Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин 17-чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
2017-жылдын 20-февралы № 3
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап 1-кезексиз сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2017-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |
| Тиркеме № 1 |
Кара-Суу айылдык Кенешинин депутаттарынын 2017-жылга карата аткарылуучу
ИШ ПЛАНЫ
№ | Иштелүүчү иштердин мазмуну | Ким аткарат | Мөөнөтү
|
1 | Айылдык депутаттардын сессияларынын материалдарын даярдоо, тармактык комитеттердин иш планын бекитүү, көзөмөлгө алуу жана аыйл өкмөт менен биргеликте иштөө. | Төрага, орун басар, АӨнүн жоопту катчысы. | Жыл бою |
2 | Арыз даттануулар менен иштөө жана өз убагында жооп берүү, тиешелүү тармактарга тапшырма берүү. Иштин жүрүшүн көзөмөлгө алуу. | Төрага, орун басар. Тармактык комиттетер. | Жыл бою |
3 | Жогорку уюмдардан келген токтом, указдардын аткарылышын жана бул боюнча уюштуруу иштерди, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен иштөө. | Төрага, орун басар | Жыл бою |
4 | Айыл ичинин тазалыгын алдын алуу максатында, эл менен биргеликте «Тазалык ден соолук булагы» деген ураан астында айыл ичинде ишембиликтерди өткөрүү. | АӨ, Соц тармак, Ишканаа жэтекчилери. Депутаттар. Коомдук уюмдар. | Жыл бою |
5 | Коомдук мыйзамды көзөмөлгө алуу жана жакшыртуу максатында участкалык инспектордон жана мектеп жетекчилигинен, жаштар уюмунан, мектеп парламентинен жана КААБ дан иштин жүрүшүн талап кылуу. | Мектеп администрациясы, мектеп парламенти, КААБ | Жыл бою |
6 | Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн толтурулушун, салык, таза-суу, жайыт көзөмөлдөө, тиешелүү кызматкерлерден талап кылуу, муктаж болгондо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. | Төрага, орун басар, бюджет комитети | Жыл бою |
7 | Жаштар уюму, аксакалдар соту жана коомдук уюмдар менен иш алып барууну жакшыртуу. | Төрага, орун басар, укук комитети | Жыл бою |
8 | Айыл калкын социалдык жана маданий жактан тейлоо абалынын жакшырылышына козомол кылуу. | Төрага, орун басар, соц тармак | Жыл бою |
9 | Шайлоочулар тарабынан депутаттарга коюлган доо арыздарга убагында жооп берүү | Жалпы депутаттар | Жыл бою |
10 | Маданий-массалык иштеринин жогорку деңгээлде өтүшүнө колдоо көрсөтүү | Төрага, орун басар, соц. тармак Айыл өкмөтү. | Жыл бою |
11 | Айыл чарбасындагы айдап-себүү, оруп-жыюу иштерин элдин үрөөн, күйүүчү май менен камсыз болушун техникалардын оңдолушун айыл өкмөтүнөн талап кылуу, бирге иш алып баруу. | Төрага, орунбасар, агрардык комитет | Жыл бою |
12 | Жергиликтүү бюджеттин бөлүнүшүн депутаттар, тармактык комиссиялар менен биргеликте көзөмөлгө алуу. | Төрага, орун басар, бюджеттик комитет | I квартал |
13 | Жугуштуу оорулардын алдын алуу , иш алып баруу максатында (бруцеллез, кутурма, күл, сибирь жарасы, туберклез) айыл өкмөтүндө резервдик фонд түзүү. | Агрардык комитет, Айыл өкмөтү | Жыл бою |
14 | Жаштар саясатын жакшыртуу, маданий, спорттук иш чараларды жана конкурстарды откорууго депутаттар менен биргеликте иш алып баруу. | Төрага, орун басар, соц. тармак Жалпы депутаттар.АӨ. Маданият кызматкерлери. | Жыл бою |
15 | Жазгы жана күзгү көчүп конууларды айыл өкмөтү, жайыт комитети менен биргеликте өз убагында көчүп конуусун көзөмөлгө алуу. | АӨ, төрага, орун басар, агрардык комитет. Участкалык милиция. | Жыл бою |
16 | Ар бир айдын аягында иштеген иштерге анализ беруу, комиттетердин иш планын жана иштерин көзөмөлдөө. | Төрага, Орун басар | Жыл бою |
17 | Мекеме жетекчилеринин, жайыт комитетинин, таза-суу башчысынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын, кызматкерлеринин бир жылдык отчетун угуу. | Төрага, депутаттар | Квартал сайын. |