Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 8
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин 2017-жылга иш планы жөнүндө
Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин, депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин регламентинин 10 бөлүмүнүн негизинде, шаардык кеӊештин депутаттык фракцияларынын жетекчилеринин сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылга иш-планы бекитилсин.(Иш –план тиркелет).
2. Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2017-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын камыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлериден, туруктуу комиссиялардан талап кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы М.Джураевага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдраимов |
| Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин (алтынчы чакырылыш) II сессиясынын 20-январь 2017ж. №8 токтомуна тиркеме |
Депутаттардын Сүлүктү шаардык кеңешинин 2017-жылга иш- планы
№ | Каралуучу маселелер | Аткарууга жооптуулар | Маселени даярдоого жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
I чейрек |
| |||
1 | Сүлүктү шаарынын социалдык экономикалык өнүгүү программасы жөнүндө | Сүлүктү шаарынын мэри | Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары
| I-чейрек 2017-жыл |
2 | Сүлүктү шаарынын 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө | Шаардык мэрия, каржы бөлүмүнүн жетекчиси
| Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы | I-чейрек 2017-жыл |
II чейрек | ||||
1. | Шаардык кургак учукка каршы ооруканасында «Кургак учук» Улуттук Программасынын аткарылышы жөнүндө | Шаардык мэрия, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасынын жетекчиси | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | II-чейрек 2017-жыл |
2 | Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө | Сулукту шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү | Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясы | II-чейрек 2017-жыл |
3 | Шаардагы орто мектептерде жана балдар бакчаларында окуу тарбия иштеринин жүргүзүлүшү жана шарттардын түзүлүшү боюнча маалыматты угуу | Шаардык мэрия, билим берүү бөлүмү | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы |
|
III чейрек | ||||
1. | Ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана ветеринардык участкасында аткарылган иштер жөнүндө
| Ооруулардын алдын алуу жана мамлекеттик –эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, шаардык ветеринардык участкасынын жетекчилери | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы | III-чейрек 2017-жыл |
2. | Сулукту таза суу канал жана Сулукту тазалык муниципалдык ишканаларынын аткарган иштери жөнүндө
| Сулукту тазалык, Сулукту таза суу канал муниципалдык ишканаларынын жетекчилери | Өнөр жай, транспорт, жол, коммуналдык иштер, таза суу, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясы | III-чейрек 2017-жыл |
3 | Жергиликтуу бюджеттин 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышы жөнүндө
| Шаардык мэрия, шаардык каржы бөлүмүнун жетекчиси | Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясы
| III-чейрек 2017-жыл |
IV чейрек | ||||
1. | Шаардык кенештин депутаттарына шайлоочулардан берилген сын-сунуштардын аткарылышы жөнүндө
| Шаардык мэрия, тийиштүү жетекчилер | Фракция жетекчилери жана уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада-салт жана маданият боюнча | IV чейрек 2017-жыл |
2 | Шаардык маданият бөлүмүндө жана жергиликтүү жамааттар арасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата жүргүзүлгөн иштер жөнүндө | Шаардык мэрия Шаардык маданият бөлүмүнүн жетекчиси | Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада-салт жана маданият боюнча | IV чейрек 2017-жыл |
3 | Шаардык мэриянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторунун иштери жөнүндө | Шаардык мэрия ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору | Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана мамлекеттик тил боюнча туруктуу комиссиясы
| IV чейрек 2017-жыл |
II. УЮШТУРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР.
№ | Аткарылуучу иштер | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Шаардык кеӊештин депутаттары жана фракцияларменен иш алып баруу | Шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
2. | Шаардык кенештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу | Фракциялардын жетекчилери, шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
3 | Шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялары менен иш жүргүзүү | Шаардык кеӊештин башкы адиси |
|
4 | Шаардык кеӊештин депутаттарын жана жооптуу кызматкерлерге окутууларды, семинарларды уюштуруу жана өткөрүү | Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы | Ар дайым |
5 | Коомдук иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү | Шаардык кеӊештин депутаттары, Шаардык кенештин жооптуу кызматкерлери | Ар дайым |
Жооптуу катчы | М. Джураева |