Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 7
Масы айыл аймагында муниципалдык кызматтардын стандартын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Назаровдун маалыматы эске алысын.
2. Масы айыл аймагындагы муниципалдык кызматтардын стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет.)
Масы айыл аймагында бекитилген муниципалдык кызматтардын стандартынын негизинде иш алып баруу Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |
| Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын № – ТОКТОМУ менен бекитилген.
|
МАСЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН
МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТАРДЫН СТАНДАРТЫНЫН МАЗМУНУ
1. Муниципалдык кызматтардын паспорту | ||
1. | Кызматтардын аталыштары, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде кызматтарды аткаруучунун аракеттерин кыскача сыпаттоо | Жалгыз бой, аз камсыз болгон кишилерди кыш мезгилинде кошумча көмүр менен камсыз кылуу. |
2. | Кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (муниципалдык мекеменин) толук аталышы | Масы айыл өкмөтү, Социалдык маселелер боюнча адистер. |
3. | Муниципалдык кызмат алуучулар | Масы айыл аймагында туруктщщ жашаган: 1.Жалгыз бой жарандар (жалгыз бой түгөйлүү жубайлар): 60 жаш курактагы жана андан ашкан аялдар, 65 жаш курактагы жана андан ашкан эркектер; 2. Жалгыз бой энелер- багуусунда жана тарбиялоосунда балдары бар, туулгандыгы тууралу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылган эне (никеде турбаган); 3. Аз камсыз болгон, жыкыр үй-бүлө катарында ЖӨБО органы тарабынан каттоого алынган жарандар; 3. ВОВтун жана тылдын ардагерлери. |
4. | Муниципалдык кызмат алуунун укуктук негиздери
| 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн ушул Улуттук стратегиясы . “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” КР. мыйзамы. “Согуштун Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана орук эмгекчилери жөнүндө” мыйзамы. Масы айылдык кенешинин 01.12.2015-жылкы №8 токтому. |
5. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | 1.Жалгыз бой жарандар (жалгыз бой түгөйлүү жубайлар): 60 жаш курактагы жана андан ашкан аялдар, 65 жаш курактагы жана андан ашкан эркектер; 2. Жалгыз бой энелер- багуусунда жана тарбиялоосунда балдары бар, туулгандыгы тууралу күбөлүгүндө атасы жөнүндө жазуу болбогон же атасы жөнүндө жазуу энесинин көрсөтмөсү боюнча жазылган эне (никеде турбаган); 3. Аз камсыз болгон, жыкыр үй-бүлө катарында ЖӨБО органы тарабынан каттоого алынган кишилер; 3. ВОВтун жана тылдын ардагерлери. Кыш мезгилинде жылына бир жолу 500(беш жүз) кг. кошумча көмүр менен камсыз болушат. |
6. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүлөт: - айыл өкмөтүнүн санитардык нормаларга жооп берген бөлмөсүндө; - жарандар тосколдуксуз имаратка кирүү мүмкүнчүлүк түзүлгөн шартта, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектерген (ЛОВЗ) жарандар үчүн (пандус, кармагычтары) менен жабдуу болушу керек; - кабыл алуу бөлмөлөрү жарандарга ынгайлуу шарт түзүү максатында, кезек күтүү үчүн отургучтар жана тийиштүү документердин тизмеси жана үлгүлөр менен камсыз болуушу керек; - Эгерде пенсионерлер, ВОВтун жана тылдын ардагерлери, ЛОВЗ жарандар документтерин тапшырууга имаратка кирүүгө мүмкүнчүлүгү жок учурда, ЖӨБО органдын жоопту кызматкери арызын алууга сыртка чыгуу менен кабыл алууну жүргүзөт. |
7. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | 1-июндан баштап 1-июлга чейин муниципалдык кызмат алуучулардын документтерин кабыл алуу. 1-октябрга чейин керектөөчүлөрдү көмүр менен камсы кылуу. Документтерди кабыл алуу айыл өкмөтүнүн имаратында жоопту кызматкер тарабынан саат 8:30дан 17:30га чейин жумуш күндөрү жүргүзүлөт. |
2. Муниципалдык кызмат алуучуларды маалымдоо | ||
