Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 30/8
Исфана шаарынын 2016-жылга Өнүгүү планына (СРС) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарын 2016-жылга Өнүгүү планына (СРС) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын 2016-жылга Өнүгүү планына (СРС) тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |
| Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын 2016-жылдын 26-октябрындагы кезектеги XXX сессиясынын №30/8 токтомуна тиркеме |
2016-жылдын өнүгүү программасынан чыгарылуучу иш-чаралардын
ТИЗМЕСИ
№ | Иш-чаранын аталышы | Керектелүүчү каражат (миң сом) | Чыгаруунун себептери |
1 | Жаны Конуш учаскасын жана Восточная кочолорун таза суу менен камсыз кылуу жана суу тутукторун орнотуу | 300,0 | Аба-ырайына байланыштуу |
2 | Исфана шаарына аялдамаларды куруу | 1000,0 | Аба-ырайына байланыштуу |
3 | Додосьян жана Салам Бава кочолорун байланыштырган тепкичтерин ремонтоо 2 жерде | 200,0 | Аба-ырайына байланыштуу |
4 | Самат айылынын Калта кол участкасындагы ГСВны ремонттоо | 550,0 | Аба-ырайына байланыштуу |
5 | Кара-Таш айылына ФАП куруу | 2000,0 | Аба-ырайына байланыштуу |
6 | Исфана шаар мэриясынын алдындагы Лейлек тазалык муниципалдык ишканасына жук салуучу трактор алуу | 2500,0 | Бюджеттин тартыштыгынан |
7 | Исфана шаарына мал союучу цех куруу | 1000,0 | Жеке ишкердин мүмкүнчүлүгү жоктугунан |
| Бардыгы: жети иш-чара | 7550,0 |
|
2016-жылдын өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү үчүн иш-чаралардын
ТИЗМЕСИ
№ | Иш-чаранын аталышы | Керектелүүчү каражат (миң сом) | Каржылоо булактары |
1 | Исфана шаарынын Чынар, Жаңы-Конуш участкаларына жана Ак- Булак айылына электр мамыларын орнотуу жана чубалгыларын тартуу | 1064,0 | Жергиликтүү бюджет |
2 | Наристе балдар бакчасынын короосун асфальттоо | 600,0 | 216,0 – жерг.б. 384,0 – жеке менчик |
3 | Кара-Таш - Беш-Бала таза суу түтүктөрүн орнотуу | 638,7 | Жергиликтүү бюджет |
4 | Исфана сайга жана Самат айылында селге каршы таш дамбаларды куруу | 6600,0 | Республикалык бюджет |
5 | Ош-Исфана автожолунун 337-км. “Алтын-Көпрөө” мостун капиталдык оңдоо жана кеңейтүү | 8000,8 | Республикалык бюджет |
6 | Мурза-Патча айылында сугат суу түтүктөрүн куруу | 335,4 | Кызыл Ай коому |
7 | Исфана шаарына заманбап тойкана, ресторан куруу | 10000,0 | Жеке ишкер |
| Бардыгы: | 27238,9 |
|