Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июлу № 39/7-7
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2017-2020-жылдарга Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 7-бөлүмчөсүнө ылайык Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2017-2020-жылдарга Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын долбоорун угуп жана талккулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2017-2020-жылдарга Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркелет)
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2017-жылдын“ 06 ” июлундагы кезектеги 7 сессиясынын № 39/7-7 токтому менен бекитилди |
Кара - Көл шаарын 2017-2020 - жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо
Программасы
Кириш сөз
Кара-Көл шаарынын экономикалык саясаты
Социалдык саясат
Коргонуу жана коопсуздук
Корутунду
Кириш сөз
Кара-Көл шаарын 2017–2020-жылдарга шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн Программасы (мындан ары программа) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2017-2020-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде иштелип чыккан.
Программаны даярдоодо 2016-жылдын август, 2017-жылдын февраль, март айларында мэрдин эл менен болгон жолугушуусундагы элден түшкөн суроо-талаптар эске алынган.
Программанын башкы милдети–өнөр-жай, курулуш ишканаларын жана менчик секторду өнүктүрүүнүн эсебинен экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана колдоо болуп саналат.
Экономикалык туруктуу өнүгүүнүн милдеттерин чечүү өз булактарынын өсүшүнүн жана айрым ишканаларга тике (ички жана тышкы) инвестицияларды тартуунун, менчик секторду, ага чакан жана орто ишканаларды колдоону камтуу менен өнүктүрүүнүн эсебинен өнөр жайдын өсүшүн камсыз кылуу сыяктуу артыкчылыктарга таянат.
Жашоо-шартты жакшыртуу боюнча иш-чаралар турак-жай курууга, коммуналдык кызматтарды, байланыш кызматтарын, билим берүү жана саламаттык сактоону өнүктүрүүгө багытталган.
Жогоруда аталган милдеттерди чечүү калкты ишке жайгаштырууну камсыз кылууну, ишке орноштуруу боюнча кызматтарды өнүктүрүүнү көздөйт.
Кара-Көл шаары мааниси боюнча республикада энергетик шаары болгондуктан акыркы жылдарда шаардын өнөр жай продукцияларынын үлүшү областын өндүрүш көлөмүнүн 35% деңгээлинде сакталууда.
Шаардыктардын жашоосу гидроэлектростанцияларды куруп жана эксплуатациялап жаткан ишканалардын иштөөсү менен тыгыз байланышкан. Ошондуктан, шаардын андан аркы өнүгүшү өкмөттүк деңгээлдеги олуттуу жана комплекстүү чечимдерге өтө муктаж. Анткени, шаарыбызда негизинен курулуш мекемелери, ГЭСтерди эксплуатациялоочу ишканалар жайгашкандыктан түздөн-түз мамлекеттик деңгээлдеги жүргүзүлүп жаткан саясатка байланыштуу. Ошондой болсо да шаардыктардын турмуш деңгээлдеринин жакшырышына жана жумушсуздукту азайтууга орчундуу иш-аракеттер жасалып келүүдө.
Шаардын социалдык кызмат чөйрөсүндө тиешелүү мекемелердин баардыгы бар: анын ичинде И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин Кара-Көл технологиялык институту, колледжи, кесиптик лицей, маданият үйү, шаардык оорукана.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мэриянын компетенциясына, мэрдин ыйгарым укуктарына ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди, берилген мамлекеттик укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн иш-чараларды жүргүзөт.
Шаардын негизги проблемалары:
1.Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун солгун жүрүшү.
2.Инженердик коммуникациялардын моралдык жана табигый жактан эскиргендиги.
3.Калктын (Сабиров, Масиров көчөлөрүнүн тургундары) турак-жай шартын жакшыртууга (эскилиги жеткен барак тибиндеги үйлөр) муктаждыгы.
4.Ишке орношуунун жетишсиз деңгээли.
I. Шаардын макроэкономикалык саясаты жана анын максаттары
Кара-Көл шаарынын экономикалык туруктуу өсүшкө жетишүү маселеси түздөн-түз Токтогул, Күрп-Сай жана Камбар-Ата ГЭС-2 өндүргөн электр энергиясына, өнөр жай продукциясына байланыштуу. Ал эми, шаардын экономикасынын өзөгүн түзгөн Токтогул ГЭСтер Каскады, Камбар-Ата-2 ГЭС дирекциясынын үзгүлтүксүз иштеп туруусуна бир нече факторлор таасирин тийгизет. Себеби, Токтогул ГЭСинин эскилиги жеткен жабдуулары ар кандай авариялардын болушуна алып келсе, суунун көлөмү да өндүрүшкө таасирин тийгизип келет. Камбар-Ата-2 ГЭСнин 2-агрегатын ишке киргизүү инвесторлордун ишине ылайык жүргүзүлгөндүктөн, мэриянын маанилүү багыттарынын бири-өзүнө тиешелүү маселелери боюнча, бул ишти инвестициялоо үчүн ыңгайлуу шарттады түзүү аркылуу курулуш иштерин илгерилетүү болуп саналат.
Шаардык ички дүң продукцияны 3,0% дан кем эмес өстүрүү-анын ичинен өсүү темпин өткөн жылга салыштырмалуу тармактарда:
-өнөр жайы-3,0% (эгерде суунун көлөмү калыбында кармалса жана Камбарата ГЭСтери толук ишке
киргизилсе)
-Айыл чарба-0,7%
-Курулуш-1,0%
-Кызмат көрсөтүү-1,4%
-Чекене соода жүгүртүү-1,8%
Ошондой эле, жогоруда белгиленгендей шаарды өнүктүрүүдө жеке сектордун да салымы болушу керек, ал үчүн шаардык мэрия биринчи кезекте жеке сектордун иш аракеттерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында мыйзам чегинде аракеттерин жасайт. Калкка кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлге көтөрүү жана ишкердикти колдоо менен жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүү.
Мындан сырткары муниципалдык аймактык башкармалыктарда, шаардык мэрияда, муниципалдык менчик башкармалыгында өзүн-өзү каржылоо деңгээлин жогорулатуу максатында муниципалдык менчиктеги объектилерди эффективдүү колдонуу, аларды инвентаризациядан өткөрүү, аренда акыларын учурдагы бааларга ыңгайлаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Ошондой эле экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу максатында:
-экономиканын реалдуу секторлорунун приаритеттүү тармактарын өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлоду иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу;
-бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткаруу;
-шаарда ишкерлер Кеңешинин ишин активтештирүү. Ишкерлер, мамлекеттик органдар, банк жана банк эмес финансылык компаниялар, эл аралык донордук уюмдардын өз ара кызматташуусун өнүктүрүү;
-Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги эс алуу жайларынын тейлөө деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
-инфраструктураны, коммуникацияларды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөт.
-азык-түлүк продуктыларынын базардагы дүң жана чекене бааларды төмөндөтүү боюнча иш жүргүзүү.
II. Өнөр жай саясаты
Менеджментти өнүктүрүү жолу менен өнөр жайын жандандыруу боюнча иш-чараларды биринчи кезекте ишке ашыруу керек. Токтоп турган жана иштебей турган ишканалардын, ошондой эле чыгашалуу жана төмөн рентабелдүү чарба жүргүзүүчү субъектилердин санын кыскартуу талап кылынат.
Энергетика-калктын жашоо деңгээлине жана экономиканын бардык чөйрөлөрүнө түздөн-түз таасир көрсөтүүчү стратегиялык тармак болгондуктан мамлекеттин стратегиясында дагы өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө приоритеттүү катары аныкталган.
Камбар-Ата ГЭСтеринин курулуштарынын ишке ашуусуна, ТГЭС, КГЭС теринин үзгүлтүксүз иштеп туруусуна жана инвестицияларды тартуу менен эскирип калган жабдууларды алмаштырууга жетишүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнун деңгээлинде чечиле турган маселелерди өз убагында талкууга алып чыгуу жана тиешелүү чечимдерди кабыл алынуусуна жетишүү.
1. Камбарата-2 ГЭСинин 2-агрегатын ишке киргизүү.
Камбарата ГЭС-1 көп жылдык мөөнөттөгү курулуш, бүгүнкү күндө курулуш иштери улантууга ТЭНин иштеп чыгуу иштери бүткөрүлүп, инвесторлорду тартуу иштери турат.
2. «Достук» Акционердик коому тарабынан жаны дизайндагы эки компоненттүү тиш жуугуч щеткаларын жана башка продукцияларын өндүрүү.
Завод “Достук” ААК тарабынан, ишкананы жана жумуш ордун сактап калуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү. Инвесторлорду тартуу жана ишкананы башка профилге өткөрүү иштери боюнча иш-чараларды түзүү.
III. Айыл чарба саясаты
Шаар боюнча айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жалпы дүң жыйымын жогорулатуу:
-Калктын эсебинен эт, сүт, жумуртка, жүн өндүрүүнүн так маалыматын статистика комитетине киргизүү жана мал соючу жайларды уюштуруу;
- Өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча жашылча мөмө жемиш, картошка, дан эгиндерин эгүү жана күнөөсканаларды ачууну уюштуруу.
IV. Курулуш, транспорт жана коммуникация тармагындагы саясат
Көп кабаттуу турак жай курулуш иштерин жандандыруу, К. Кулданбаев көчөсүндөгү курулушу бүтпөй калган үйлөрдүн курулушун жеке инвесторлорду тартуу жолу менен бүткөрүү.
Окуучуларга, мугалимдерге жана дарыгерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Токтогул атындагы №1-орто мектебинин капиталдык ремонт иштери жүргүзүү, Д. Шопоков атындагы №4-мектебинин 2-корпусунун курулушун жана Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун аймагында жайгашкан 8 батирлүү турак жайдын курулушун бүткөрүү.
Генпландын негизинде шаарыбыздын аймагына көп кабаттуу үйлөрдү куруу программасын ишке ашыруу. Көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен биргеликте өзүнүн техникалык жана моралдык жактан эскилиги жеткен жыгач үйлөрдө жашаган тургундарга батир менен камсыз кылуу маселеси чечилет.
Биринчи кезектеги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
- турак жай проблемасын чечүү;
- эскилиги жеткен инженердик коммуникацияларды алмаштыруу;
-үй куруу үчүн кошумча жер тилкелерин түзүү максатында “Торгой” жайлоосуна тиешелүү изилдөө иштерин уюштуруу жана жүргүзүү;
-Серый, Ак-Кыя-1, Токтогул, Сабиров, Чоң-Таш, Кайыңды көчөлөрүнүн ички жолдорун оңдоп- түзөө;
-Ак-Кыя-1, Ак-Кыя-2 айылдарын бириктирген жолду ачуу;
-Мүрзөлөрдүн айланасын королоо;
-НГЭС менен КТГЭСтен поймага түшкөн жолдун оң тарабындагы дөңсөөнүн бурчун алып, кайрылышты кеңейтүү;
-Жээн-Кыштоо айылындагы жолдорду оңдоо жана көчөлөрүн жарыктандыруу;
Шаардын аймагында бош жерлердин кескин азайгандыгын эске алуу менен аларды шаардагы капиталдык курулушка сарамжалдуу пайдалануу зарыл.
Транспорт
Шаардын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү калк пайдалана ала тургандай тейлөө кызматын көрсөтүүнү, жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөйт. Негизги багыттары активдүү менчик ээсин калыптандыруу, транспорттук кызмат көрсөтүү, уюштуруу шарттарын түзүү болуп саналат. Шаардык мэрия тарабынан тейлөөнүн сапаты, транспорт каражаттарынын абалы, жабдылышы жана токтой турган аялдамалардын абалын көзөмөлдөөнүн процедураларын кийирүү жана күчөтүү керек.
2017-2020-жылдарда шаар ичиндеги Ак-Кыя-1, Токтогул, Чоң-Таш, Кайыңды көчөлөрдөгү жолдорду оңдоо-түзөө жана асфальт төшөө иштери жасалат. Ошондой эле шаардын борбордук көчөлөрүнө да асфальт төшөө жумуштары улантылмакчы, ал эми Жазы-Кечүү айылынын ичиндеги жолдорун “Шамшыкал-Ата компани” ЖЧКу тарабынан цемент заводу курулган учурда алардын соцпакетине киргизүү менен жана “ЭС”ААКнун атайын фонду тарабынан асфальттоо иштерине каражат бөлдүрүүгө иш-чараларды аткаруу.
Байланыш жана коммуникациялар
Байланыш жана телекоммуникацияларды өнүктүрүү жана санариптик теле берүүлөр менен шаардын калкын камсыз кылуу, шаарыбызга жаңы мезгил талабына ылайык келген заман бап теле станциясын куруу маселесин ишке ашыруу.
