Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 2/2
Бирлик айыл аймгынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджетин бекитүү жана 2018-2019-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин күн тартибиндеги маселе боюнча 1998-жылдын 11-июнундагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизиги принциптери жөнүндөгү» 2003-жылдын 25-сентябрындагы №215 «Өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» 2015-жылдын 31-декабрь айындагы №233 Кыргыз Республикасынын 2017- жыл үчүн республикалык бюджети жана 2018-2019- жылдар үчүн бюджетинин долбоору жөнүндөгү Мыйзамынын негизинде түзүлүп жана Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика маселелеринин туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен каржы бөлүмүнүн башчысы О. Шералиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016- жылдын бюджетинин аткарылышы кирешелер бөлүгү 10646,8 миң сом, чыгашалар бөлүгү 10391,2 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы бекитилсин .
2. Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 12399,0 миң сом ( атайын каражат мене) өлчөмүндө№1- тиркемеге ылайык бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
3. Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 12239, 7миң сом ( атайын каражатсыз) өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.(№2 тиркемеге тиркелет).
4. Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017- жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 159,3 миң сом өлчөмүндө№3 тиркемеге ылайык бекит илсин. (№3 тиркемеге тиркелет).
5. Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2019- жылдар үчүн негизги жана параметрлеринин болжолу менен долбоор 2018- жылга кирешелер жана чыгашалар 11134,8 миң сом өлчөмүндө№ 4, 5 тиркемеге ылайык жаптырылсын.
6. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте кароого алынган беренелер боюнча ( эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр , тамак аш , комуналдык кызматберенелерине) жүргүзүлсүн.
7. Чыгашалардын корголгон берененлерине каралган каражаттар штаттык бирдиктер жана нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйүшү мүмкүн.
8. Бирлик айылдык Өкмөтүнүн 2017- жылга жылдык бюджети 2017- жылдын 1- январынан баштап ишке киргизилген.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана эконмика боюнча туруктуу комиссиясынна тапшырылсын.
Төрага | К. Шакиров |
| Бирлик айылдык Кеңешинин 2017 жылдын 23 –январындагы №2/2 токтомуна №1-тиркеме |
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 2016-жылга карата.
Сумасы
Киреше салыгы 1370,0 миң сом
Патент салыгы 172,8 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык 27,4 миң сом
Кыймылдуу мүлкөккө алынуучу салык 755, миң сом
Тамарка салыгы 330,8 миң сом
Айыл чарбасына жарактуу жерлерден алынуучу салык 438,7 миң сом
Айыл чарбасына жараксыз жерлерден алынуучу салык 75,1 миң сом
Сатуудан алынуучу салык 147,6 миң сом
Калктуу конуштардын жер ижарасына 60,0 миң сом
Ижара акы 568,0 миң сом
Таштанды салыгы 74,7 миң сом
Атайын каражат 159,3 миң сом
Теңдөөчү грант 7801,6 миң сом
Лицензия кармап туруу салыгы 159,3 миң сом
Жайыт пайдалануучулардан түшүүчү салык 396,0 миң сом
Жалпысы: 12399,0 миң сом
Жооптуу катчы | М. Каримов |
| Бирлик айылдык Кеңешинин 2017 жылдын 23 –январындагы №2/2 токтомуна №2-тиркеме |
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмътүнүн чыгаша бөлүгү 2017 –жылга карата ( Ар бир бөлүм боюнча)
Сумма:
1.Жалпы максаттагы кызмат көрсөтүү | 5610,2 миң сом |
2.Маданият | 559,0 миң сом |
3.Билим берүү | 3327,7 миң сом |
4.Турак жай жана комуналдык кызмат | 2742,8 миң сом |
Жалпысы: | 12239,7 миң сом |
| Бирлик айылдык Кеңешинин 2017 жылдын 23 –январындагы №2/2 токтомуна №3-тиркеме |
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счётунун киреше жана чыгаша бөлүгү 2017-жылга карата
1.Атайын каражат (тамак аш) 153,3миң сом
Билим берүү (бала бакча) 153,3 миң сом
| Бирлик айылдык Кеңешинин 2017 жылдын 23 –январындагы №2/2 токтомуна №4-тиркеме |
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018 -жыл үчүн негизги параметрлердин болжолунун киреше жана чыгаша бөлүгүү 11134,8 миң сом өлчөмүндө жактырылсын
| Бирлик айылдык Кеңешинин 2017 жылдын 23 –январындагы №2/2 токтомуна №5-тиркеме |
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019 -жыл үчүн негизги параметрлердин болжолунун киреше жана чыгаша бөлүгү 11612,2 миң сом өлчөмүндө жактырылсын