Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 3
Достук айыл өкмөтүнүн 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
ЖӨБ жөнүндөгү КРнын мыйзамына ылайык Достук айылдык кеңешинин IΙ сессиясы күн тартибидеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмѳтүнүн 2017- жылга иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет)
2. Иш пландын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жооптуу катчы Б. Абдураимовага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бекибаев |
| XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясынын № 3-токтомуна тиркеме |
Достук айыл өкмөтүнүн 2017-жылга түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Мазмуну | Мөөнөтү | Жооптуулар | Эскертүү |
1 | Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга планын бекитүү | январь | жооптуу катчы |
|
2 | Шамалды-сай айылынын Ленин көчөсүнө кичи футболдук аянтча куруу | январь | Айыл өкмөт башчы |
|
3 | Кызыл-туу айылынын Ош-Бишкек жолунун жээгине түнкү жарыктандыруу орнотуу | февраль | Айыл өкмөт башчы |
|
4 | Шамалды-сай айылынын Бөкөнбаев көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу | февраль | Айыл өкмөт башчы |
|
5 | Кызыл-туу айылынын ФАПынын эшик терезелерин алмаштыруу, жылытуу системасын куруу | апрель | Айыл өкмөт башчы |
|
6 | Оорукананы капиталдык ремонттоо | май | Айыл өкмөт башчы |
|
7 | Кызыл-туу айылынын Алимбек ата көчөсүнө асфальт төшөө | 2017-жыл ичинде | Айыл өкмөт башчы |
|
8 | Шамалды-сай айылынын Ленин көчөсүнө күрөш залын куруу | 2017-жыл ичинде | Айыл өкмөт башчы |
|
9 | Айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттоо | 2017-жыл ичи | жеке ишкер |
|
10 | Жылдын жыйынтыгын чыгаруу | Декабрь | А/Ө аппараты |
|
Жооптуу катчы | Б. Абдураимова |