Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VI шайланган) биринчи уюштуруу сессиясы
2017-жылдын 4-январы № 1/3-а
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1-2-протоколдорун бекитүү жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №1-2-протоколдорун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндөгү №1-протоколу, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн өз ара милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндөгү №2-протоколу бекитилсин.
Депутат | Т. Оморов |
Кыргыз Республикасынын Кашка-Жол Кеңешинин төрагасын шайлоо.
Тоготой айылы 4-январь 2017-жыл.
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын
№1 протоколу
Заседаниеге катышкан эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү:
Сулайманов Абдыкалык
Кулмаев Жеңиш
Кочкорбай уулу Канатбек
Күн тартиби:
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, төрагасынын орун басарын жана катчысын шайлоо жөнүндө.
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн пикирлерин угуп эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп Сулайманов Абдыкалык, төрагасынын орун басары, катчысы болуп Кочкорбай уулу Канатбек шайлансын.
Эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитип берүү жагы депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин сессиясынын заседаниесинен суралсын.
Эсептөө комиссияснын төрагасы: А.Сулайманов
Эсептөө комиссиясынын төрагасынын орун басары: Ж.Кулмаев
Мүчөлөрү: Кочкорбай уулу К
Кыргыз Республикасынын Кашка-Жол Кеңешинин төрагасын шайлоо.
Тоготой айылы 4-январь 2017-жыл.
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин търагасын шайлоо боюнча жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын
№2 протоколу
Заседаниеге катышкандар:
Сулайманов Абдыкалык
Кулмаев Жеңиш
Кочкорбай уулу Канатбек
К\н тартибиндеги каралуучу маселе:
Депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эссептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө иш бөлүштүрүү жөнүндө. Эсептөө комиссиясы заседаниесинде мүчөлөрүнө төмөнгүдөй иш бөлүштүрдү:
Сулайманов. А- төрагалык жалпы жетекчилик кылат.
Кулмаев Ж- орун басары, катчы, шайлоо блютендеринин берилишине көзөмөлдүк кылат.
Кочкорбай уулу К- мүчөсү ящик жанында шайлоо блютендеринин туура салынышын жана шайлоочулардын кабиналарга барып туура кыймыл аракеттерин жүргүзүүсүн байкап турат, блютендерди таратат.
Жогорудагылардын негизинде эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Эсептөө комиссиясынын өз ара бөлүштүрүү боюнча №2 протоколун бекитип берүү жагы депутаттардын Кашка-Жол айылдык Кеңешинин сессиясынын заседаниесинен суралсын
Эсептөө комиссияснын төрагасы: А.Сулайманов
Эсептөө комиссиясынын төрагасынын орун басары: Ж.Кулмаев
Мүчөлөрү: Кочкорбай уулу К