Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-майы № 4
Масы айылындагы Проектируемая көчөсүнө Эшенкулов Токтомураттын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси маркум Эшенкулов Токтомураттын ысымын Масы айылындагы К.Султанов чолок (жаңы конуш) көчөсүнө ыйгаруу боюнча К.Султанов чолок (жаңы конуш) көчөсүнүн тургундарынын 2015-жылдын 10-ноябрындагы токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8- пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы К.Султанов чолок (жаңы конуш) көчөсүнө Эшенкулов Токтомураттын ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. К.Султанов чолок (жаңы конуш) көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Эшенкулов Токтомураттын жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Эшенкулов Токтомураттын үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |