Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-июлу № 90
Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 4-июлундагы №365/08-13, 2017–жылдын 6-июлундагы №378/08-13, 2017- жылдын 14–июлундагы №410/08-13, 2017-жылдын 19-июлундагы №431/08-13, 2017-жылдын 21-июлундагы №434/08-13, «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү» каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын статусу жөнүндө мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 12-июлундагы №21, 2017-жылдын 21-июлундагы №22-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана Ош шаарынын Башкы планында көрсөтүлгөн жер пайдалануу багыттарын (зоналарын) сактоо шарты менен төмөндөгү жер тилкелеринин максаттык багыттарын которууга макулдук берилсин:
Ош шаарынын Монуев көчөсү №1 «а» дарегиндеги, «Визион Групп» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык, аянты 314,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «коммерциялык, калктуу конуштун жерлери» багытынан «көп кабаттуу турак жай» багытына;
Ош шаарынын Монуев көчөсү №1 «б» дарегиндеги, «Визион Групп» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык, аянты 266,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «коммерциялык, калктуу конуштун жерлери» багытынан «көп кабаттуу турак жай» багытына;
Ош шаарынын Ленин көчөсү №260 дарегиндеги, Болушев Алмаз Турсунбаевичке таандык, аянты 968,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «турак жай, калктуу конуштардын жерлери» багытынан «калкты тейлөө» багытына;
Ош шаарынын Турсунбаева көчөсү №10/1 дарегиндеги, «Бизнес стандарт» жабык акционердик коомуна таандык, 10325,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «өндүрүш» багытынан «коммерциялык» багытына;
Ош шаарынын Өзгөн көчөсү №24 «а» дарегиндеги, Жолдошбаева Фарида Насановнага таандык, 597,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «жеке турак-жай» багытынан «коммерциялык» багытына;
Ош шаарынын С.Айни көчөсү №7 дарегиндеги, Мамадалиева СанатханТурсунбаевнага таандык, 420,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «турак-жай, калктуу конуштун жерлери» багытынан «коммерциялык» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |