Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 1
Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Эшенкулов Турдумаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ноокен районунун ардактуу атуулу, өз ишинде бир нече ийгиликтерди жараткан маркум Эшенкулов Турдумаматтын ысымын Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө ыйгаруу боюнча Проектируемая көчөсүнүн тургундарынын 2016-жылдын 29-апрелиндеги чогулушунун токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Эшенкулов Турдумаматтын ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Проектируемая көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Эшенкулов Турдумаматтын жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Эшенкулов Турдумаматтын үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |