Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун негизинде Масы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 04.11. түзүлгөн комиссиянын отурумунун чечимин бекитүү жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун ылайык түзүлгөн комиссиянын тең төрагасы Н.Назаровдун Масы айыл өкмөтүнүн тургундарынын көп жылдан бери пайдаланып келген жер тилкелерин бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун ылайык түзүлгөн комиссиянын тең төрагасы Н.Назаровдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 177-токтомунун негизинде Масы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 04.11. түзүлгөн комиссиянын отурумунун чечими тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Оморалиевке жүктөлсүн.
Төрага | С. Арзиев |
| Масы айылдык кеңешинин 2016-жылдын «24» ноябрындагы № 7- токтому менен бекитилди |
Масы айыл өкмөт башчысынын 18. 05. 2016-ж №01-13/63 буйругу менен «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча» түзүлгөн комиссиянын отурумунун №1 протоколу
04.11.2016-ж Масы айылы
Катышкандар:
Комиссиянын тентөрагалары:
Н Назаров-Масы айыл өкмөт башчысынын орун басары.
С Оморалиев-айылдык кеңештин депутаты
Комиссия мүчөлөрү: К Маматов-Масы айыл өкмөтүнүн жер адиси
Д Акматова-Масй айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси
А Саитова-Масы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
А Нурунбетов-Масы айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар,муниципалдык менчик боюнча адиси.
З Тургунбаев-раймамкаттоонун адиси
А Жамгырчиев-райархитектура адиси
С Оморкулов-Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы
А Маматсаев-Богот айылынын айыл башчысы
А Кыргызбаев-Апыртан айылынын айыл башчысы
Күн тартиби:
Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына келип түшкөн арыздарды карап чечим кабыл алуу.
УГУЛДУ:Тентөрага, Н Назаров-Урматтуу жыйындын катышуучулары
Бүгүнкү жыйынга 15 комиссия мүчөлөрүнөн 11-адам катышууда жыйын өткөрүүгө кворум бар, жыйынды өткөрүүгө макулдук бергендер кол көтөрсөнүздөр-11 макул демек бир добуштан , анда жыйынды ачык деп жарыялайм кимде кандай сунуштар бар?
А Нурунбетов-комиссия мүчөсү - ар бир арызды шашпай талкуулап,
КРнын Жер кодексине жана КРнын Өкмөтүнүн №177-токтомуна таянып чечим кабыл алсаныздар, айта кете турган нерсе өзүнүздөргө белгилүү болгондой Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына келип түшкөн арыз көп, бирок бүгүнкү карала турган жер тилкелери өздөрү көп жылдан бери пайдаланып келген жер тилкелер, мындайча айтканда там арка жер тилкесине туташ жер тилкелер жана кээ бирлеринин докуметтери туура толтурулбай калган , документи жок ж.б. ар бир жер тилке боюнча чечим кабыл алып бүтүп кийинки арызга өтсөк.
А Кыргызбаев А Нурунбетовту толук колдойм.
Тентөрага, Н Назаров- ар бир арызды талдап ,добуш берип андан кийин кезектеги арызды карасак деген сунушту добушка коем-11 демек бир добуштан.
Биринчи каралуучу арыз: Кызыл-Кыштак айылынан Ормонов Болушбектин арызы- Ормонов Болушбек үйдү өз айтуусунда 1998-2000 жылдары салган ,райархитектуранын 2003 жылда берген Кызыл-Кыштак айылынын тургундарына участка берүү үчүн түзүлгөн ген схемасында ал үй существующий деп көрсөтүлгөн, бирок азыркы күндө үйдүн документи жок, токтомду сурап облархивке кайрылдык жооп келген жок, раймамкаттоодон берилген маалымкатта кыймылсыз мүлкү жок деп берилген. Кошуналардын макулдугу бар, кимде кандай сунуш бар?
А Кыргызбаев ,айыл башчы Б Ормоновтун бул үйдө жашагандыгына көп жыл болду , кандайдыр себебтер менен токтом чыкпай калган же өзү убагында сураган эмес, токтом чыгарып берүү керек
С Оморалиев-тентөрага, токтом чыгарып берүү керек, себеби ал үй убагында архитектуранын жана башка мекемелердин уруксаты менен салынган жана көп жылдан бери жашайт, А Кыргызбаевти колдойм.
А Жамгырчиев-ал жер тилке ген. схеманын негизинде ,айыл өкмөт башчысынын макулдугу менен берилген, токтом чыгүарып берүү керек.
З Тургунбаев- кошуналары каршы эмес, токтом берүү керек
Н Назаров добушка койсок макулдар добуш бериниздер-11 баары макул.
Каралуучу арыз- Сай-Маала айылынан Шерматов Замирбек ,ал арызында атасы мурда пайдаланып келген 1200м2 жер тилкени үй салуу үчүн өзүнө токтом менен бекитип берүүнү сураган, раймамкаттоодон берилген справкада кыймылсыз мүлк катталбагандыгы тастыкталган, райархитектура турак жай куруу эрежелерине дал келет деп жер участогун түзүп берген, үй-турмуш шартын текшерүү актысында участок зарыл экендиги көрсөтүлгөн, өзү жумушсуз сунуштар болсо айтсаныздар.
Тентөрага, С Оморалиев-Шерматовтун атасы көп жыл мурда өтүп кеткен, ал жер тилкени өздөрү пайдаланып келген, ал жерди системный маалда каттоодон өткөн жана Шерматовтордун менчиги деп билчүүбүз, менин сунушум берүү керек бир үйдө апасы инилери жана Замир үй-бүлөсү менен жашайт, инилери үйлөнүш керек.
А Кыргызбаев- Сай-Маала айылынын айыл башчысы мен Оморалиевке кошулам, жашоо шарты оор, себеби инилери, Замирдин балдары чогуу жашайт, ал жерди көп жылдан бери пайдаланышат, Шерматов Замирдин өзүнө там-арка участоко деп токтом берүүбүз керек, кошуналары каршы эмес.
З Тургунбаев-раймамкаттоодо ал жер тилке эчкимге катталган эмес, Шерматов Замирге берсе болот жана берүү керек.
А Жамгырчиев-Үй куруу эрежелерине дал келет, суу келет, электр чубалгы даяр берүү керек.
К Маматов-конуш ичиндеги жер тилке , жогорудагылардын сунушуна толук кошулам.
Тентөрага- анда добушка коем-11макул, демек бир добуштан кабыл алынды
Кийинки арыз- Масы айылынын Манас көчөсүнүн тургуну Сарикова Салимахандан түшкөн , арызында техпаспорто көрсөтүлгөн жана фактический көп жылдан бери пайдаланып келген 60м2 жер тилкесин бекитип берүүнү сураган ,бул жер тилкени айыл өкмөт , раймамкаттоо,райархитектура адистери барып өлчөгөндө 660м2 чыккандыгы анык жана кошуналары каршы эмес, себеби 1999-жылдан бери пайдаланып келинген жер тилке кимде сунуш бар?
А Нурунбетов- бул жер тилке боюнча жогоруда айтылгандай райархитектура, раймамкаттоо адистери жана кошуналары болуп өлчөгөнүбүз 660,0м2 илкеси чыкан кошунасы экөө ортого дубал курабыз чек арабызды тактап бергиле деп арыз менен кайрылышканда барып тактаганбыз.
Раймамкаттоо адиси З Тургунбаев-бул жер тилкени кошуналары каршы эмес демек берсе болот.
А Жамгырчиев-архитектуралык нормалар сакталган ,мен жогорку сунуштарды колдойм.
А Саитова- берүү керек, өзү пайдаланып келген жер тилке жана кошуналары макул.
Н Назаров-башка сунуш болбосо добушка коем ,макул-11 демек баары макул
Азыркы каралуучу арыз- Богот айылынан Калмурзаев Дайырбек жана Нурмаматов Даниярдан бул эки арызды чогуу кароонун себеби экөө бир адамдын баласы-Калмурзаев Нурмамат системний каттоо жүргөн мезгилде
Азыркы жер тилке Калмурзаев Нурмаматка катталган код № 3-04-05-1003-0369, бирок 2315м2 жер тилке токтому жок, өздөрү көп жылдан бери пайдаланышат Калмурзаев Даирбек, Нурмаматов Данияр экөө тен үйлөнүшкөн балдары бар, раймамкаттоонун маалыматкатында экөөнө тен кыймылсыз мүлк катталган эмес, райархитектуранын ген схемасында үй курууга мүмкүн деп схема түзүлгөн, кошуналары каршы эмес, үй-турмушун текшерүү актысында там-арка участокко муктаж деп белгиленген, кимде кандай сунуштар бар?
А Маматсаев-Богот айылынын айыл башчысы, мен билгенден Нурмамат ака ал жер тилкени үй салгандан бери иштетет, бир үй-бүлөдө көпчүлүк жашашат, бардыгы бала-чакалуу, раймамкаттоодо Нурмамат акага катталган ,архитектура берсе болот деп схема чийип берген, берүү керек.
З Тургунбаев- ал жер тилке конуш ичиндеги жер тилке кошуналары каршы эмес, өздөрү пайдаланып келген, эки баласына берүү керек.
А Жамгырчиев-жогорудагыларга кошулам, электр чубалгысы даяр, суу келет бардык шарт бар жана эки баласына там-арка участок катары там салууга уруксат берүү керек.
С Оморалиев, тентөрага-арызды канаатандырууга кошулам.
Н Назаров-добушка койсок, добуш берсениздер макул дегендер кол көтөргүлө-11 бир добуштан кабыл алынды.
Тентөрага, Н Назаров-Арыз ээси МТФ участкасындагы Шадиева Якутай
көп жылдан бери пайдаланып келген жер тилкесине иниси Шадиев Акылдын баласы Бабаяровко токтом чыгарып берүүнү сурап арыз менен кайрылган себеби ал жер тилке туташ жер тилке экендигин ,арык чек ара катары колдонулгандыгын, эккен дарактарына 15-20 жыл болгондугун түндүк батыш тарабынан 253м2, ал эми түндүк чыгыш тарабынан 288м2 жер тилкелерин пайдаланып келгендигин жана ал жер тилкелерин инисинин баласына бекитилип берилсе калган жер тилкени өзүнүн менчик жер тилкесинен бөлүп берип түндүк чыгыш тарабынан үй салуу үчүн 900м2 там-арка участогу пайда болоорун тастыктаган . Жогорку арыз боюнча кимде ой-пикирлер бар айтсаныздар.
С Оморкулов-Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы, ал жер тилкени Якутайдын атасы пайдаланып келген, башка бирөөгө участка катары берүүгө болбойт, себеби эки тарабы тен Шадиеванын жерине туташ, теректери жана эккен жанактары жетилип калган, жер тилкени бекитип берсек инисинин баласы там-арка участоктуу болуп калат, бир адамга кезек кыскарат жана жаны үй-бүлө үйлүү болот, берүү керек.
К Маматов-мен Оморкуловту колдойм, өзүнүздөргө белгилүү болгондой там-арка участогуна кезек көп, өздөрү пайдаланган жер тилке башка адамга берилсе же үй батпайт же там-арка участок болбойт, менин сунушум берилсин.
З Тургунбаев-ал жер тилке мамкаттоодо бош, башка адамга берилсе 288м2 жерге үй батпайт Шадиева инисинин баласына 900м2 жер тилкеге жетпеген жер тилкени өткөрсө , там-арка участок пайда болуп, үй салынат берүү керек деген сунуштарга кошулам.
А Жамгырчиев-там арка участогуна берүүгө кошулам ,себеби конуш ичиндеги өздөрү пайдаланып келген жер тилке бардык шартары талапка жооп берет, кошуналары каршы эмес.
Д Акматова-берүү керек ,бир үй-бүлө үйлүү болот.
Тентөрага анда добушка коем-макул 11 адам бир добуштанкабыл алынды.
Тентөрага-каралуучу арыз Маматбалиева Арапатхандан , ал арызында турмушка чыгып балалуу болгондугу жана күйөсү 2008-жылы өтүп кеткендигин жана азыркы күндө үй салууга Масы айылынын Р Шермптов переулогундагы 400,0м2 жер тилкесин там- арка участок катары берүүнү суранган. Жогорку арыз боюнча кимде сунуш бар?
А Нурунбетов, комиссия мүчөсү-арыз боюнча райархитектура шааркуруу эрежелерине дал келет жана жер пайдалануу талаптарына жооп берет ,там-арка участок катары берсе болот деп жер участогун түзүп беришкен, раймамкаттоо ал жер тилке эчкимге катталбагандыгын жана Маматбалиева Арапатханга кыймылсыз мүлк каталбаган деген маалыматкат берген.
С Оморкулов-айыл башчы ,архитектура үй салууга болот деп жер участогун түзүп берген болсо , берүү керек азыркы күндө өзү туулган атасынын үйүндө, агасынын үй бүлөсү менен чогуу жашаса, агасынын өзүнүн бала-чакасы бар, айласыздан жашоодо, участокту берсек, там-арка налогу түшөт , эн негизгиси бир үй-бүлөнүн жашоо шарты онолот берүү керек.
Э Тургунбаев-кошуналарынын макулдугу бар, көчө комитеттери там-арка участоко өтө муктаж деп жазышкан берүү керек.
А Жамгырчиев- берүү керек, суу бар, трансформатор жанында шарты жакшы.
С Оморалиев тентөрага-берүү керек, үй салып жашасын, уулун үйлөсө азыр агасыныкына зорго батып жатат кийин батпай калат, добушка койсок.
Н Назаров-добушка коем-11 макул бир добуштан кабыл алынды.
Акыркы арыз, Кызыл-Туу айылынын тургуну Арыкбаев Исабектен арыктын үстүндө жайгашкан өзүнүн менчик жер тилкесине туташ жер тилке көп жылдан бери пайдаланып келген 220,0м2 жер тилкесин баласына токтом чыгарып берүүнү суранган.
А Нурунбетов, комиссия мүчөсү- ал жер тилке И Арыкбаевтин менчик жер тилкесине туташ жер тилке, системный регитрация мезгилиндеги жер тилке там-арка участок катары берүүгө кичинелик кылат, уулуна үй салуу үчүн 220,0м2 жер тилкесин баласына берсек, өзүнүн акрыктын үстүндөгү жерин уулуна берет жана там-арка участок пайда болот , берсе болот.
С Оморкулов-берүү керек, себеби көп адамдар системный регистрация маалында жерлерге токтом чыгыартып азыр баласына бербей сатып, балдарын айыл өкмөткө там-арка участогун алууга кезеке коюшкан
И Арыкбаев баласына үй салууга жетпей калган 220,0м2 жер тилкесин сурап жатат берүү керек.
З Тургунбаев-мамкаттоодо ал жер тилке бош жана кошуналардын макулдугу бар берүү керек.
А Жамгырчиев үй салса, баардык шарты бар берүү керек деген сунуштарга кошулам.
С Оморалиев, тентөрага берүү керек, добушка коюу керек.
Н Назаров, тентөрага –добушка коем, 11 макул бир добуштан кабыл алынды.
Эми жогорку караган арыздар боюнча токтом кабыл алсак.
Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча түзүлгөн комиссия ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Ормонов Болушбеке Кызып-Кыштак айылынан 0,10га жер тилкеси КРнын
Жер кодексинин 32- беренесине ылайык там-арка участок катары берилсин.
2 Шерматов Замирге Сай-Маала айылынан ата-энеси пайдаланып жүргөн 0,12га жер тилкеси КРнын жер кодексинин 32- беренесине ылайык там-арка участок катары берилсин.
3 Манас көчөсүнүн тургуну Сарикова Салимаханга өзү көп жылдан бери пайдаланып жүргөн 60,0м2 жер тилкеси бекитип берилсин.
4 Калмурзаев Дайырбеке Богот айылынан ата-энеси пайдаланып жүргөн 0,12га жер тилкеси КРнын жер кодексинин 32- беренесине ылайык там-арка участок катары берилсин
5 Нурмаматов Даниярга Богот айылынан ата-энеси пайдаланып жүргөн 0,12га жер тилкеси КРнын жер кодексинин 32- беренесине ылайык там-арка участок катары берилсин
6Бабаяров Маматказыга Р Шерматов көчөсүнүн № 2 переулогундагы көп жылдан бери чон атасы ,азыркы күндө таэжеси пайдаланып жүргөн 541м2 жер тилкеси КРнын жер кодексинин 32- беренесине ылайык там-арка участок катары берилсин
7 Маматбалиева Арапатханга Р Шерматов көчөсүнөн 400,0м2 жер тилкеси КРнын Жер кодексинин 32- беренесине ылайык там-арка участок катары берилсин.
8 Арыкбаев Замирбекке атасы көп жылдан бери пайдаланып келген 220,0м2 жер тилкеси КРнын жер кодексинин 32- беренесине ылайык там-арка участок катары берилсин
Комиссия тентөрагалары: Н Назаров
С Оморалиев
Комиссия мүчөлөрү :
К Маматов
Д Акматова
А Саитова
А Нурунбетов
З Тургунбаев
А Жамгырчиев
С Оморкулов
А Маматсаев
А Кыргызбаев