Редакцияот 24.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы

 

2016-жылдын 24-ноябры № 4

Масы айылындагы Кызыл-Октябрь көчөсүнө Тургунбаев Мамазакирдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Эмгек жолунда бир нече ийгиликтерди жараткан, маркум Тургунбаев Мамазакирдин ысымын Масы айылындагы Кызыл-Октябрь (Кызыл-Октябрь көчөсүнүн негизги) көчөсүнө ыйгаруу боюнча Кызыл-Октябрь көчөсүнүн тургундарынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы чогулушунун токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Масы айылындагы Кызыл-Октябрь (Кызыл-Октябрь көчөсүнүн негизги) көчөсүнө Тургунбаев Мамазакирдин ысымы ыйгарылсын.

3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.

4. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнү жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Тургунбаев Мамазакирдин үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековго жана мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Арзиев