Турак жай-коммуналдык чарба
Шаарыбыздын бюджетине байланыштуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү, батирлерге жайгаштыруу маселелери каралып келүүдө, ал эми 2017-жылга турак-жай сатып алуу үчүн каражат жергиликтүү бюджеттин абалына жараша кароо.
Кетмен-Төбө айылын толук кандуу суу менен камсыз кылуу да көп жылдык программалардын бири болуп эсептелет. Себеби, Камбарата-1 ГЭСинин курулуш иштерине суу маселесин жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу маселеси киргизилмекчи.
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, толук кандуу коммуналдык кызматтарды көрсөтүү боюнча- шаар боюнча борборлоштурулган суу м/н камсыздоо станциясынан 10400 адам суу колдонот. Таза суу менен камсыз болгон көчөлөргө 1966-жылы муздак суу, канализация түтүкчөлөрү тартылган ж/а муздак суу түтүкчөлөрүнүн узундугу 66175м, канализация түтүкчөлөрүнүн узундугу 37087м түзөт. Көрсөтүлгөн көчөлөрдүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен 2015-жылы 1414,0 миң сом каралып, аталган көчөлөргө таза суу чыгаруу боюнча проектик –сметалык документтер даярдалып бүткөрүлгөн ж/а КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин “Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаменти жана Европалык өнүктүрүү жана кайра реконструкциялоо банкы (ЕБРиР) аркылуу чакан шаарларды таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоордун титулдук тизмесине киргизүү үчүн кайрылуулар жөнөтүлгөн, эгерде бул маселе чечилип калса 2017-2020-жылдары 180,0 млн. сомдук проект ишке ашырылып, эл таза суу менен толук камсыз болот.
Шаар ичиндеги көчөлөрдүн жарык берүү системаларын оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү бюджеттен каражат, ал эми Жазы-Кечүү айылына (Бишкек-Ош жолунун жээгин) жаны жарык берүүчү столбаларды, прожекторлорду орнотуу үчүн “ЭС”ААКнун атайын фонду тарабынан каражат бөлдүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Токтогул ГЭСинин курулуш иштери башталгандан түптөлгөн Кара-Көл шаарынын суу түтүктөрү эскирген. 50 жылдан ашык кызмат кылган жылуулук жана суу түтүкчөлөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу шаар тургундарынын арасында көптөгөн нааразычылыктар туулууда.
Эскилиги жеткен суу түтүктөрүн ондоп-түзөө иштерине жана алмаштырууга “ЭС” ААКу тарабынан каражат бөлүнбөй келген. Шаардагы көп кабаттуу жыгач үйлөрдүн жылуулук берүүчү жана муздак суу түтүкчөлөрүнүн жараксыз абалга келгендиги Токтогул ГЭСтер Каскады менен биргеликте такталган. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Жогорку Кеңешине кайрылуу каттарды жолдоо, тиешелүү иш-чараларды түзүү менен “ЭС” ААКу тарабынан каражат бөлдүрүүгө жетишүү.
V.Ишкердикти өнүктүрүү саясаты
Ишкердикти колдоо Кеңешинин өз ишин алып барууда ишкердик менен жана башка структураларды, тартууга укуктуу экендиги, коомдук уюмдарды макулдашуу менен тартуу жагы белгиленген. Ишкерлер Кеңешинин иштерин активдештирүү үчүн шаардык ишкердүүлүктү өнүктүрүүнү колдоо Кеңеши жөнүндө Жобо кабыл алынып, ишкердүүлүктү өнүктүрүү Кеңешинин иш-чарасы бекитилген. Ишкерлердин жаңыдан иш башташына колдоо көрсөтүү, бюрократтык тосмолорду жоюу. Текшерүүгө мараторийлерди киргизүү жана ишкерлер, мамлекеттик органдар, банк жана банк эмес мекемелер, эл аралык донордук уюмдардын өз ара кызматташуусун өнүктүрүү иштери каралган.
VI. Туризмди өнүктүрүү
Туризмди өнүктүрүү максатында Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги эс алуу базаларынын шарттарын жакшыртуу менен областтын, республикадан келген эс алуучуларды кабыл алуу.
“Кайыңды” балдар эс алуу борборун мэриянын муниципалдык менчигине өткөзүп алуу жана келечекте жыл ичинде иштөөчү эс алуу борборуна айландыруу. Ошондой эле тейлөө кызматын жакшыртуу.
VII.Инвестициялык саясат
Кара-Көл шаары иштеп жаткан ишканалардын экономикалык жагынан жагымдуулугуна жана шаардын улуу жибек жолу Бишкек-Ош трассасынын жээгинде жайгашкандыгына байланыштуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Шаар четиндеги Токтогул суу сактагычынын айланасындагы эс алуу жайлары инвестиция тартууга ыңгайлуу шарт түзөт.
Келечекте туризмди өнүктүрүү, мейманканалык-ресторандык чарбаларды, инфраструктураларды өнүктүрүүнүн эсебинен аны экономиканын артыкчылыктуу тармагына айландыруу абзел.
Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, анын ичинде
- Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи, үчүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү;
- Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун баштоо;
-инфраструктураны, коммуникацияларды жакшыртуу;
VIII. Каржы саясаты
Кара-Көл шаардык бюджетин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында салыктар жана салык эмес жыйымдардын салыктык базаларын дайыма анализдөөнүн негизинде иш алып баруу, киреше (подоходный) салыгынан түшүүчү салыктын көлөмүн көбөйтүүдө Камбарата ГЭСтерине бөлүнүүчү капиталдык салымдын көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды аткаруу.
Ошондой эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшүнө жетишүү, салыктарды жакшыртуу үчүн:
- салыктарды толук жыйноону камсыз кылуу максатында салык мыйзамдарын колдонууга көзөмөлдү күчөтүү, документалдык текшерүүлөрдүн сапатын көтөрүү жана салыктардын жашырылгандыгы боюнча ачылган суммаларын, финансылык жана штрафтык санкцияларды толук өндүрүп алууну камсыз кылуу;
- жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды башкарууну күчөтүү, калкка акылуу кызматтын жана чекене сооданын салык салынуучу базасын максималдуу түрдө кеңейтүү;
- ишкердик жүргүзүү үчүн укук алууга акы төлөөнүн патентинин формасын андан ары кеңейтүү;
- шаарды көрктөндүрүүгө каралган каражаттардын үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу;
-шаардагы баардык чарбалык субъектилерди инвентаризациялоо иштерин күчөтүү, келишимдерди түзүү менен салыктарды өз убагында жыйноо.
Шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүн социалдык багытка багыттоо, анын ичинде: шаарыбыздын жакыр, аз камсыз болгон катмарынын жөлөк пулдарынын көлөмүн көбөйтүү, шаардык муниципалдык объектилерин сарамжалдуу пайдалануу, эффективдүү кармоого шаардык бюджеттин 15-20% га чейинки каражатын багыттоо менен иш алып баруу.
Социалдык саясат
Саламаттыкты сактоо
Бүгүнкү күндө шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлик практикалоо борборуна караштуу 4ҮДБ, 2 ФАПта 35 жогорку билимдүү дарыгер, 116 мээрбан айым эмгектенип калкыбызга алгачкы жардамдарды көрсөтүп келишет.
КРнын Өкмөтүнүн 04.06.2014-ж №306 токтому менен кабыл алынган 2020-жылга “Ден-соолук-2020” улуттук программасын ишке ашыруу максатында саламаттыкты сактоо мекемелери (4 ҮДТ, 100 орундук оорукана, ОАА ж ЭБ) калкка медициналык жана санитардык жардамдарды сапаттуу көрсөтүү боюнча иш алып барууда. Бул программа негизги беш багытты көздөйт. Энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу, ВИЧ\СПИДдин социалдык жана экономикалык залалдарын азайтуу, кургак учукка каршы күрөшүү, кан тамыр, жүрөк оорусун азайтуу.
Социалдык жактан коргоо
Кара-Көл шаарында калктын саны 25017 адам же 5773 кожолук, анын ичинде 793 үй-бүлө жакыр жана алар жалпы кожолуктун 13,7% түзөт, ал былтыркы жылга салыштырганда 9,2 % га азайган.
Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын планы түзүлүп, негизги багыт катары төмөнкүлөр аныкталган: турмуштагы оор абалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык коргоо; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды социалдык коргоо; улгайган жарандарды социалдык коргоо; опурталдуу топторду социалдык коргоо.
Билим берүү
Шаарыбыздын аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун арттыруунун бир компоненти билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү. Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде 258 жогорку, 49 атайын орто, 2 орто, 18 бүтпөгөн жогорку билимдүү жалпы 327 мугалим эмгектенет. 2016/2017-окуу жылында шаарыбыздын аймагында 1 мектеп гимназия, 1 инновациялык мектеп, 4 жалпы билим берүүчү мектептер, 2 башталгыч мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, анда 4155 мектеп окуучусу билим алышууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №201 “Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип мектепке чеинки билим берүү мекемелерин ачуу, мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоо, электрондук күндөлүк ачуу.
Маданият жана спорт
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ №1 Жарлыгын турмушка ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иш-чараларын аткаруу, шаардык маданият үйүнүн ишин кеңейтүү, алардын кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жакшыртуу, жеткиликтүү кылуу маданият чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү негизги багыт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №254 “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүнүн программасын бекитүү” токтомун ишке ашырууда дене тарбиянын жана спорттун материалдык техникалык базасын өнүктүрүү, “Энергетик” спорткомплексин утурумдук ремонттон өткөрүү, дене тарбия жана спорт менен машыгуу аркылуу сергек жашоо ыңгайын пропагандалаган жарнамалык баннерлерди жайгаштыруу.
X. Коргонуу жана коопсуздук тармагы
Шаардын ичинде коомдук-саясий абалдын туруктуулугун камсыз кылуу максатында шаардын эли менен графикке ылайык үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү, антикоррупция саясатын, экстремизм, диний агымдар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруу негизги милдет болуп саналат. Мындан сырткары, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди күчөтүү: ай сайын мектептерде ата-энелер, өспүрүмдөр менен жолугушууларды өткөрүү абзел.
Ошондой эле төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
- Укук коргоо органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү аткарган иштерин жыйынтыгын талдоо жана координациялык кеңешмеде кароо;
- Диний экстремизмге, терроризмге жана банги заттардын таркалышына каршы күрөш жүргүзүү;
- Прокуратура органдары менен мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын укугун коргоодо эл арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү;
- Жашы жете элек балдар боюнча иштөө инспекциясы жана участкалык инспекторлордун иштерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып баруусун талдоо;
- МАИ кызматкерлери менен жол кырсыгын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтердин биргелешип иш алып баруусун камсыз кылуу;
- Жол кырсыктарын алдын алуу максатында профилактикалык иш чараларды жүргүзүү;
- Шаардын аймагында улуттар аралык чыр чатактардын болтурбоо жана алдын алуу максатында профилактикалык иш чараларды жүргүзүү.
Корутунду
Мэриянын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бул программанын ийгиликтүү аткарылышын камсыз кылуу максатында шаарыбыздын калкы, жарандык коому, менчик түрүнө карабастан шаар аймагындагы баардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте тыгыз иш жүргүзүлөт. Шаарыбыздын калкынын жашоосун жакшыртуу, ыңгайлуу шарт түзүү жана шаарыбыздын инфраструктурасын түзүү, өнүктүрүү жана туруктуулуктун болушун камсыз кылуу максатында күч-аракет жумшалат. Жалпы аракеттин жана ынтымактын негизинде Программадагы белгиленген максаттар, милдеттер туура жана өз убагында ишке ашырылып, жыйынтыгы болот деп ишенебиз.
Кара - Көл шаарын 2017-2020 - жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо
Программасы (млн.сом)
№ | Иш-чаранын аталышы | Керектелүүчү финансылык каражат (млн. сом) | Каражат булагы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу аткаруучулар | эскертүү | |||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | |||||||||
|
|
|
| 2017 | 2018 | 2019 | 2020 |
|
|
| ||||||
Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу | ||||||||||||||||
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, буйругун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана нормативдик актыларынын аткарылышын камсыз кылуу | - | - |
|
|
|
| Аткаруу тартибинин чыңдалышы | Анарбаева А.Т., Мурзабекова Ж.Ч. |
| ||||||
2 | Мэрдин системалык, такай эл менен жолугушуу, ачык диалог аркылуу жер-жердеги көйгөйлүү маселелерди чечүүнү колго алуу |
|
|
|
|
|
| Элдин маселелерин чечүү, мамлекеттик бийликке болгон ишенимди арттыруу | Анарбаева А.Т., Мусуралиева Г.К. |
| ||||||
Макроэкономикалык саясат жана анын максаттары | ||||||||||||||||
3 | Шаардык ички дүң продукцияны 3%дан кем эмес өнүктүрүү | 26026,8
|
| 6506
| 6506
| 6506
| 6506 | Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу
| Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-ишканалар |
| ||||||
| Макроэкономика боюнча: | 26026,8 |
| 6506
| 6506 | 6506 | 6506 |
|
|
| ||||||
Өнөр жай | ||||||||||||||||
4 | Камбар-Ата-2 ГЭСинин өндүрүлүүчү продукциясын 363,5 млн сомго өндүрүү | 1454 | "ЭС" ААКнун өздүк каражаты, тышкы инвестиция | 363,0 | 363,0 | 364,0 | 364,0 | Электроэнергияны 180,0 мВт көбөйтүү, 300 адамга жумуш орундарын түзүү | "ЭС" ААКу, Камбар-Ата ГЭСтери |
| ||||||
5 | "Достук" ААКу тарабынан жаңы дизайндагы эки компененттүү тиш жуугуч щеткаларын 4057,5 млн сомго өндүрүү | 16230,0 | "Достук" ААКнун өздүк каражаты | 4057 | 4057 | 4058 | 4058 | Жаңы технологияны ишке киргизүү, 50 адамга жумуш орундарын түзүү
| Жолдошов А. |
| ||||||
| Өнөр жайы боюнча: | 16230,0 |
| 4420 | 4420 | 4422 | 4422 |
|
|
| ||||||
Ишкердикти өнүктүрүү саясаты | ||||||||||||||||
7 | Ишкерлердин жаңыдан иш башташына колдоо көрсөтүү, текшерүүгө мараторийлерди киргизүү, банк жана банк эмес мекемелер, эл аралык донордук уюумдар менен өз ара катнашуусун өнүктүрүү, продукция өндүрүүнү 4,4 млн. сомго жеткирүү | 17,6 |
| 4,4 | 4,4 | 4,4 | 4,4 | Ишкердикти өнүктүрүү | Жеке ишкерлер |
| ||||||
| Ишкердикти өнүктүрүү боюнча: | 17,6 |
| 4,4 | 4,4 | 4,4 | 4,4 |
|
|
| ||||||
Айыл чарба саясаты | ||||||||||||||||
8 | Калктын эсебинен 863,0 тн. эт, 955,0 тн. сүт, 552,0 миң даана жумуртка, 27,1 тн. жүн жана 232,2 миң сомдук дүң продукция өндүрүү | 979,2 |
| 244,8 | 244,8 | 244,8 | 244,8 | Айыл чарба продуктларын өнүктүрүү | Муниципалдык аймактык башкармалыктар |
| ||||||
| Айыл чарба боюнча: | 979,2 |
| 244,8 | 244,8 | 244,8 | 244,8 |
|
|
| ||||||
Курулуш, транспорт жана коммуникация тармагы | ||||||||||||||||
9 | Камбар-Ата ГЭСнын курулушун улантуу боюнча иш алып баруу (2-агрегатын ишке беүү) | 1427,6 | Тышкы инвестиция, Республикалык бюджет, "ЭС" ААКнун өздүк каражаттары | 356,9 | 356,9 | 356,9 | 356,9 | Электроэнергияны 580,9 мВт/с көбөйтүү | КР Өкмөтү, каржы жана энергетика министрлиги, "ЭС" ААКу |
| ||||||
10 | Шаардык эс-алуу паркына 16 орундуу 1 даана карусель сатып алуу жана аларды орнотуу 1000 миң сом | 1,0 |
| 1,0 |
|
|
|
|
|
| ||||||
11 | “Кайынды” лагеринин ШММБнын карамагына өткөндөн кийинки пайда болгон карыздын график боюнча төлөнө турган бөлүгү жылына-400,0 миң сом
| 0,4 | Жеке инвесторлордун каражатынан | 0,4 |
|
|
| Шаарда инфраструктураны түзүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. |
| ||||||
12 | К. Масиров көчөсүндөгү жолдун эки тарабындагы тротуарын жана “Жеңиш” скверинин тротуарын жасоо-1645,7 | 1,6 | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен | 1,6 |
|
|
| Шаарда инфраструктураны түзүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б |
| ||||||
13 | Күрөш залын куруу ( жергиликтүү бюджеттин эсебинен-13270,2 миң сом) | 13,3 | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен |
|
| 6,65 | 6,65 | Жаштардын ден соолугуна кам көрүү | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | Коомдук угуунун жыйынтыгы менен, жана бюджеттик комитетинин чечимине, бюджеттин чогулушуна жараша өзгөрүлүшү мүмкүн
| ||||||
14 | Жазы-Кечүү айылындагы №6 Т.Темиров атындагы орто мектептин жанына көпүрө куруу-2031,5 миң сом
| 2,0 | Жергиликтүү бюджеттин эсебинен |
| 2,0 |
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б | |||||||
15 | Көк-Бел айылындагы №8 Бабакан атындагы башталгыч мектептин жанына көпүрө куруу- 2227,0 миң сом
| 2,2 | "ЭС" ААКнун атайын фондунан |
|
| 2,2 |
| Мектеп окуучулардын дене тарбиясын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б, Таштанкулова К. | |||||||
16 | Кетмен-Төбө айыл аймагындагы №5 К.Б. Хуриев атындагы орто мектептин чатырын капиталдык ремонттон өткөрүү-1612,3 миң сом
| 1,6 | "ЭС" ААКнун атайын фондунан | 1,6 |
|
|
| Айыл чарбасын өнүктүрүү | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б, Ниязалиев С. | |||||||
17 | Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына имарат куруу үчүн-3804,2 миң сом
| 3,8 | Жергиликтүү бюджеттен | 3,8 |
|
|
| Айыл чарбасын өнүктүрүү жана коммуналдык инфраструктурасын жогорулатуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
18 | Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык орто мектебинин жылуулук системасын борбордук жылуулук системасына кошуу үчүн-2937,1 миң сом
| 2,9 | Жергиликтүү бюджеттен |
| 2,9 |
