Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 8/1
Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы Беш-Буркан орто мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясынын күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылынын тургуну Канаат Сакыевтин арызына негиз Беш-Буркан айылындагы Беш-Буркан орто мектебине Карим Сакыевтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Буркан айылындагы Беш-Буркан орто мектеби, Карим Сакыев атындагы Беш-Буркан орто мектеби деп аталсын. (тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин өз алдынча башкаруу маселелери укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |
Беш-Буркан айылындагы жаны курулуп жаткан мектепке К.Сакыевтин атын ыйгаруу боюнча чогулуштун протоколу.
Өткөрүү күнү 14-август 2017-жыл
Өткөрүлгөн дареги Беш-Буран айылы
Катышуучулардын жалпы саны 68:анын ичинен эркектер 49 аялдар 19
Күн тартибиндеги каралуучу маселе.
Айылда курулуп жаткан мектепке К.Сакыевтин атын коюуу маселесин талкуулоо.
Күн тартибине коюлган маселе боюнча айыл башчыбыз айылдык кенештин депутаттары менен айылдын чогулушуна келип алик алып эл менен саламдашты, айыл башчыбызды эл да жылуу маанайда тосуп алды.
Угулду:
Сөзгө айыл башчыбыз чыгып төмөнкү маалыматтарды баяндап өттү.
Кун тартибиндеги маселе боюнча өкмөт башчыбыз сөз сүйлөп 2015-2016-жылдары айылда болгон иштердин иш жүзүнө ашканы боюнча баяндама бердип мындан ары дагы айылдын өсүп өнүгүүсүнө элдин көйгөйүн чечүүгө чоң аракетимди жумшаймын деп андан ары салык маселеси боюнча сөз сүйлөп азыркы учурда салыктын айырым өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндама бериди. Айыл башчыбыз айылда курулуп жаткан жаңы мектепке маркум Карим Сакыевтин атын коюуу жөнүндөгү маселесин элге сунуштады.
Элдин арасынан О.Атабеков аксакалга сөз берилди Аксакал маркум жөнүндө сөз сүйлөп К.Сакыев өтө талантуу жана чечкиндүү болгон Беш-Буркан мектебин түптөгөнгө себепчи жана кырк беш жылдык эмгегинин ичинен жыйырма жети жыл мектептин жетекчиси болуп Кыргыз эл отличниги жана башка сыймыктуу наамдарга жетишкендиги жөнүндө баяндап өттү.
Беш-Буркан айылынын айыл башчысы А.Ташматов Урматтуу мугалимдер бул маселе бугун эле козголуп жаткан жок, чындыгында бул агайды эл Дуйшон агай дейт . 45 жыл айтканга оңой, мектепке ушундай оор салмактуу инсандардын атын койсок арзыйт. Мен бул аттын коюлуусун колдойм.
Эл агартуунун мыктыс, тарых мугалими М.Омурзаков : Ооба, бул мектепте көптөгөн агай-эжелерибиз эмгектенишкен, баардыгынын орду бар, алардын билим тарбиясынан биз өсүп жетилдик. Улуу адамдарды өз ордуна коюубуз керек, урмат көрсөтүү бизге парз. Алар биздин тарыхыбыз. Сакыев Карим агайдын эмгегин баалаймын жана наамы коюулуусуна каршы эмесимн.
Эл агартуунун мыктысы, кыргыз тили жана адабияты мугалими М. Абдылдаева : Туура, биз азыр олуттуу чоң бир тарыхый орду бар маселеге кубобуз, мен мектепке 1980-жылы Сакыев агайдын колуна келгенмин. Мектептин алгачкы пайдубалын түптөшүп, көптөгөн жаштарга даалай илим жолун ачууга салымын кошкон. Эмгеги чексиз ошондуктан агайдын атынын коюлуусун колдойм.
Мектептин тарых мугалими З. Тойчуева; Чындыгында эле, элге, жерге эмгеги сиңген улуулардын атан койсок, эл да ыраазы. Мен агайдын аты коюлганына кубанып турам. Жылыбызда тарыхты, маданиятты колдоо корсотуу жылы менен байланышып турат. Агайдын атын коюлуусун колдойм.
К.Сакыевтин уулу Канат Сакыев сөз сүйлөп мектептин курулушу бүтсө мектепке ремонттук иштерине, корктондуруу иштерине жана окуучулар арасында К. Сакыев атныдагы спорттук мелдештерди өткөрүп акчалай сыйлыктарды берип, көйгөйлүү меселелер жаралса жардам берип туруусун да билдирип өттү.
Чогулуштун аягында келген бардык элдер Карим Сакыевтин ысымын коюлуусуна каршы эмес экендиктерин айтышып колдошту.
Чогулуштун төрагасы: А.Ташматовү
Катчысы: З. Тойчуева