Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 30/3
Исфана шаардык Кеңешинин «Ардак Грамотасы» жөнүндөгү Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин «Ардак Грамотасы» жөнүндөгү Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын 2016-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXX сессиясынын №30/3 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаардык Кеңешинин “Ардак Грамотасы” жөнүндө
ЖОБО
1. Исфана шаардык Кеңешинин Ардак Грамотасы (мындан ары – Ардак Грамота) жарандарга, жамааттарга, менчигинин түрүнө карабастан, мекемелерге жана уюмдарга, коомдук уюмдарга жана башка жарандык бирикмелерге шаардын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө, аны жакшыртууга, кошкон салымы, жергиликтүү жамааттын алдында сиңирген эмгеги жана башка сиңирген эмгектери үчүн берилүүчү, Исфана шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сыйлыгы болуп эсептелет.
2. Исфана шаардык Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйлоо боюнча тузулгон комиссия курамы шаардык Кенештин торагасынын буйругу менен бекитилет.
3. Комиссия өзүнүн отурумдарында Ардак Грамота менен сыйлоо жарыялоо жөнүндө сунуштамаларды, ошондой эле өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруучу маселелерди карайт.
4. Туура эмес жана тыкан эмес даярдалган сунуштамалар комиссияда каралбайт жана кайра иштелмелеп чыгууга жөнөтүлөт.
5. Ардак Грамоталарды берүүнү жарыялоо майрамдык иш-чараларга жана эскерүү күндөрүнө, юбилейлерге жана башка даталарга карата берилиши мүмкүн.
6. Жеке жана юридикалык жактарды Ардак Грамота менен сыйлоого сунуштамалар Исфана шаардык Кеңешинин төрагасынын наамына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
- мамлекеттик бийлик органдары жана башкармалыктар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- мекемелер жана уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан;
- расмий каттоодон өткөн коомдук уюмдар жана жарандык биримдиктер.
7. Ардак Грамота менен сыйлоо үчүн, сыйлануучуга ушул Жобого тиркелген № 1 формасы боюнча жетишкендиктери жана ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтыган сунуштама негиз болуп эсептелет.
8. Ардак Грамота менен сыйлоого сунушталган жактар үчүн төмөндөгү талаптар коюлат:
- сыйлоо жөнүндө өтүнмө, анын негиздери көрсөтүлүшү менен;
- айкын жетишкендиктерин жана шаар алдында эмгегин көрсөтүү менен, сунушталып жатканга жаранга кыскача мүнөздөмө;
- кесиптик майрам же маанилүү дата учурунда эмгек стажы кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес болуусу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек стажы тиешелүү кызматта 3 жылдан кем эмес болуусу.
9. Исфана шаардык Кеңешинин Ардак Грамотасы жөнүндө маалымат сыйлануучунун эмгек китепчесине жазылат.
10. Исфана шаардык Кеңешинин Ардак Грамотасы бир адамга эки жолу берилбейт.
11. Ардак Грамотанын бланктарын даярдоо жана сактоо укугу шаардык кеңешке гана таандык.
12. Ардак Грамоталар сыйлануучуларга шаардык Кеңешинин төрагасы же Исфана шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат.
13. Ардак Грамотаны эсепке алууну жана каттоону, Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы жүргүзөт.
14. Ардак Грамота менен сыйлоого жарыялоого сунуштамалардын саны мекеме, ишкана жана уюмдардагы кызматкерлердин жалпы санына жараша төмөндөгү тартипте белгиленет:
- 10-чейин – 1;
- 10дон 50-чейин – 5;
- 50дөн 100-чейин – 5;
- 100-жогору – 7.
15. Сыйлоо жөнүндө маселени кароо үчүн документтер Исфана шаардык кеңешине, сыйлоого чейин эки жумадан кем эмес мөөнөттө сунушталат.
16. Ардак Грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштамалар Исфана шаардык кеңешинин катчы – иш-кагаздарды жүргүзүүчүсүнө киргизилет, каттоодон өткөрүлүп Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына келип түшкөн күнү сунушталат.
17. Сыйлоо жөнүндө документтер Исфана шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы тарабынан атайын текшерүүдөн өтөт, зарылчылык болсо кошумча маалыматтар суралат жана сунуштама келип түшкөн күндөн баштап эки жуманын ичинде, сыйлоо жөнүндө буйруктун долбоору даярдалат.
18.Исфана шаардык Кеңеши өз демилгеси боюнча жарандарды, мамлекеттик органдарды, уюмдарды Ардак Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл ала алат. Мындай учурда ушул Жобонун 6,7, пунктунда көрсөтүлгөн документтер талап кылынбайт.
№ 1 форма
СЫЙЛОО БАРАКЧАСЫ
1. Сыйланучуунун фамилиясы, аты, атасынын аты ________________________________
2. Өздүгүн күбөлөндүргөн документ (сериясы, номуру)_____________________
3. Ээлеген кызмат орду, иштеген жери (уюмдун, мекеменин, ишкананын атын туура көрсөтүү)________________________________________________________
4. Туулган жери жана жылы____________________________________________
5. Улуту__________________________
6. Билими (эмнени, кайсы жерде жана качан бүткөн)_______________________
___________________________________________________________________
7. Илимий, кесиптик наамы, класстык чини_______________________________
___________________________________________________________________
8. Жалпы эмгек стажы_____________________________________________жыл
анын ичинен:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы эмгек стажы___________жыл
- ушул жамааттагы эмгек стажы ____________________________________жыл
9. Үйүнүн дареги, телефону _____________________________________________
10. Исфана шаардык Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйлоого көрсөтүлөт.
11. Сыйлануучунун өндүрүштүк мүнөздөмөсү жана аталган чөйрөдө өзгөчө жетишкендиктери __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Исфана шаардык Кеңешине сыйлыкка көрсөтүү чечими кабыл алынды ______________________________________________________________________(сыйланучуунун Ф.А.А., элеген кызматты)
Жетекчи
____________________________ ________________
(Аты – жөнү, фамилиясы) (колу) М.О.
«_____»_______________20___ж.