|
| Шаарда инфраструктураны түзүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу
| Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б, | |||||||
19 | ШММБнын кароолчуларына будка курууга жана будкаларды капиталдык ремонттоого материал сатып алууга-439,2 миң сом | 0,4 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,4 |
|
|
| Шаар жаштарына шарт түзүү, спортту өнүктүрүү | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
20 | Серый көчөсүндөгү "Энергетик" маданият үйүнүн алдындагы фонтандын жанына кичи футболдук аянтчасы курууга курулуш материал сатып алууга-220,0 миң сом | 0,2 | Жергиликтүү бюджеттен |
|
| 0,2 |
| Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
21 | Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун кабинетин ремонттоо-67,1 миң сом | 0,067 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,067 |
|
|
| Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
22 | "Энергетик" маданият үйүнүн чатырын капиталдык ремонттоо-2856,6 миң сом | 2,8 | Жергиликтүү бюджеттен | 2,8 |
|
|
| Жеке турак-жай куруу максатында жер участокторун кеңейтүү | Өскөн уулу Калыбай Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
23 | №3 "Келечек" балдар бакчасын имаратын капиталдык ремонттоого-9172,4 миң сом | 9,1 | Жергиликтүү бюджеттен | 2,3 | 2,3 | 2,3 | 2,2 | Шаардын инфраструктурасын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
24 | №3 "Келечек" балдар бакчасын чатырын капиталдык ремонттоого-2937,7 миң сом | 2,9 | Жергиликтүү бюджеттен | 2,9 |
|
|
| Калкка шарт түзүү | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
25 | Муниципалдык менчик башкармалыгынын имаратын жылуулук системасы жана муздак суу системасын ремонттоого-657,8 миң сом | 0,7 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,7 |
|
|
| Шаарда инфраструктураны түзүү, калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
26 | "Энергетик" маданият үйүнүн ички жылуулук системасын капиталдык ремонттоого-501,6 миң сом | 0,5 | Ипотекалык кредит | 0,5 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай., Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
27 | №3 "Келечек" балдар бакчасын суу түтүкчөлөрүн жана канализациясын капиталдык ремонттоого-167,8 миң сом | 0,168 | АРИС, Жергиликтүү бюджеттен | 0,168 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. |
| ||||||
28 | №3 "Келечек" балдар бакчасын сырткы жылуулук системасын капиталдык ремонттоого-2940,2 миң сом | 2,9 | Жергиликтүү бюджеттен |
|
| 2,9 |
| Балдардын дене тарбиясын жакшыртуу максатында шарт түзүү | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
29 | №3 "Келечек" балдар бакчасын сырткы жана ички суу системасын, канализациясын капиталдык ремонттоого-964,5 миң сом | 1,0 | Жергиликтүү бюджеттен |
| 1,0 |
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
30 | №3 "Келечек" балдар бакчасын сырткы жана ички электр энергиясы менен камсыз кылуу системасын капиталдык ремонттоого-277,1 миң сом | 0,3 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,3 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
31 | М.Сабиров көчөсүндөгү 7 аянтчадагы ажаткананы канализациянын борбордук канализацияга кошуу-321,9 миң сом | 0,3 | Жергиликтүү бюджеттен "ЭС" ААКнун өздүк каражаты |
| 0,3 |
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
32 | Шаардын ички көчөлөрүн жамоо жана асфальтоо (жергиликтүү бюджеттин эсебинен "ямочные работы"-16000,0 миң сом) жалпы аянты 5500 м2 | 16,0 | Жергиликтүү бюджеттен КР ӨКМ | 2,0 | 2,0 | 2,0 | 2,0 | Калктын жашоо шартын жакшыртуу, табигый, техногендик кырсыктардын алдын алуу | Өскөн уулу Калыбай Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
33 | Кетмен-Төбө шаарчалык аймактык башкармалыгынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү 1537,2 миң сом | 1,5 | Жергиликтүү бюджеттен
|
|
|
| 1,5 | Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
34 | Кара-Көл шаарындагы АТК (223,19га), Кайыңды (103,3га) көчөлөрүнө жана Кетмен-Төбө шаарчалык аймагына ген план жасатуу 781,9 миң сом | 0,782 | Жергиликтүү бюджеттен
| 0,782 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
35 | К. Кулданбаев, Төш-Мазар көчөлөрүнөтаза ичүүчүсуу, “Глубинный насос типа ЭЦВ-10-65/90, кубаттуулугу 32-45кв, К 90/35, кубаттуулугу 15-18кв., “Эл.двиг. 15-18кв.насос орнотуу 0,265 миң сом | 0,265 | Жергиликтүү бюджеттен
| 0,265 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
36 | Ак-Шар айылына таза суу түтүктөрүн алмаштыруу, Чоң-Таш көчөсүнө 2 даана аялдама куруу 200,0 миң сом | 0,200 | Жергиликтүү бюджеттен
| 0,200 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
37 | Токтогул ГЭСтео Каскадынын жанындагы жолдорду кеңейтүү иштерине 252,4 | 0,3 | Жергиликтүү бюджеттен
| 0,3 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
38 | Ак-Кыя 1 жана 2 көчөлөрүндөгү Кара-Суу дарясынын жээгин бекемдөө 4000,0 миң сом | 4,0 | Жергиликтүү бюджеттен КР ӨКМ | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | Калктын жашоо шартын жакшыртуу, табигый, техногендик кырсыктардын алдын алуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
39 | Мэриянын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү (жергиликтүү бюджеттин эсебинен-1448,5 миң сом)
| 1,4 | Жергиликтүү бюджеттен
| 1,4 |
|
|
| Кызматкерлерге шарт түзүү | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. | |||||||
40 | М. Сабиров көч. №1, жана 2 үйлөрүнө (звезд.) жана Ленин көч. №8 үйүнө балдар аянтчасын куруу 500,0 миң сом | 0,5 | Жергиликтүү бюджеттен
| 0,5 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. |
