Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-февралы № 4/3
Балыкчы шаарындагы № 2 “ Жомок” бала бакчасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин токтому менен бекитилип берилген типтүү жобонун негизинде, мектепке чейинки балдарга тиешелүү тарбия берүү жана кам көрүү, балдардын жекече, өз алдынча чыгармачылык өсүшүн камсыздоо максатында №2 “Жомок” бала бакчасынын Уставын карап талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 2 “ Жомок ” бала бакчасынын Уставы бекитилсин. (№1 тиркеме)
2. Балыкчы шаарындагы № 2 “Жомок” бала бакчасы - Кулакунов көчөсүндөгү № 39 дареги менен.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бардык финансалык чыгымдарын тиешелүү деңгээлде карап, камсыздоо жагы Балыкчы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтом “Балыкчы” газетасына жана интернет сайттарына жарыялансын.
5. № 2 “ Жомок” бала бакчасынын бекитилген Уставы Ысык-Көл облусттук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
7. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнө жана шаардык Кеңештин башкы адиси К. Орузбаевага тапшырылсын.
Төрага | К.Р. Сартбаев |
«Макулдашылды» Балыкчы шаардык мэриясы “______”_____________2017-жыл
| «Бекитилди» Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVII _________чакырылышынын VIII сессиясынын №4/3 токтому “______”__________2017-жыл |
“Макулдашылды”
Балыкчы шаардык
Билим берүү бөлүмү
“______»________ 2017-жыл
УСТАВ
№2 «Жомок» бала бакчасы
Балыкчы шаары
Кулакунов көчөсү 39
Жалпы жоболор
1.1 Мектепке чейинки мекеме, аталуучу №2 “Жомок” бала бакчасы мындан ары Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.11.2012-жылдагы №765 токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө” типтүү жобо жана Кыргыз Республикасынын укуктук актыларына ылайыкталып түзүлөт.
- №2 “Жомок” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин уюштуруучусу
Балыкчы шаардык өз алдынча башкаруусу мэриясы болуп саналат.
1.2 Мектепке чейинки №2“ Жомок” бала бакчасынын юридикалык дареги:
Кыргыз Республикасы,
Ысык-Көл областы,
Балыкчы шаары,
Кулакунов көчөсү 39
1.3 Уюштуруучулар: Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу - мэриясы
Юридикалык дареги : Абдрахманов көчөсү 252,
1.4 №2 “Жомок” бала бакчасы –өзүнүн билим берүү , укуктук жана чарбалык экономикалык ишин “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобонун ”, “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багып кароо” мамлекеттик билим берүү стандартына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана уюштуруучу менен мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ортосундагы келишимге жана уставка ылайык жүргүзүлөт.
1.5 №2 “Жомок” бала бакчасы төмөдөгүдөй негизги максаттарын жана милдеттерин ишке ашырат:
- ар бир бала мектепке чейинки сапаттуу билимди алышы үчүн шарттарды түзүү , - балдардын дене бой жана психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо
- ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын дене бой , интеллектуалдык жана инсандык жактан өнүктүрүү, балдарды үй бүлөдө тарбиялоого кепилдик берген жардамды көрсөтүү.
1.6 Мектепке чейинки билим берүү , балдарды багуу баланы таанып –билүү жана интеллектуалдык жактан өнүктүрүү:
Баланы социалдык адаптациялоого :
Атайын муктаждыктары бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү) балдар менен коррекциялык –педагогикалык ишти жүргүзүү
Балдарды мектепке даярдоо
1.7 № 2 “Жомок» бала бакчасы мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик стандарттын негизинде иштелип чыккан мамлекеттик вариативдик , автордук билим берүү программалары менен иштейт.
1.8 №2 “Жомок”” бала бакчасы мектепке чейинки мекемелердин типтүү жобосунун негизинде 2-7 жаштагы мектепке чейинки курактагы балдарды окутат жана тарбиялайт, жеке жөндөмдүүлүгүн өстүрөт, ой жүгүртүүсүн , ден соолугун чыңдоого , психикасын калыптандырууга багытталган иш чараларды жүргүзөт.
1.9 №2 “Жомок” бала бакчасы юридикалык мекеме болуп саналат , анын өз алдынча балансы , өзүнчө мүлкү , банктык жана башка кредиттик мекемелерде алыш бериш , валюталык жана башка эсептери жүргүзүлөт.
