Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 2
Масы айылындагы Жаны-Абад көчөсүнө Исакжанов Алимжандын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, маркум Исакжанов Алимжандын ысымын Масы айылындагы Жаны-Абад көчөсүнө ыйгаруу боюнча Жаны-Абад көчөсүнүн тургундарынын 2016-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы Жаны-Абад көчөсүнө Исакжанов Алимжандын ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Исакжанов Алимжандын үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |