Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 1
Момбеков айылдык Кеңешинин Регламентин бекитүү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине таянып, убактылуу комиссия тарабынан иштелип чыккан регламенттин долбоорун талкуулап, убактылуу комиссиянын төрагасы М Эргешовдун маалыматын угуп, талкуулап Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 5 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айылдык Кеңешинин регламенттин өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча убактылуу комиссиянын төрагасы М Эргешовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Момбеков айылдык Кеңешинин Регламенти өзгөртүү, толуктоолор, алымча кошумчасы менен бекитилсин ( Регламент тиркелет ).
3. Токтомдун тиркемеси менен расмий жарыяланган сайдга, Жалал-Абад обласстык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
4. Жарялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрге киргизүү Момбеков айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы А Ырыскуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык Кеңешинин укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |
Момбеков айылдык Кеңешинин Регламенти
I. Жалпы жоболор.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына ылайык, кенештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Айылдык Кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.
Айылдык Кенеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык болгон ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Өзүнүн мөрү жана штампы болот.
Айылдык Кенештин Регламенти, айылдык Кенештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык Кенештин компетенциясы.
2.1. Айылдык Кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
2.2. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обңектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдери аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
3. Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4) Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
5) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу, жайыттар боюнча башка маселелерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү.
III. Айылдык кенештин биринчи сессиясы.
3.1. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.
3.2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Жергиликтүү кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
3.3. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселелери, кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери киргизилет.
3.6. Төраганы шайлоо айылдык Кенештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3.7. Төраганын орун басары айылдык Кенештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берууну уюштуруу тартиби.
4.1. Айылдык Кенештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүшөт ( төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенин, добуштарды берүү яшигин жана бөлүмдөрдү жабык добуш берүүн жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кенештин төрагсына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептоо добуш бериген жайда жүргүзүлөт.
4.5. Бюллетенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздүк документтери боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир кандидатура боюнча «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллетенде» боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому тузулуп, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кенештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер, айылдык Кенештин төрагасы болуп төрт жылыдк мөөнөткө шайланат.
4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептоо комиссиясы жүргүзөт.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушуна ээ болгон айылдык Кенештин депутаты төраганын орун басары болуп шайланат.
4.10. Айылдык кенштин төрагасы жана орун басары оздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын 2/3 добушу менен төрага же орун басар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
4.11. Айылдык кенештин төрагасы озүнүн милдеттерин коомдук башталышта алып барат, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
V. Айылдык Кенештин сессиясы.
5.1. Кенештин сессиясы ачык ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кенештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүчү жай тууралуу беш кундөн кечиктирбей кенештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимин, токтомдун долбоору, Кенештин депутаттарына үч күндөн кечиктирбей таратылат.
5.3. Кенештин кезексиз сессиясы Кенештин төрагасы, Кенештин туруктуу комиссиялары же Кенештин жалпы депутаттарынын 1/3 болугунун сунуш менен чакырылат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушун жазуу турундо карала турган маселелерди корсотуу менен кезексиз сессияны откоруу зарылдыгы тууралуу Кенештин торагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кенештин сессиясына материалды, иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кенештин чечими же Кенештин төрагасынын буйругу менен кенештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) Сессия болгонго чейин беш күндөн кечиктирбей кенештин катчысына жазуу түрүндө берилиш керек.
5.8. Айылдык Кенештин сессиясында каралып жаткан маселе боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алынат.
5.9. Айылдык Кенештин сессиясы коомчулук үчүн ачык ар бир жаран айылдык Кенеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияга катышууга укугу бар.
5.10. Айылдык Кенеш эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
5.11. Айылдык сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияларга кирүүсү учун баарык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
VI. Айылдык Кенештин сессиясынын жумушчу органдары.
6.1. Айылдык Кенештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлоо максатында жумушчу органдардын-секретариаты, зарылчылык пайда болгон эсептоо комиссиясынан, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын копчулугунун добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретариаты айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт. Сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелуу материалдарын сессияны алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын Регламентинин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
6.3. Секретариат айылдык Кенештин аппараты менен бирдикте сессия тарабынан материалдарды, протоколдорду жазып беш күндүн ичинде кол коюуга даярдайт.
VII. Сессиянын кун тартиби жана иштоо тартиби.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иштоо тартиби айылдык Кенештин төрагсы тарабынан сунушталат.
7.2. Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке иштоо тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышс, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кенештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери.
