Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 13
Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө 26.01.2015-жылдын № 26-мыйзамынын 12-1- пунктуна ылайык жана Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайырлуусун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун кайырлуусу эске алысын.
2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун курамына 16.000 (он алты миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБүнүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |