Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 18/124
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өздүк салымындагы акча каражаты жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 4-март 2015-жылдагы кезектеги XIII сессиясынын Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2015-жылга бюджетинин бекитүү жөнүндө №13/90 токтому менен бекитилген өздүк салым бөлүгүндөгү акча каражатын, Жайыт пайдалануучулар бирикмесине атайын техника алууга өздүк салым катары которуу жөнүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж. Аскаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесин өздүк салым бөлүгүндөгү акча каражаты Жайыт пайдалануучулар бирикмесине атайын техника алууга өздүк салым катары которулуп берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж. Аскаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын 30.12. 2015. № 18/124 токтомуна тиркеме |
Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясына Сары-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж. Аскаровдун
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу депутаттар! Менин сиздерге кайрылуумдун себеби: АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту Өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында атайын техника алуу үчүн өздүк салым катары которуп берүүгө 304,0 (үч жүз төрт) миң сом акча каражаты керек болууда.
Жыл башында Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын 4-март 2015-жыл №13/90 токтому менен өздүк салымга которууга 155,0 (жүз элүү беш) миң сом акча каражаты бөлүнгөн, бөлүнгөн акча жетпегендиктен жайыт комитети тарабынан чогулган акча каражатынан дагы 149,0 (жүз кырк тогуз) миң сом акча каражатын, баардыгы 304,0 (үч жүз төрт) миң сом акча каражаты АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту Өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында атайын техника алуу үчүн өздүк салым катары которуга уруксат берүүңүздөрдү сураймын.