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн талапкерлигин сунуштоого;
8.2. Күн тартиби, иштоо тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга;
8.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга, аны добушка койдурууга;
8.4. Айылдык Кенештин компетенциясына кирген маселер боюнча мекеме, ишка жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угуунун күн тартибине киргизүүнү сунуштоого;
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого;
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштоо тартибин толук сактоого;
8.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирүүгө жол берилбейт);
8.8. Сессиянын ишине активдуу катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жеке пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
IХ. Кенештин чечимдери.
9.1. Кенештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кенештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларынын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу жана токтомго киргизу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
9.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча Кенеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго Кенештин төрагасы кол коет.
9.4. Кенештин депутаты Кенештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндө же оозеки билдирүүсү Кенештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын копчулук добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып, толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кенештин чечимин бастырып чыгаруу, Кенештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө Кенештин аппаратына жүктөлөт.
9.7. Айылдык Кенештин чечими айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-уюмдарда аткарылууга милдеттуу.
9.8. Кенештин токтомдору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Х. Айылдык Кенештин төрагасы.
10.1. Айылдык Кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
10.2. Айылдык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти айылдык кеңештин депутаты же депутаттарынын тобу көрсөтүүгө укуктуу. Депутат же болбосо депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
10.3. Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.
Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
10.4. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат.
10.5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
10.6. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат.
1) жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коөт;
4) жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
10.7. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.
ХI.Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары.
11.1.Айылдык кеңештин төрагасынын 1 орун басары болот.
Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын ичинен сессияда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
11.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
11.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
11.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин, жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын кошпогондо, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
ХII. Кенештин жооптуу катчысы.
12.1 Айылдык Кенештин катчысынын милдетин айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
12.2. Кенештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштуу маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3. Айыл Өкмөтүнүн катчысы айылдык Кенешинин сессиянын протоколун жүргүзөт. Кенештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
12.4. Жарандардын айылдык Кенешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
12.6. Кенештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
12.7. Кенешке түшкөн документтердин эсебин жүргүзөт.
12.8. Кенештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жүргүзөт.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кенештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
ХIII. Кенештин туруктуу комиссиялары.
13.1. Жергиликтүү Кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кенеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.
Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби жергиликтүү Кенеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрдү таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Туруктуу комиссиялар тиешелүү жергиликтүү кенештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кенештердин туруктуу комиссияларынын курамына кенештин төрагасы жана орун басары шайланышы мумкун эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссяларды түзө алат.
Туруктуу комиссиянын жана кенештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кенеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары кенеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байлныштуу мөөнөтүнөн мурда токтотушу мүмүкүн.
Жергиликтүү кенештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кенештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
13.2. Жергиликтуу кенештин туруктуу комиссиялары:
- кенештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
- тиешелүү аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизет.
- өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарлышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кенешке киргизет.
- жергиликтүү кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана уставдын талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кенештин регламенти аркылуу сунуштлган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
Жергиликтүү кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелуу аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
13.3. Жергиликтүү кенештин турукутуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кенеш беруучу добуш укугу менен ушул комиссияларга мучө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
Бир нече комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле жергиликтүү кенештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
ХIV. Депутаттык мандат
14.1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
14.2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
2-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда;
ХV. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
Жергиликтүү кеңеш өз иш-милдеттерин аткарууну ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
ХVI. Жергиликтүү кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери
16.1. Жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.
16.2. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
16.3. Жергиликтүү кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
16.4. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүн чакыра алат.
16.5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин жергиликтүү кеңештер менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
ХVII. Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
17.1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
17.2. Жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экисинен кем эмеси менен кабыл алынган чечим боюнча;
2) ушул Мыйзамда жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) тиешелүү шаардын же айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында;
4) ушулМыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүндө каралганучурда.
17.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө жергиликтүү кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
17.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт да. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
17.5. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
17.6. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчылары тартышат, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти райондун мамлекеттик администрацияларынын тиешелүү башчылары тартышат.
ХVIII. Шайлоону уюштуруу.
18.1. Айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу учун добуш берүү күнүнө 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына чечим менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана эки мүчөсү тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү жана айылдык Кенештин өкүлү болуп эсептоо комиссиясы түзүлөт.
Эсептөө комиссиясы өз отурумунда курамынан төраганы жана катчысы шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат жана тиешелүү протокол түзүлүп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына ылайык жергиликтүү Кенешке кабарланат.
18.2. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
18.3. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик же расмий тилдерде басылып чыгарылат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү менен күбөлөндүрүлөт жан ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коет.
18.4. Бюллетенге айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
18.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчү жайды берүү, ал үчүн кабиналарды, укөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү аркылуу шайлоону уюштурууга көмөктөшүүсү милдеттүү.
18.6. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелүү айылдык Кенештин төрагасы тартат.
18.7. Добуш берүү жол жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
ХIX. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүнүн тартиби.
19.1. Айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоо атайын бөлүнгөн бөлмөдө өткөрүлөт.
19.2. Добуш беүүнүн алдында добуш берүү үкөктөрдү эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломба коюлуп, моор басылып бекитилет.
19.3. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
19.4. Добуш берүүчү укөктү ачуу алдында пайдаланылбаган бюллетендер эсептелет жана эсептөө комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат. Добуш берүүнүн аякташы эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
19.5. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат.
ХX. Айыл Өкмөтүнүн башчысынын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби.
20.1. Добуш берүү аяктагандан кийин эсептоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Добуштарды саноо ачык айкын эсептоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт жана добуш берүүчү бөлмөдө тыныгуусуз өткөрүлөт.
20.2. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү пайдаланылбай калган бюллетендерди кайрадан эсептеп чыгышат, аларды жокко чыгарышат жана бул туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазышат.
20.3. Жараксыз бюллетендер өзүнчө эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мумкун болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү бсылбаган, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу коюлбаган же бекитилбеген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
20.4. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, айыл Өкмөтнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген «макул» жана «баардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
20.5. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү кол коет.
20.6. Протоколго кол коюлгандан кийин эсептөө комиссиясынын төрагасы дароо айылдык Кенештин депутаттарына жана катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыгын жары кылат жана айылдык Кенештин сессиясынын бекитүүсүнө протоколго киргизет.
20.7. Тиешелуу айылдык Кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
20.8. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду айылдык Кенеш бекиткенден кийин тиешелуу аймактык шайлоо комиссиясы анын мүчөсүн райондун акимине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет.
20.9. Эки талапкер катталса жана алардын бироо да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, кобуроок добуш алган эки талапкербоюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт.
- экиден ашуун талапкер катталса жан алардын бирөө да депутаттардын зарыл сандагы добушун алалбаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнөн экинчи түрү өткөрүлөт.
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири көбүрөөк сандагы добуш алса ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш бетүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт.
20.10.Добуш берүүнүн экинчи түрү ушул жобонун 26-38 пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
20.11. Айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
ХХI. Айыл Өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо.
20.1. Эгерде айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, айыл Өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда айыл Өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тен депутаттардан бирдей сандагы добушун алса, айыл Өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт, эгерде биринчи турда баардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо өткөрүлөт.
20.2. Эгерде «баардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттар көп добуш беришсе кайра шайлоо өткөрүлөт.
20.3. Эгерде добуш берүүнүн күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шйлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо өткөрүлөт.
20.4. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл Өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.
20.5. Жаны талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
20.6. Эгерде шайоо кворум жоктугунан болбой калса Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
20.7. Айыл Өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул жобонун 10-40-пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
20.8. Айыл Өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган чуруда;
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
20.9. Айыл Өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
20.10. Айыл Өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот.
20.11. Айыл Өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл, Өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
ХХII. Айыл Өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери.
22.1. Тиешелүү айылдык Кенештин депутаттары тарабынан айыл Өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү Кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
22.2. Райондун акими өзүнүн буйругу менен жаны айыл Өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айылдык Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.
ХХIII. Убактылуу комиссиялар.
23.1. Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүүсү мүмкүн.
23.2. Убактылуу комиссия берилген мөөнөттүү сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
23.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
23.4. Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
ХХIV. Кенештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы.
24.1. Кенештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кенештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эн башкы милдеттеринин бири болуп эсептелинет.
24.2. Кенеш өз компетенциясынын жээктеринде кабыл алынган чечимдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан айылдын аймагындагы бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер ошондой эле кызмат адамдары коомдук бирикмелери аткарууга милдеттүү.
ХХV. Жергиликтуу Кенештин сандык курамы.
25.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 23-беренесине негизи боюнча 6001ден 20000ге чейин - 21 депутат түзөт;
ХХVI. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизуунун тартиби.
26.1. Депутаттар тарабынан Регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат.
Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
26.2. Айылдык Кенештин Регламентин, типтуу Регламенттин негизинде депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кенештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.