Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 18/121
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 46-беренесинин 3- бөлүгүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышы жөнүндө Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. 2016-2017-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгып, кезектеги сессияга бекиттирүү менен аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын 30.12. 2015. № 18/121 токтомуна тиркеме |
2015-2016-жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде 2015-2016-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн иш аракеттери жөнүндө маалыматы.
Урматтуу Депутаттар!
Сары-Булак айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү багытында 2015-жыл ичинде аткарылган иштердин негизги көрсөткүчтөрү менен тааныштырууга уруксаат этиңиздер.
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү Ак-Кыя жана Сары-Булак айылдарынан турат. Айыл өкмөтү боюнча түтүндүн саны 218, калктын саны 1073.
2015-жылга кирешелер бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгүдөй:
№ Салыктын түрү план факт %
1 Киреше салыгы 565,0 565,0 100
2 Ыктыярдуу патент 14,7 14,7 100
3 Мүлк салыгы 9,0 9,0 100
4 Транспорт салыгы 68,0 129,1 189,9
5 Огород 12,5 15,5 124
6 Үлүш жер, жайыт салыгы 27,6 42,3 153,3
7 Айыл чарбасына арналбаган жер салыгы 20,0 39,4 197
8 Сатуудан түшкөн салык 245,9 246,2 100,1
9 Тазалык жыйым 5,0 5,9 118
10 ФПС тин аренда акысы 12,3 26,4 201
11 Рояльти 110,0 32,6 29,6
Жалпысы 1090,0 1126,1 103
14.12.2015-ж № 327 кат
Жайыт жерибиз 10542 га жерди түзөт. Жайыт акынын өнүшү боюнча, жыл башында 416825 сом бекитилип, ал эми бүгүнкү күнгө 462192 сом чогултулуп же болбосо план 110,8 пайызга аткарылды.
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча малдын саны:
1. Уй 873 баш
2. Топоз 507 баш
3. Жылкы 1082 баш
4. Кой 6468 баш
5. Эчки 898 баш
6. Тоок 610 баш
2015-жыл ичинде Сары-Булак айыл аймагынын тургундарынын 145 ити жана 45 мышыгы каттоого алынып, паспорттоштурулган. Айыл тургундарынын жаз убагында 500 баш, күз убагында 428 баш уйларынан кан алынып, анын ичинен 3 баш уй “бруцеллез” деп табылып, вет.санитардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды.
Койлордун күл ылаңына каршы 5582 баш кой эмдөөдөн өткөн.
Бруцеллез оорусуна каршы профилактикалык эмдөө 4010 баш козу-улактарга жасалган.
Койлордун күзгү “котур” оорусуна каршы купкалоо 6737 башка жүргүзүлдү.
Шарп оорусуна каршы эмдөө 1365 баш ири мүйүздүү бодолор эмдөөдөн өткөрүлдү.
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2015-жылда социалдык өнүгүү министрлигинин 30-январь 2015-жылдагы № 2 «Балдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралары» жөнүндө буйругунун негизинде айыл аймагынын айыл өкмөтүндө беш адамдан турган штаб тузүлдү. Айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси мектептердин соц.педагогдору, ИДН инспектору жана ҮДТ, ФАП кызматкерлери тарабынан үймө-үй кыдырып зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кыдыруунун негизинде зомбулукка кабылган балдар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр жана балдар болгон жок.
Штабдын мүчөлөрү айына эки жолу чогулуш өткөрүп турат. Ар бир мекеме ишканаларда анонимдик ящиги орнотулган, ишеним телефондору илинген.
Кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү боюнча айыл өкмөтүнө баардыгы 66,0 тонна көмүр толугу менен түшүрүлдү.
Ү. Бейшеев орто мектебине 20 тонна
Шамен орто мектебине 20 тонна
Бала бакча 10 тонна
Контор 10 тонна
Китепкана 3 тонна
Клуб 3 тонна
1. Ак-Кыя айылына 150 орундуу жаңы мектеп, спорт залы менен 2015-жылы «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылана турган обьектилердин тизмесине киргизилип, проектиси бүткөрүлүп, Нарын облустук УКС тарабынан тендерге 47,380300 сомго өткөрүлүп, жыйынтыгында 46,611535 сом менен «Имарат Строй» ЖЧКоому утуучу деп табылып бүгүнкү күндө курулуш иштери башталууда.
2. Ак-Кыя айылындагы Ү. Бейшеев атындагы орто мектебинде 2015-2016-окуу жылында 21 мугалим, 10 чарба жумушчулары эмгектенет. Мектепте жалпы 160 бала билим алууда, окуу эки сменде жүргүзүлөт. Ү. Бейшеев атындагы орто мектебине кошумча мектептин корпусун пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине долбоор жазылып түрткү берүүчү грант аркылуу мурунку жылы 2677207 сом бөлүнүп, 10% өздүк салымы 5% ти акчалай, 5% ти жумушчу күчү менен жалпысы
2974675 сомдук жумуш жасалган, быйылкы жылга Финансы Министрлигине кайрадан долбоор жазылып түрткү берүүчү грант аркылуу 2317666 сом алынып, өздүк салымы 20% ти түзүп, жергиликтүү бюджеттен 164950 сом акчалай, элдин салымы нак акчалай 164000 сомду түзүп, кол күчү менен жасалуучу жумуштарга жардамдар көрсөтүлүп, жалпысы 5950287 сомдук жумуштар «Валико» ЖЧКоому менен бирдикте 2016-жылдын март айына толук бүткөрүлүп пайдаланууга берилет.
3. Ак-Кыя айылындагы Каракужур маданият үйүндө 2 адам эмгектенип, маданий иш чаралар убагы менен өткөрүлүп турат. К. Токомбаева атындагы китепкана башчысы, тазалоочусу менен эмгектенет. Каракужур маданият үйү жана К. Токомбаева атындагы китепкана чогуу толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Германия кызматташтыгы коомуна долбоор жазылып, алардын финансылык колдоосунда 2323665 сомду тендер аркылуу «Кочкор Строй сервис» ЖЧК му утуп, анын ичинен элдик салым 204987 сомду түзүп айыл өкмөт тарабынан 25000 сом бөлүнүп, жалпысы 2348655 сом менен толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Жылдын башында мекеме ишканалар ортосунда «Тоолуктардан тоо жаңырткан ыр десте» аттуу ыр кесе уюштурулган. Бул ыр кесе мекеме-ишканалардын кызматкерлери тарабынан ар бир майрамда айыл тургундарына тартууланууда. Айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даталуу күндөргө карата өткөрүлгөн иш-чараларга жалпысы 31500 сом каралып белектер жана жардамдар берилди. Ыр кесенин жыйынтыгы чыгарылып, тандалып алынган кызматкерлер менен бирдикте 30-декабрь күнү жаңы жыл майрамына карата гала концерт өткөрүлөт.
Демөөрчүлөр тарабынан 23000 сомдук баннер жана башкалар алынды.
4. Ак-Кыя айылындагы «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасында 10 адам эмгектенип, 27 бала тарбияланат. «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчанын жанындагы балдар ойноо залын оңдоо боюнча айта кетсем жыл башында сессияда айыл өкмөтүнүн эсебинен 100000 сом
бөлүнүп, кошумча Кочкор райондук Эмгек миграция жана жаштар бөлүмүнө долбоор жазылып, 100000 сом алып, демөөрчүлөрдөн 7000 сом берилип толугу менен балдар ойноо залы жалпысы 207000 сомго бүткөрүлдү.
Демөөрчү тарабынан 4000 сомго балдарга оюнчуктар алынып берилди.
5. Ак-Кыя айылындагы «АРРАЯН» мечиттин чатырын алмаштырууга демөөрчү тарабынан 50000 сом берилип алмаштырылды.
6. Ак-Кыя айылына Бишкек шаарындагы «Айыл демилгеси» коомуна долбоор жазылып алардын финансылык колдоосунда 203000 сомго 5 компьютер, стол, стул, Wi-Fi, проектор алынып берилип К. Токомбаева атындагы китепканага маалымат борбору ачылды.
7. Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 2 мед айым, 2 чарба жумушчулары эмгектенишип жылына калк арасында эмдөө иштери жүргүзүлүп, адамдардын ооруларына жараша мамлекеттик кепилдик программасы боюнча жеңилдетилген рецептер жасылып берилүүдө. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акысыз жардамдар көрсөтүлүп бекер дары дармектер берилип турат.
Кочкор ҮМБ тарабынан 6500 сом акча каражаты бөлүнүп, актоо-сырдоо иштери жасалып, айыл өкмөт тарабынан 20000 сомго, жылуулук системасы алмаштырылып, азыркы учурда баардык бөлмөлөр жалпы жылытылууда.
8. Ак-Кыя айылындагы ички жолго жана КБФ дун жерине баруучу жолго көпүрө коюлду.
9. Ак-Кыя айылына «Нур Телеком» ЖЧК му менен О байланыш аппаратын койдуруп, келишим түзүлүп, антенна орнотулду.
10. Сары-Булак айылында айыл башчынын контору, китепкана жок болгондуктан, айыл өкмөтү тарабынан 180000 сом акча каражаты бөлүнүп жана демөөрчү тарабынан 20000 сом, жалпысы 200000 сом менен бүткөрүп алдык.
11. Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинде 18 мугалим эмгектенип, 5 чарба жумушчулары эмгектенет. Шамен атындагы орто мектебинде балдар түшкү тамак ичүүгө ашкана куруу боюнча айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 100000 сомго кошумча Кочкор райондук Эмгек миграция жана жаштар бөлүмүнө долбоор жазылып 100000 сом алынып, жалпысы 200000 сом менен бүткөрүлдү.
12. Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинин балдар үчүн айыл өкмөтү тарабынан 20300 сомго ажаткана салынып берилди.
13. Айыл өкмөтү тарабынан Сары-Булак айылындагы элдердин тамдарына коркунуч келтирген теректер кыйдырылып жана демөөрчү тарабынан 40000 сомго Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинин тегереги тосулду.
14. Сары-Булак айылына жеке ишкер тарабынан баня салынды.
15. Сары-Булак айылындагы милициянын кеңсесине айыл өкмөтү тарабынан 30000 сом акча каражаты бөлүнүп, жолду күнү-түнү көзөмөлдөө камералары орнотулду.
16. Айылдардагы көрктөндүрүү, жашылдандыруунун бир айлыгы өткөрүлүп, көчөлөрүбүз тазаланууда.
Башчы Н. Касымалиев.