Өзүнүн аталышы бар мөөрү жана штампы, бланктары жана башка реквизиттери болот.
1.10 №2 “Жомок” бала бакчасы катталган учурдан тартып билим берүү процессин даярдоого багытталган уставдык финансылык , чарбалык ишти жүргүзүү жагынан юридикалык укукка болот.
2.Педагогикалык процесс
2.1 Бала бакча төмөнкүлөрдү карайт:
-Атайын уюштурулган билим берүү формасындагы сабактарды , ошондой эле балдардын жекече жана биргелешкен ишмердигин оптималдуу айкалыштыруу менен оюн , чагармачылык ишти
2.2 Бала бакчанын билим берүү процесси жылдык , календардык ,тематикалык пландар , сабактардын расписаниеси менен жөнгө салынат.
2.3 Окутуп тарбиялоо кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
2.4 Бала бакча “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы ,Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандарты жана башка ченемдик укуктук акты-ларында аныкталган чектерде окутуу жана тарбиялоо формаларын , каражаттарын жана ыкмаларын өз алдынча тандайт.
2.5 Бала бакча мамлекеттик билим берүү стандарттартынын талаптарынан тышкары балдарды өнүктүрүүнүн багыттары боюнча ишти уюштурат.
3.Мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишин башкаруу тартиби
3.1 Бала бакчаны башкаруу демократиялуулук , ачыктык , кесипкөйлүк принциптеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3.2 Бала бакчаны түздөн түз жетектөөнү жана аны башкарууну бала бакчанын директору ишке ашырат.
3.4 Педагогикалык ишке кызмат орду жана алган адистиги боюнча билими жогорку , талаптарга ылайык келген билими жөнүндө документтер менен ырасталган , зарыл кесиптик педагогикалык атайын орто , жогорку билими бар адамдар кабыл алынат.
3.5 Педагогикалык ишке соттолгон ,же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тизмеси аныкталган , медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол берилбейт.
3.6 Бала бакчага кабыл алынган педагогикалык кызматкерлердин билимин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
3.7 Педагогикалык ишмердүүлүктү башкаруу бала бакчада педагогикалык кеңеш аркылуу ишке ашырылат.Бала бакчадагы педагогикалык кеңешке бардык педагогдор кирет. Педагогикалык кеңеш 3төн кем эмес педагогикалык кызматкер бар болгон учурда түзүлөт. Педагогикалык кеңешке добуш берүү менен бала бакчанын башка кызматкерлери да кире алат. Педагогикалык кеңештин төрагасы ачык добуш берүү менен шайланат.
3.8 Бала бакчанын жетекчиси (директору)
- Өзүнүн функциялык милдеттеринин чектеринде бала бакчанын иши үчүн мамлекеттин , коомдун жана уюштуруучунун алдында жоопкерчиликте болот.
- Кызматкерлер аткарууга милдетүү болгон буйруктарды , тескемелерди жана башка актыларды чыгарат
- Бардык мамлекеттик , муниципалдык , коомдук уюмдарда , мекемелерде , ишканаларда бала бакчанын атынан өкүлчүлүк кылат жана ишеним катсыз иш жүргүзөт.
- Бала бакчанын мүлкүн жана каражаттарын тескейт
- Кредиттик банктык мекемелерде эсептерди ачат , ишеним кат берет.
