Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 30/6
Исфана шаарынын 2017-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) улуштук гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлорду бекитүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарын 2017-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) улуштук гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлорду бекитүү жөнүндө сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын 2017-жылга карата өнүктүрүү планына (СРС) улуштук гранттардын эсебинен каржылоого сунушталуучу долбоорлор тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын 2016-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXX сессиясынын №30/6 токтомуна тиркеме. |
Үлүштүк гранттын эсебинен каржылоого сунуштоо үчүн долбоорлордун
ТИЗМЕСИ
№ | Мекеменин, социалдык обьекттин аталышы | Долбоордун аталышы | Жалпы суммасы | Стим грант | өздүк салым |
1 | Тайлан айылдык ФАП | Тайлан айылында ФАПтын имаратын кайра куруу. | 3 614 140 | 2 891 290 | 722850 |
2 | Ысык-Көл орто мектеби | Ысык-Көл орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоо жана мектеп аймагын абаттоо | 3 100 074 | 2 480 059 | 620015 |
3 | Т.Жапаров атындагы орто мектеби | Т.Жапаров атындагы орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык оңдоо | 3 533 417 | 2 826 717 | 706700 |
|
| Бардыгы | 10 247 631 | 8 198 066 | 2 049 565 |
Жооптуу катчы | З.Н. Туяков |