
Кудайыга 40 жаштан жогору жаштагылар барат. Жаштар барбайт.
Кыркын кадими бир жумада откорот. Кайрат берилбейт. Аялдарга материал таркатылбайт.
Маркумду сууга алгандарды жана кабыр жайды казып даярдагандарды мүмкүнчүлүгүнө жараша ыраазы кылат
Нарвандын устуно бир чапан 2 метр материал жабылат.
Пеш жаназага 1 килем берилет. Андан ашыкча берилбейт милдеттуу эмес.
Маркумдун жылдыгы 1 жылда откорулот.
Сообу жаназа окуган молдолор мүмкүнчүлүгүнө жараша ыраазы кылынат .
Ак кийдиде (аза кишан) мал союлбайт. Мумкунчулугуно жараша откорулот.
Бууатинге сарпай берилбейт, мүмкүнчүлүгүнө жараша ыраазы кылат.
Маркумга жакын туугандары гана атагандарын алып келет.
Маркумдун 52 кундугу откорулбойт.
Маркумдун уйунон кешик алынбайт.
Жаназага материал алып бару жок, мумкунчулугуно жараша акча берилет.
Маркумдун уйуно дастаркон алып бару жок, мумкунчулугуно жараша акча беруусу абзел. Кудайы-кадим откоруу эрте менен 7.00-10.00 ге чейин эркектер, 10.00-16.00 гө чейин аялдар баруусу шарт.
Ар бир жума сайын бейшембилик откорулбойт.
Жобонун жыйынтыктоочу бөлүгү
-Тойлорду откоруу учун уруксат Исфана шаар мэриясы тарабынан аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагалары аркылуу берилет жана мечит тарабынан козомолдонот.
-тойканалардын, кафелердин, ашканалардын тойлорду, салтанаттарды жана башка маарекелерди өткөрүүдөгү наркы алардын ээлеринин, аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын катышуусу менен аныкталат жана ошол нарктын сакталышы көзөмөлгө алынат.
-ашыкча ысырапкерчиликке жол бербоо максатында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан жогоруда белгиленген маракелердин өткөрүлүшү көзөмөлгө алынат.
-видео тасмага түшүрүүчү оператордун, музыканттардын кызмат акы белгиленген өлчөмдө берилишин комиссия мүчөлөрү көзөмөлгө алышат.
-ушул Жободогу талаптардын бузулушуна жол берген той жана юблей кечелеринин ээлери, тойканалардын кожоюндары, видео тасмага түшүргөн операторлор, алып баруучулар, музыканттар, ошону менен бирге маркумду акыркы сапарга узатуудагы белгиленген тартипти бузгандар комиссия тарабынан аныкталса, алардын маселесин кароо Исфана шаар мэриясынын Аксакалдар сотуна берилет жана андан ары мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт.