Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 1
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Акназаров айылдык Кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016 –жылдын 26-октябрындагы кезектеги 27-сессиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы №114 токтому менен бекиген Жобого ылайык ”Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Акназаров айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Акназаров айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн жайыттарын тактоо жайыт комитетинин төрагасы Д.Бекматовго жерлерин тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Исмаиловго жуктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жакышевге жуктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |