Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 22
Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 8-июнундагы №125 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош областарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө ”Мыйзамынын 3-беренесине таянып Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу айыл башчы штатын кабыл алууну жана айыл башчы штатын каржылоого каражат бөлүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык калктуу конушу айыл категориясына киргизилгендигине байланыштуу 2013-жылдын 28- июнь айындагы №383 токтомунун ылайык жектектөөчү адистин деңгээлинде 1 айыл башчы штаты бекитилсин.
2. Айыл башчы штатын каржылоого Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин 6 айындагы кошумча түшкөн каражаттан сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюжет,салык,финансы,экономикалык саясат жана минуципалдык менчик” боюнча туруктуу. комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |