Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлу № 01-05/46
Жеңилдиктерди киргизүү боюнча XXV чакырылыштын 2010-жылдын 20-ноябрындагы XXV сессиясынын № 2-токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын XXV сессиясынын балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн төлөнүүчү төлөмдү 50% жеңилдетүү киргизген № 2-токтомун өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсү жактырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын XXV сессиясынын балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн төлөнүүчү төлөмгө 50% жеңилдиктерди киргизүү боюнча № 2-токтому өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак-ашы үчүн төлөм күнүнө 36(отуз алты) сом өлчөмдө белгиленсин жана инфиляцияга жараша ата-энелердин жалпы чогулушунун протоколунун негизинде өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4. Балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарды түшкү тамактануу мезгилинде балдарды көзөмөлсүз калтырууга мүмкүн болбогондуктан балдар бакчасынын тарбиячыларын балдар бакчасында түшкү тамактануусуна уруксат берилсин жана тамактануу төлөмү жергиликтүү бюджетке төлөнсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну балдар бакчасынын башчысына жана мэриянын социалдык бөлүмүнүн адистерине милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |