Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 2
Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Курманбаев Орозбек Каиповичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Мурдагы Ленин райондук оорукана учурдагы Ш.Суеркулов атындагы Ноокен аймактык оорукананын түптөлүшүнө кошкон салымын жана көп жыл талыкпай эмгектенип, элине зор салымын кошкондугу үчүн эмгекчилдиги, «Ноокен аймактык оорукананын мыкты дарыгери» маркум Курманбаев Орозбек Каиповичтин ысымын Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө ыйгаруу боюнча Проектируемая көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Курманбаев Орозбек Каиповичтин ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Проектируемая көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Курманбаев Орозбек Каиповичтин жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Курманбаев Орозбек Каиповичтин үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |