Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 18/122
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планын долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Иш планга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын 30.12. 2015. № 18/122 токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата
ИШ ПЛАНЫ.
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Даярдоого жооптулар
| Аткарууга жооптулар
|
I квартал | |||
1. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
| туруктуу комиссия
| Бөлүм башчы
|
2. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин, 2017-2018-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
| туруктуу комиссия
| Бөлүм башчы
|
3. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү
| туруктуу комиссия
| Айыл өкмөтүнүн башчысы
|
4. | Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда, суу акыларынын өнүшү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө, ИСКАКБнын төрагаларынын отчетторун угуу жөнүндө
| туруктуу комиссия
| ИСКАКБнын төрагалары
|
5. | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015- жылдагы аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2016-жылга иш планын, бюджет долбоорун бекитүү жөнүндө.
| туруктуу комиссия
| Жайыт комитетинин төрагасы
|
II квартал
| |||
1. | Калктын саламаттыгын сактоодо ҮДТ,ФАП башчыларынын жүргүзүп жаткан иштеринин отчетторун угуу жөнүндө
| туруктуу комиссия
| ҮДТ,ФАП башчылары
|
2. | Мал арасында ар кандай жугштуу оорулардын алдын алуу боюнча веткароолорду жүргүзүүдө райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетектөөчу адисинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
| туруктуу комиссия
| Жетектөөчу адис
|
3. | Жол тейлөө ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин отчетторун угуу
| туруктуу комиссия
| ЖТИ № 14
|
4. | Калкты пенсия ,пособие,газета журналдар менен камсыз кылууда Ак-Кыя байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштеринин отчетун угуу жөнүндө.
| туруктуу комиссия
| Байланыш бөлүмүнүн башчысы
|
5 | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасынын иш чаралар планынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоонун жүрүшү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу жөнүндө
| туруктуу комиссия
| Айыл өкмөтүнүн башчысы
|
| III квартал
|
|
|
1. | Мектептердин 2015-2016-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына карата даярдыгынын жүрүшү жөнүндө мектеп директорлорунун отчетторун угуу жөнүндө
| туруктуу комиссия
| Мектеп директорлору |
2. | «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштеринин отчетун угуу жөнүндө | туруктуу комиссия
| Бала бакча башчысы
|
3. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча жергиликтүү салык пландарынын аткарылышы жөнүндө | туруктуу комиссия
| Башкы адис
|
4. | Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн иштеринин билдирүүсүн угуу жөнүндө. | туруктуу комиссия
| Жер адис
|
5. | КБФнун жерин ижарага берүүдө, ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча жүргүзүп жаткан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштерин отчетун угуу жөнүндө | туруктуу комиссия
| Жер адис
|
| IV квартал
|
|
|
1. | Калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда жана дебитордук карыздарды жоюуда Каракужур электр тармактар барчасынын кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштеринин отчетторун угуу жөнүндө.
| туруктуу комиссия
| Каракужур электр тармактар барчасынын начальниги
|
2. | Кылмыштуулукту алдын алууда Ак-Кыя айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | туруктуу комиссия
| МАБнүн участкалык инспектору |
3. | Калкты маданий жактан тейлөөдө Каракужур айылдык маданият үйүнүн, китепканалардын жүргүзүп жаткан иштерин отчетторун угуу жөнүндө | туруктуу комиссия
| Маданият кызматкерлери
|
4. | Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасынын иш чаралар планынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоонун жүрүшү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу жөнүндө | туруктуу комиссия
| Айыл өкмөтүнүн башчысы
|
5. | Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2017-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
| туруктуу комиссия
| Жоопту катчы
|