| ||||||
41 | “Энергетик маданият өйүнүн жанына балдар аянтчасын куруу 403,0 миң сом | 0,4 | Жергиликтүү бюджеттен
| 0,4 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. |
| ||||||
42 | Ак-Кыя1 жана 2 көчөлөрүндөгү жээк бекемдөө иштерин аткаруу 1080,0 миң сом | 1,1 | Жергиликтүү бюджеттен
| 1,1 |
|
|
| Калктын жашоо шартын жакшыртуу | Өскөн уулу Калыбай, Бабаканов Э.Э. Кокумова Б. |
| ||||||
| Курулуш тармагы боюнча: | 1503,4 |
| 383,5 | 368,4 | 374,2 | 370,2 |
|
|
| ||||||
Туризмди өнүктүрүү | ||||||||||||||||
43 | Туризмди өнүктүрүү, туристтик маршруттарды иштеп чыгуу, башка турфирмалар менен кызматташууну колго алуу | 1,6 | Мекеме-ишканалардын эсебинен | 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 | Туристтик индустрияны өнүктүрүү кирешелүүлүгүн жогорулатуу
| Мекеме-ишканалардын жетекчилери |
| ||||||
| Туризм боюнча: | 1,6 |
| 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 |
|
|
| ||||||
Инвестиция тартуу | ||||||||||||||||
44 | Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу (600,0) | 2141,2 | Банктар жана банк эмес кредиттик компаниялар, мекеме ишканалардын, элдин каражаттары | 515,2 | 521,0 | 542,0 | 563,0 | Калкты социалдык жактан абалын жакшыртуу
| Өскөн уулу Калыбай, Султанбеков З., Кокумова Б. |
| ||||||
| Инвестиция тартуу: | 2141,2 |
| 515,2 | 521,0 | 542,0 | 563,0 |
|
|
| ||||||
Социалдык саясат | ||||||||||||||||
Саламаттыкты сактоо тармагы |
| |||||||||||||||
45 | КРӨнүн 16.03.2015-жылдагы №100-б буйругу менен кабыл алынган “Ден-соолук 2020” улуттук программасын ишке ашыруу. |
| Жергиликтүү бюджеттен |
|
|
|
| Калктын саламаттыгын жогорулатуу. | Сатарова С.О. Эшалиева Т.Т. Омуржанова К.К. |
| ||||||
46 | Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу максатында калкты (тамеки чегүү, аракечтикке, туура эмес тамактануу, тобокелдик факторлор) маалымдуулук менен камсыз кылуу | 0,04 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,01 | 0,01 | 0,01 | 0,01 | Калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында бир айлык акцияларды өткөрүү | Сатарова Г.О. Эшалиева Т.Т. Омуржанова К.К. |
| ||||||
47 | Эне жана ымыркайдын саламаттыгын сактоо иштерин күчөтүү | 2,0 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | Эне жана жаңы тңрңлгңн ымыркайлар үчүн шарттарды түзүү | Сатарова Г.О. ЭшалиеваТ.Т Омуржанова К.К. |
| ||||||
48 | Кургак учукка чалдыгууну жана андан өлүмгө учуроону азайтууга багытталган иш чараларды жүргүзүү. | 5,7 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,9 | 1,2 | 1,8 | 1,8 | Кургак учук оорусуна чалдыккан адамдарды социалдык жактан коргоо | Г.О.Сатарова, Т.Т.Эшалиева, Омуржанова К.К.. |
| ||||||
49 | ВИЧ инфекциясынын таркалышын токтотуу, алдын алуу жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү (калк арасында, мектептерде, окуу жайларда) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | 0,04 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,01 | 0,01 | 0,01 | 0,01 | ВИЧ инфекциясы жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, бир айлык акцияларды өткөрүү | Г.О.Сатарова, Т.Т.Эшалиева, Омуржанова К.К. |
| ||||||
| Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча: | 7,78 |
| 1,42 | 1,72 | 2,32 | 2,32 |
|
|
| ||||||
Калкты социалдык жактан коргоо |
| |||||||||||||||
50 | Кыргыз Республикасынын Калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн "2015-2017-жылдарга карата программасын турмушка ашыруу |
| Жергиликтүү бюджеттен |
|
|
|
| Калкты социалдык жактан коргоо | Г.О.Сатарова, Ч.Э.Тургунбаева, Н.А.Усенова |
| ||||||
51 | Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан чыккан адамдарды социалдык жактан коргоо, турак-жай менен камсыз кылуу | 3,4 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,4 | 1 | 1 | 1 | Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан чыккан адамдарды социалдык жактан коргоо
| Г.О.Сатарова, Ч.Э.Тургунбаева, Н.А.Усенова |
| ||||||
52 | Улгайган жарандарга, баатыр энелерге, ардагер аксакалдарга кам көрүү. | 2,0 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | Улгайган жарандарды, баатыр энелерди, ардагер аксакалдарды социалдык жактан коргоо. | Г.О.Сатарова, Ч.Э.Тургунбаева, Н.А.Усенова |
| ||||||
53 | Кыргыз Республикасынын Калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн "2015-2017-жылдарга карата программасын турмушка ашыруу |
| Жергиликтүү бюджеттен |
|
|
|
| Калкты социалдык жактан коргоо | Г.О.Сатарова, Ч.Э.Тургунбаева, Н.А.Усенова |
| ||||||
54 | Ата- эненин камкордугусуз калган балдардын, аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына майрамдарды жана жайкы эс алууну уюштуруу. | 4,5 | Жергиликтүү бюджеттен | 1 | 1 | 1,2 | 1,3 | Ата- эненин камкордугусуз калган балдардын, аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына эс алуу үчүн шарт түзүү | Г.О.Сатарова, Ч.Э.Тургунбаева, Н.А.Усенова |
| ||||||
55 | "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу |
| Жергиликтүү бюджеттен |
|
|
|
| Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо | Г.О.Сатарова, Ч.Э.Тургунбаева, Н.А.Усенова |
| ||||||
56 | Ата- эненин камкордугусуз калган балдардын, аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына майрамдарды жана жайкы эс алууну уюштуруу. | 4,5 | Жергиликтүү бюджеттен | 1 | 1 | 1,2 | 1,3 | Ата- эненин камкордугусуз калган балдардын, аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдарына эс алуу үчүн шарт түзүү | Г.О.Сатарова, Ч.Э.Тургунбаева, Н.А.Усенова |
| ||||||
| Калкты социалдык жактан коргоо боюнча: | 10,65 |
| 1,9 | 3,05 | 3,05 | 2,65 |
|
|
| ||||||
Билим берүү тармагы | ||||||||||||||||
57 | КРӨнүн "КРда билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” токтомун ишке ашыруу |
| Жергиликтүү бюджеттен |
|
|
|
| Мектеп окуучуларынын билим алуусун жакшыртуу
| Г.О.Сатарова, Д.М.Кожошова, Омуржанова К.К. |
| ||||||
58 | Мектепке чейинки балдардын мекемелерин ачуу | 2,0 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | Бала бакчаларга муктаж ата-энелерге шарт түзүү
| Г.О.Сатарова, Д.М.Кожошова, Омуржанова К.К.. |
| ||||||
59 | Билим берүү тармагында кадрлар агымын токтотууда коммуналдык кызматтарга төлөп берүү | 5,2 | Жергиликтүү бюджеттен | 1,3 | 1,3 | 1,3 | 1,3 | "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу | Г.О.Сатарова, Д.М.Кожошова, Омуржанова К.К. |
| ||||||
60 | Билим берүү мекемелеринин материалдык- техникалык базасын чыңдоо | 2,0 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | Окуучулардынтерең билим алуусуна шарт түзүү
| Г.О.Сатарова, Д.М.Кожошова, Омуржанова К.К. |
| ||||||
| Билим берүү тармагы боюнча: | 9,2 |
| 2,3 | 2,3 | 2,3 | 2,3 |
|
|
| ||||||
Дене тарбия жана спорт тармагы | ||||||||||||||||
61 | "2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү артыкчылыктары " концепциясын бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу |
| Жергиликтүү бюджеттен |
|
|
|
|
| Г.О.Сатарова, Д.Алымбаев, Омуржанова К.К. |
| ||||||
62 | "Энергетик" спорт комплексин капиталдык ремонттон өткөрүү | 4,0 | Жергиликтүү бюджеттен | 1 | 1 | 1 | 1 | "Энергетик" спорткомплексинин шартын жакшыртуу | Г.О.Сатарова, Д.Алымбаев, Омуржанова К.К. |
| ||||||
63 | Дене тарбия жана спорт менен машыгуу аркылуу сергек жашоо ыңгайын пропагандалаган жарнамалык баннерлерди жайгаштыруу | 0,04 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,01 | 0,01 | 0,01 | 0,01 | Калктын маалымдуулугун жогорулатуу | Г.О.Сатарова, Д.Алымбаев, Омуржанова К.К. |
| ||||||
64 | "Энергетик" спорт комплексинин жана мектептердеги спорт менен машыгуучу залдардын, аянтчалардын материалдык- техникалык базасын чыңдоо | 2,0 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | Спортчуларга шарт түзүү | Г.О.Сатарова, Д.Алымбаев, Омуржанова К.К. |
| ||||||
| Дене тарбия жана спорт тармагы боюнча: | 6,04 |
| 1,51 | 1,51 | 1,51 | 1,51 |
|
|
| ||||||
Маданият тармагы | ||||||||||||||||
65 | Маданият тармагын өнүктүрүү, шаардык деңгээлде майрамдарды өткөрүү, аз камсыз болгон жарандарга, баатыр энелерге, ардагер карыяларга сый тамак уюштуруу |
| мекеме-ишканалардын жардамы менен |
|
|
|
| Калктын эс алуусуна шарт түзүү | Г.О.Сатарова, А.Жолдошова Омуржанова К.К. Ч.Тургунбаева |
| ||||||
66 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 5-январындагы “2017-жылды Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө” ПЖ №1 Жарлыгын аткаруу | 0,4 | Жергиликтүү бюджеттен |
| 0,4 |
|
| “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата иш-чараларды өткөрүү” | Сатарова Г.О. Жолдошова А Кеңешбаева А.Б. Н.А.Усенова, Омуржанова К.К. |
| ||||||
67 | Массалык маалымат каражаттары менен иш алып баруу | 0,12 | Жергиликтүү бюджеттен | 0,03 | 0,03 | 0,03 | 0,03 | "Кара-Көл нуру" газетасынын редакциясы менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү
| Сатарова Г.О. Тынымбекова К. Кеңешбаева А.Б. Усенова Н. Омуржанова К.К. |
| ||||||
| Маданият тармагы боюнча: | 0,52 |
| 0,03 | 0,43 | 0,03 | 0,03 |
|
|
| ||||||
Коргонуу жана коопсуздук тармагы | ||||||||||||||||
68 | Укук коргоо органдарынын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү аткарган иштеринин жыйынтыгын талдоо, диний экстремизмге, терроризмге жана банги заттардын таралышына каршы күрөш жүргүзүү маселелери боюнча координациялык кеңештерде карап туруу
|
|
|
|
|
|
| Коомдук коопсуздукту сактоо жана кылмыштуулуктун санын кыскартуу, алдын алуу | Еркеев И.М. Анарбаева А.Т. |
| ||||||
69 | Прокуратура органы менен мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын укугун коргоодо эл арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алардын социалдык-экономикалык залалдарын алдын алуу |
|
|
|
|
|
| Шаар аймагында мыйзамдуулукту сактоо | Еркеев И.М. Анарбаева А.Т. |
| ||||||
70 | Жашы жете элек балдар боюнча иштөө инспекциясы жана участкалык инспекторлордун иштерин жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары менен иш алып баруусун талдоо |
|
|
|
|
|
| Жаш өспүрүм балдардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, күрөшүү | Еркеев И.М. Анарбаева А.Т. |
| ||||||
71 | Кыргыз Республикасынын антикоррупция саясаты жөнүндө мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу |
|
|
|
|
|
| Коррупциянын алдын алуу | Еркеев И.М. 1-вице-мэр Өскөн уулу Калыбай Сатарова Г.О. Анарбаева А.Т.
|
| ||||||
| Шаар боюнча: | 48378,1 |
| 12081,5 | 12074,0 | 12103,0 | 12119,6 |
|
|
| ||||||
Тармактар боюнча: | ||||||||||||||||
| Макроэкономикалык саясат: | 26026,8 |
| 6506
| 6506 | 6506 | 6506 |
|
|
| ||||||
| Өнөр-жай: | 16230,0 |
| 4420 | 4420 | 4422 | 4422 |
|
|
| ||||||
| Ишкердикти өнүктүрүү: | 17,6 |
| 4,4 | 4,4 | 4,4 | 4,4 |
|
|
| ||||||
| Айыл чарба: | 1326,4 |
| 331,6 | 331,6 | 331,6 | 331,6 |
|
|
| ||||||
| Курулуш, транспорт жана коммуникация: | 1503,4 |
| 383,5 | 368,4 | 374,2 | 370,2 |
|
|
| ||||||
| Туризмди өнүктүрүү: | 1,6 |
| 0,4 | 0,4 | 0,4 | 0,4 |
|
|
| ||||||
| Инвестиция тартуу: | 2141,2 |
| 515,2 | 521,0 | 542,0 | 563,0 |
|
|
| ||||||
| Социалдык саясат: | 33,99 |
| 6,87 | 9,1 | 9,21 | 8,81 |
|
|
| ||||||
| Коргонуу жана коопсуздук: |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||
Аппарат жетекчи: Нурматова К.И.