Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-ноябры № 15
Долбоордун артыкчылыгын тандоо жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн администрациясынын 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 01-13/137-буйругу менен бекитилген конкурстун негизинде АРИСке көйгөйлүү долбоордун артыкчылыгын тандоо боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн АРИСке жазган сунуштарды тандоо боюнча конкурстук комиссиянын төрагасы Н. Назаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Конкурстук комиссиянын отурумунун протоколунун чечими бекитилсин. (Конкурстук комиссиянын отурумунун протоколу тиркелет)
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б. Жусупбековго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |
| Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын № 15 – токтому менен бекитилген. |
Масы айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын отурумунун
П Р О Т О К О Л У
Масы айылы “_____”______________2016-ж
Катышты 11 адам
Күн тартибинде каралуучу маселе :
Масы айылынын Социалдык экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу боюнча АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында өткөрүлгөн жыйындрдагы сунуш-долбоорлорду кароо.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н. Назаров жыйналышты ачып, маалымат берүү үчүн сөздү Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Д. Акматовага берди.
Д. Акматова :
- Бүгүнкү комиссиянын отурумунда АРИСтин айылды инвестициялоо долбоорунун конкурсуна катышуу үчүн керектүү иш кагаздарын талап кылуу менен Масы айыл аймагындагы бардык айылдардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктап, АРИСтин Айылды инвестициялоо долбооруна сунуштоо максатында Масы айыл өкмөтүнүн администрациясы тарабынан 01.11.2016-ж № 01-13/137- буйругу менен конкурстук комиссия түзүлдү, курамы 11 адам.
Демилгелүү топ тарабынан Масы айыл аймагындагы 5 айылга 5түрдүү фокус топ түзүлүп, жыйындар өткөрүлдү. Жыйынга жалпы катышуучулардын саны 542, ал эми өткөрүлгөн жыйындардын протоколунун саны 30. Фокус топко Жаштар, Аялдар, Аралаш, Карылар, Ишинин тегине тобу катышты. Көйгөйлүү маселелердин саны 32 түздү.
- Жарыш сөзгө Масы айылдык кеңештин депутаты Т. Абдыкеримов чыгып, төмөнкүлөрдү кошумчалады.
- Жогоруда аталган 5 фокус топторжер-жерлерде жыйындарды уюштуруп, айыл ичиндеги көйгөйлүү маселелерди аныктоо үчүн жыйындар өткөрүлдү. Айылдын профайлы жөнүндөгү маалымат топтоо менен элге толук маалымат берилди. Мага өзгөчө жакканы профайл жөнүндө толук маалымат алдык.
- Жарыш сөзгө Апыртан айылынын айыл башчысы жана Масы айыл өкмөтунүн конкурстук комиссиясынын мүчөсү А. Кыргызбаев төмөнкүдөй оюн билдирди.
- АРИСтин Айылды инвестициялоо долбоорунун конкурсуна катышуу үчүн Масы айыл аймагына статус алган ар бир айыл профайлын түзүп, 5 топтогу фокус топтору менен жыйындарды уюштуруунун негизинде көйгөйлүү маселелер аныкталды.
- Жарыш сөзгө Богот балдар бакчасынын жетекчиси жана конкурстук комиссиянын
мүчөсү А. Кожоева төмөнкүлөрдү кошумчалады.
- АРИСтин Айылды инвестициялоо долбоорунун критерийлерине ылайыктуу жана чечилүүчү маселени сунуштоо үчүн Масы айылында 5 фокус топтун жер-жерлерде өткөргөн жыйындарды артыкчылыктуу көйгөйдү аныктоого багытталды.
Жогорудагылардын маалыматын угуп, талкуулап Масы айыл өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
АРИСтин Айылды инвестициялоо долбооруна Масы айыл аймагындагы айылдардын төмөнкү артыкчылыктуу көйгөйлөрү сунушталсын.
1. Кызыл-Кыштак айылындагы курулушу токтоп калган 150 орундуу мектептин жана 50 орундуу ашкананын ички бөлүгүндөгү курулуш иштерин аягына чыгаруу.
2. Беш-Жыгач айылындагы бала бакчага кошумча орун түзүү үчүн имарат куруу.
3. Масы айылдык маданият үйүнө казерог куруу.
Конкурстун жыйынтыгы менен Масы айылдык кеңештин сессиясына бекитип берүүгө сунушталсын.
Жыйындын төрагасы : Н. Назаров
Жыйындын катчысы : Д. Акматова