Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 8
Масы айылдык кеңешинин 2015-жылдын 10.03. №8-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык менчикти башкаруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Нурунбетовдун муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушу эске алынсын.
2. Муниципалдык менчиктеги жерлерди сатуу жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин өнөр жай, архитектура, транспорт жана телекоммуникациялар, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Оморовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |
| Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын № 8 – токтому менен бекитилген. |
Масы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтчаларын ижараг берүү жана сатуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы:
1. А.Нарматов- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
Комиссия мүчөлөрү:
2. И.Юлбарсов- Масы айылдык кеңешинин депутаты.
3. Б.Жусупбеков- Масы айылдык кенешинин депутаты.
4. Н.Назаров- Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
5. А.Оморов- Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы, Масы айылдык кеңешинин депутаты.
6. О.Исакжанов- Ноокен райжермамкаттоонун өкүлү.
7. А.Саитова-Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
8. А.Нурунбетов-Масы айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис.
9. К.Маматов- Масы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адис.
10. Б.Раимбекова- Масы айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы.
11. А.Тойчукулов- Масы айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы.
Масы айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис: А.Нурунбетов