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө (керектүү маалыматтардын тизмеси), жана стандартташтыруу үчүн жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо. | Муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот: ЖӨБО органын маалымат доскасынан; ЖӨБО органына жеке кайрылуу учурунда; Жыйындырда жана жолугушулар учурунда; Айыл башчылар тарабынан (индивидуально)маалымат жеткирилет. Кызмат көрсөтүүчү жоопту кызматкерлер, иштөө графиги, телефондору ЖӨБО органынын маалымат доскасына жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик тилде берилет. |
9. | Муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты таратуунун ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларын мүнөздөө же саноо) | Муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты керктөөчүлөргө жайылтылат: ЖӨБО органын маалымат доскасында; Керектөөчүлөр ЖӨБО органына жеке кайрылуу учурунда; Жыйындарда жана жолугушулар учурунда ЖӨБО органынын кызматкерлери тарабынан жарыяланат; Айыл башчылар тарабынан кызмат алуучуларга жеке тартипте маалымат жеткирилет. Маалымат мамлекеттик тилде жайылтылат. |
3. Муниципалдык кызмат көрсөтүү жана тейлөө | ||
10. | Керектөөчүлөрдү кабыл алуу | Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү бөлмөсүндө табличка орнотулушу керек. Керектөөчүлөрдү кабыл алган жоопту кызматкердин аты-жөнүн белгилеген өздүк бейджиги болушу керек. Жоопту кызматкер кызматтык нускамаларды так сакташы керек жана кесиптик-этикалык нормаларды сактап, талаш-тартыштарды жаратпастан, керектөөчүлөрдүн талабына жекече өзгөчөлүктөрүн алда канча толук эске алуу менен сылык мамиле жасап, суроолоруна түшүнүктүү жооп берүү аркылуу кабыл алуу жүргүзүшү керек. |
11. | Жашырындуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Кызмат көрсөтүү учурунда жашырындуулук кепилденет. |
12. | Муниципалдык кызматты улууга керектүү документтердин тизмеси жана/же керектөөчү тарабынан жүргүзүлүчүү иш-аракеттер. | Документтердин тизмеси: 1. Арыз; 2. Өздүгүн тактаган документ паспорт. 3. Жашаган жери боюнча тактама; 4. Пенсиондук(ВОВтун жана тылдын ардагери) күбөлүгү; 5. Жакыр үй-бүлө катарында каттоодо тургандыгын жөнүндө тактама; |
13. | Акылуу муниципалдык кызматтардын наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт. |
14. | Муниципалдык кызматтын сапатынын параметри | Муниципалдык кызматтын сапаты төмөнкү критериялар аркылуу аныкталат: Кызмат алуучулардын баардыгын камтуу; көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн кечиктербестен кызматты көрсөтүү: кызматты көрсөтүүнүн шарттары стандарта белгиленген талаптарга жооп берүүсү. Жооптуу кызматкерлердин керектөөчүлөргө жасаган мамилеси. Документтерди топтоого кенеш берүү жана толтуруда жардам көрсөтүүсү. Даттануулар жана каалоолор тууралуу китеп уюштурулуп, керектөөчүлөр ой пикирин жазуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. |
15. | Муниципалдык кызматты электрондук форматта көрсөтүү. | Каралган эмес. |
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби | ||
16. | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу. | 1. Ушул стандарттын 3 пунктунда каралган кызмат алуучурдын катарына кирбеген учурда; 2. Ушул стандартын 12 пунктунда көрсөтүлгөн документтердин тизмесин толук 7-пункта белгиленген мөөнөттө ЖӨБО органдын жоопту кызматкерине тапшырбаган учурда. |
17. | Даттануунун тартиби. | Кызмат көрсөтүлбөй калган учурда же тийиштүү түрдө көрсөтүлбөгөн учурда кызмат алуучу ЖӨБО органдын башчысына ооз эки же жазуу түрүндө кайрылууга укукту. Ооз эки даттануу ЖӨБО органдын башчысы тарабынан жеке кабыл алуу жүргүзүү учурунда билдирилет. Жазуу түрүндө арыз жөнөкөй формада аты-жөнү, жашаган дареги, телефону жана даттануунун мазмууну жазылып арыз ээсинин колу коюлуп тапшырылат. Арыз жоопту кызматкер тарабынан кабыл алынат жана ЖӨБО органдын башчысы тарабынан КР. мыйзамдарынын талабына ылайык каралып жазуу түрүндө жооп берилет. |
18. | Муниципалдык кызматтын стандартын кайра кароонун мөөнөтү. | 3 (үч жылда) бир жолу. |