Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-декабры № 18/125
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабынын жүрүшүндө конкурстук комиссиянын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабынын жүрүшүндө конкурстук комиссиянын № 4 протоколун талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылына балдар ойноочу футболдук аянтча жана Сары-Булак айылындагы Шамен орто мектебине кошумча куруу сунушу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын 30.12. 2015. № 18/125 токтомуна тиркеме |
Айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айылды инвестициялоо долбоорунун 3-этабынын жүрүшүндө түзүлгөн комиссиянын
ПРОТОКОЛУ № 4
1-март 2016-жыл. Ак-Кыя айылы
Чогулушка катышкандар:
1. Н. Касымалиев -айыл өкмөтүнүн башчысы, чогулуштун төрагасы;
2. Д. Тайдаева - айыл өкмөтүнүн башкы адиси, чогулуштун катчысы;
3. Т. Абдыкеримов-Сары-Булак айылынын айыл башчысы;
4. Ы. Дүйшөмбиев -айылдык Кеңештин депутаты;
5. А. Сапарбек уулу -айылдык Кеңештин депутаты;
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1.Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы демилгелүү жумушчу топтордун аныктап чыккан социалдык көйгөйлөрүн кароо жөнүндө.
Угулду: 1. Күн тартибиндеги маселе боюнча чогулуштун төрагасы Н.Касымалиев чыгып төмөндөгүлөрдү айтты: “Сары-Булак жана Ак-Кыя айылдарындагы атайын 2015-жылдын 8-октябрында № 170, № 171 буйругу менен түзүлгөн демилгелүү жумушчу топтордун айылдагы приоритеттик көйгөйлөрүн аныктап профайлдарын мага тапшырышты, ошону урматтуу конкрустук комиссиянын мүчөлөрү биз карап чыгып эң көйгөйлүү маселелерин аныкташыбыз керек”
2. Комиссиянын мүчөсү Т.Абдыкеримов сүйлөдү: “Аныкталган көйгөйлөрдү карап чыктык көйгөйлүү маселелерден болуп Сары-Булак айылынын мектебине кошумча корпус куруу өтө муктаж экендигин баса белгилегим келет”.
3. Комиссиянын мүчөсү А. Сапарбек уулу сүйлөдү: “Менин оюмча профайлдагы аныкталган көйгөйлөрдүн ичинен Ак-Кыя айылына футболдук аянтча керек деп ойлойм.
Себеби биз ушул көйгөйгө муктажбыз, балдарды спортко кызыгуусун жогорулатыбыш керек”.
Комиссиянын мүчөлөрү бир добуштан колдошту, комиссиянын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылына балдар ойночу футболдук аянтча жана Сары-Булак айылынын
Шамен мектебине кошумча корпус курууга сунушталат.
Чогулуштун төрагасы: Н. Касымалиев
Чогулуштун катчысы: Д. Тайдаева
Чогулуштун мүчөлөрү: Т. Абдыкеримов
Ы. Дүйшөнбиев
А. Сапабек уулу