Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 88
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылга бекитилген иш планына ылайык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы А.Семетеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 12-июлундагы №18-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарында көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы А.Семетеевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмүнүн кызматкерлерине кошумча айлык акы төлөө боюнча сунуш берүү милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев):
-Ош шаарында көрнөк–жарнактарды Мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык жайгаштырылышын ыкчам көзөмөлгө алуу;
- көрнөк-жарнактарды жайгаштырууда Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын камсыздоо багытында жеке ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |