Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-апрели № 4
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Кара-Суу айыл аймагынын айыл окмотунун уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтируу максатында айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык бекитилсин. (тиркелет)
2. «Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» КРнын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо учун тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелуу мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | К. Иманкулов |
| «БЕКИТИЛДИ» Кара-Суу айыл аймагынын Айылдык Кенешинин 2013-жылдын 16-апрелиндеги №4 токтому менен |
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө
ЖОБО
Кара-Суу айылы 2013-ж
I.Жалпы жоболор
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
III.Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
IV.Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
VI.Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
VII.Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
VIII.Айыл башчысы
IX.Айыл өкмөтүнүнүн финансылык-экономикалык негиздери.
X. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби.
XI.Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу.
I.Жалпы жоболор.
1.1. Айыл өкмөтү- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган.Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык- экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.
1.2. Айыл өкмөтү бир айылдык кенеш-бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.
1.3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Мыйзамдарын, Президенттин Жарлыктарын, Өкмөттүн Токтомдорун, Жергиликтүү Кенештин чечимдерин, Мамлкеттик админитсрациясынын чечимдерин жана ушул жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аркеттенүү менен иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө болгон Конституциялык укуктарын жүзөөгө ашыруучу шарт түзөт.
1.4. Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат менен, коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта жүргүзүп, жарандардын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүдөгүх Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилдикке алынган укугу жана чындыг жөнүндөгү ишке ашырууну камсыз кылат.
1.5. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгүн төмөндөгүдөй принциптерде ишке ашырат:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш- милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жооопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш милдеттеринин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарнда жүзөөгө ашырышат;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну органдарынан тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдиришет.;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамдарын коргогон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепкеалынышы;
8) тиешелүү маселерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкулоо.
1.6.Айыл өкмөту юридикалык жактан эсептелинет, мөөрдү тийиштүү штамптары болот.
1.7.Айыл өкмөтүнүн уюштуруу укуктук формасы-мекеме
1.8.Мекеменин толук аталышы: мамлекеттик тилде-«Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси, расмий тилде-учреждение «Айыл окмот Кара-Суйского айылного аймака».
1.9.Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери:Кыргыз Республикасы Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы Абит көчөсү №57.
Айыл аймагынын өкмөтүнүн структурасы.
1.5.Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн структурасы штаттык саны Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталып бекитилет.
1.6.Айыл аймагынын айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, анын орун басарынан жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн апаратындагы муниципалдык кызматкерлерден айыл башчыларынан турат.
1.7.Айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн апараты айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынаөздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында атчетторун даярдоодо жана өткөрүүдо көмөк көрсөтөт.
1.8.Айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүнүн ишинде тийиштүү айыл аймагынын айылдык кенешине ал эми өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлкеттик органдарга отчет берет.
1.9 Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүү маанидегши маселелерин оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айыл аймагынын айылдык кенешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
1.10. Айыл аймагынын айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алган чечимдерге айыл а1ймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кол коют.
1.11 Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
1.12. Жаранжардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттеринде тиешелүү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнү чечимдери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.
II. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнүн компетенциясы.
Айыл аймагынын айыл өкмөтү:
Аймакты социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл аймагынын айылдык кенеши тарабынан бекитилгенлен кийин аткарылышы камсыз кылат.
Жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат ал айыл аймагынын айылдык кенеши тарабынан бекитилгенден кийин анны аткарат:
Тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш чараларды жүзөөгө ашырат:
Жаны жумуш орундарын ачуу боюнча иш чараларды иштеп чыгат, жүзөөгө ашырат:
Ишканаларды менчиктештүрүүгө жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансына социалдык-маданий тиричилик жана чарбалык маанидеги обьектерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу шайманды өткөрүп берүүдө катышат.
Турак-жай фондун, турак жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты аббат кылуу боюнча иш чараларды иштеп чыгып жүзөөгө ашырат;
Муниципалдык менчикте турган жерлерди ошондой эле Айыло чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин акыл эстүү пайдалануу боюнча иш чараларды иштеп чыгат , жүзөөгө ашырат;
Аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөөгө ашырат, архитектураны жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролдоо ишке ашырат.
Жаратылыш кырсыктарынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү алардын кесепеттерин жоюуу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-лпрактикалык иш чараларды жүзөөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык дагы башка иш чараларды жүзөөгө ашырат
IV. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
4.1.Аймактын жашоо турмушунун тутумунун иштешин жана өндүрүшүнүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнөн карамагына төмөнкү маселелери таандык кылынат.
1)тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвест ицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципиалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда конолизация жана тазалоочу курулмалардын тутуму менен ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципиалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнүн уюштуруу;
8) Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жажылдандыруу;
10) Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11) турмуш тиричил калдыктарны жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
12) Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттордун иштешин жөнгө салу ;
13) Жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
14) Жергиликтүү маанидеги китепканардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15) Жер пайдалануу эрежелерин белгилүү жана шаар куру менен архитектураын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
16) Тиешелүү калктуу колнуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17) Коомдук тартипти сактоону көмөктөшүү;
18) Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш чараларды жүзөөгө ашырууну уюштуруу;
21) Дене тарбиясын жана массалык спорту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюууга көмөктөшүү;
4.2. Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.
4.3.Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жана каржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик амсыз кылуунун тартибин белгилеп мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөөгө ашырылат.
4.4. Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кенеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларга гана жол берилет.
4.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик45 бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
4.7. Айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүнболгон негизги мамалекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:
Калктын жумуштуулугунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
Жарандардын эсебин алуу каттоосу, паспорт режиминин эрежелерин аткарылышына көзөмөлдүү жүзөөгө ашыруу, жарандарды белгиленген тартипте эсепке коюууну жана эсептеп чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;
Мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүүжана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка обьекттер менен камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
Жарандарга инсандык, үй-бүлөөлүк, мүлктүк абалын ырастоочу документтердижана мыйзамдар менен каралаган башка документтерди берүү;
Аскерге милеттүүлөрдүн жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы алынышын жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алуу жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чыгарууну уюштурууга көмөктөшүү;
Айыл чарбасына жарактуу жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;
Айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;
Ветеринардык санитардык , эпизоотияга каршы иш чараларды жана мал чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында жүргүзүүнү уюшьурууга көмөктөшүү;
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө каршы күрөшүү, өстүрүлгөнтүшүмдү токой коргоо тилкелерин жана токой массивин сактообоюнча тиешелүү чаралрды камсыз кылуу;
Салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш чараларды иштеп чыгуу жана жүзөөгө ашыруу;
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
Тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
Даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү иликтеп билүү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо;
Мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар;
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
5.1. Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субьекттердин жетекчилик кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтьүнүн башчысы боло алат.
5.2. Кылмыш жазагандыгы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте тындырыла же алып салына элек Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
5.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кенешинин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы ( мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
5.4. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын ал шайланган мөөнөтү аяктаганга чейин 25 календарлык күн калгандан кечиктирбестен дайындалат.
5.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда борбордук шайлоо комиссиясы бош орун пайда болгон күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
5.6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
5.7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кенештин депутаттары тарабынан .жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
5.8. Тиешелүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапркер шайланды деп эсептелинет.
5.9. Эгерде:
— катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттарынын тен санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүүрөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын азыраагын же тенин алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тен санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.10. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкенрлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.11. Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болболсо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
5.12. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календарлык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
5.13. Жаны талапкерликтерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кенчиктирбестен өткөрүлөт.
5.14. Эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, борбордук шайлоо комиссиясы 3 календарлык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
5.15. Айыл өкм өтүнүн башчысын шайлоонун ушул жободо жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кенештин регламенти менен аныкталат.
5.16. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
5.17. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгүг берилет.
5.18. Эгерде тиешелүү кенештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кенешти таратууну жүзөөгө ашырат жана тиешелүү жерги ликтүү кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
5.19. Айыл өкмөтүнүн жаны башчысы шайланганга чейин райондун акими өз тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
5.20. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээленген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы үчүн –айыл кенешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда, -айыл кенешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнгө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурунда;
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
9) айыл кенешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
10) тараптардын ( тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
5.21. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кенеши тарабынан ишңенбестик билдирилген учурда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл кеншинин чечимине макулдук бербөө жөнгүндө чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
5.22. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кенешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
5.23. Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаны айыл өкмөттү шайлаганга чеийн өзүнүн акты менен айыл өкмөтүнүн милдетитн аткаруучуну дайындай алат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
2) айыл кенешине жергиликтүү бюджеттин долболорун сунуштайт, жарым жылда би рден кем эмес кенештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактык социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет;
3) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
4) айыл кенешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;
5) өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюууга укуктуу;
6) тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
8) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кенешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
9) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет..
VII..Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
7.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок болгон учурда анын ордуна иштейт жана айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
7.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
7.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
7.4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө дайындалат.
7.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөөзө ашырылат.
7.6. Айылдык кенеш ушул Жобонун 5.20. бөлүгүнүн 1 жана 2-пунктарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан милдеттүү түрдө аткарууга жаткан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен бошотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
7.7. Жергиликтүү кенештин сунушу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотпогон учурда сунуш киргизилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду деп эсептелет.
7.8. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында аткаруучу иш милдети үчүн жооптуу болот.
VIII.Айыл башчысы.
8.1.Айыл кенешинин чечими боюнча өзүнчө жайгашкан калк конуштардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл кенешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат оруну киргизилсе болот.
8.2. Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.
8.3. Айыл башчы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп эсептелет.
8.4.Эгерде калк конуштан айылдык кенешке депутаттар шайланбаса, айыл башчысы жергиликтүү кенештин жыйналыштарына кенеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
IX. Айыл өкмөтүнүн финансылык –экономикалык негиздери
9.1 Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негизин кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жергиликтүү жамааттарга бекитилген кирешенин салыктык жана бейсалык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөөгө ашыруучу ишканалар , уюмдар жана мекемелер түзөт.
9.2. Айыл өкмөтүнөн мамлекеттик органдар , жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
10.1. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү кенештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.
10.2. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосу жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет .
10.3. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
XI . Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туру.
Айыл өкмөтү Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга , конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого , ошондой эле мамлекеттик аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүтөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.
11.2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү айыл өкмөтүнөн ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймака тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабын аныкталат.
11.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгонго айыл өкмөтүнө укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтү: К.Үмөтов