- Педагогикалык кадрларды жана тейлөөчү персоналды тандайт, ишке кабыл алат жана жайгаштырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерин иштен бошотот , аларды жазалайт жана сыйлайт
- Штаттык санын түзөт
- Бала бакчанын атынан келишимдерди түзөт, анын ичинде бала бакча менен ар бир баланын ата энесин (аларды алмаштырган адамдардын ) ортосундагы келишимди түзөт
- Бала бакчалардын тарбиялануучуларынын контингентин түзөт
- Билим берүү программаларын турмушка ашыруу үчүн шарттарды түзөт
- Балдардын курагына , ден соолук абалына , жекече өзгөчөлүктөрүнө ылайык Уставда белгиленген тартипте аларды кабыл алат жана топторду балдар менен толуктайт
- Мектепке чейинки билим берүү маселелери боюнча тарбиялануучулардын үй бүлөлөрү, коомдук уюмдар , башка билим берүү мекемелери менен өз ара байланышты ишке ашырат
- Уюштуруучуга жана коомчулукка иши жөнүндө отчет берет
3.9 Мектепке чейинки билим берүү уюмун коомдук башкаруу үчүн, мектепке чейиинки билим берүү уюмунунда көзөмөлдүк кенеш түзүлүшү мүмкүн, Анын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен көзөмөлдүк кылуучу кеңеш жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
4.Мектепке чейинки билим берүү уюдарынын милдеттери жана жоопкерчилиги
4.1 бала бакча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөндөгүдөй жоопкерчилик тартат
- Балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузгандык
- Мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткарбагандык
- Ченемдик укуктук актыларда аныкталган функцияларды аткарбагандык
- Билим берүү программаларын ишке ашыруунун сапатын жана көлөмүн камсыз кылбагандык
- Тарбиялоо билим берүү процессин уюштурууда колдонулган формалардын , ыкмалардын жана каражаттардын балдардын курактык , психикалык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө , ынтаасына , жөндөмүнө , таламдарына жана муктаждарына шайкеш келбегендиги
- Балдар бала бакчада жүргөн учурда алардын жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугу
4.2 Мектепке чейинки билим берүү уюмунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет
- Мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты, мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу
- Мектепке чейинки билимди алууга балдардын муктаждыктарын канаттандыруу
- Санитардык гигиеналык талаптарга ылайык балдарды тарбиялоо , окутуу жана өнүктүрүү үчүн коопсуз шарттарды түзүү жана бул талаптарды аткаруу
- Балдарда гигиеналык адаттарды жан сергек жашоо адатын , негиздерин , коопсуз жүрүш туруш ыкмаларын калыптандыруу.
- Балдардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү
- Балдарды багып , кароо
- Балдарды алардын курагына жан тамак аш азыктарын керектөөсүнүн физиологиялык ченемдерине ылайык келген тамак менен ткамсыз кылуу
- Ата энелер (мыйзамдуу өкүлдөр ) өз ара байланышта болуу
- Мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө психологиялык педагогикалык билимдерди ата энелердин арасында жайылтуу.
-Мектепке чейинки билим берүүнүн мамлекеттик стандартына ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдардын топторун комплектөө
- Финасылык тартипти сактоо , материалдык техникалык базаны сактоо
4.3 Мектепке чейинки билим берүү ишин жана натыйжаларын мониторингдөө жана контролдоо тартиби мектепке чеийинки билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен аныкталат.
5.Финансылык чарбалык иши
5.1 Муниципалдык бала бакчаны каржылоо мамлекеттик жана жергиликтүү финансылоо ченемдеринин негизинде жүргүзүлөт
5.2 Бала бакча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган акы төлөнүүчү кошумча билим берүү (стандарттан жогору ) жана ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүүгө укутуу.
5.3 Мектепке чейинки билим берүү уюмуна бюджеттен тышкары каражаттарды тартуу
5.4 Бала бакчада ийримдерди , клубдарды , спорттук жана башка бирикмелерди уюштурууга каражаттарды бөлүүгө укуктуу.
5.5 Бала бакчанын мүлкүн жана финансылык каражаттарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы берген каражаттар
- Бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттар , Республикалык жана жергиликтүү , анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жан бала бакчанын Уставында белгиленген тартипте акы алуудан келип түшкөн каражаттар.
Ата - энелерден тамак аш азыктары үчүн айлык мүчөлүк акы Балыкчы шаардык кеңешинин сессиясында бекитилет.
- Жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу берген каражаттары бала бакчанын муктаждыктарына жумшалат.
- Бала бакчанын материалдык техникалык жана окуу базасын колдоо максатындагы ата энелердин мүчөлүк акысы 544 сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.12.2001 жылдагы №775 токтому менен бекитилген.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар
5.6 Бала бакчанын өзүнө бекитип берилген менчиктин сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылашы үчүн жооп берет.
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу
6.1Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу , эреже каттары окуу жылынын аягында жүргүзүлөт.Уюштуруучу балдардын ата энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча аларды башка мектепке чейинки билим берүү уюмдарына которуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
6.2 Жоюлган учурда , милдеттемелерди жабуу боюнча төлөмдөрдү алып салганда , билим берүү уюмдарынын акча каражаттары жан башка мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана билим берүү уюмунун Уставыны ылайык колдонулат.
6.3 Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттары менчиктештирилүүгө , сатылууга жана профили өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
6.4 Мектепке чейинки билим берүү уюмун өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
№2 “Жомок” бала бакчасынын директору: А.Аблаканова