Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 5
Достук айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
ЖӨБ жөнүндөгү КР мыйзамына ылайык Достук айылдык кеңешинин XXVI I сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга иш планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Достук айылдык кеңешинин Бюджет жана Экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылгы иш планы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Достук айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылгы иш планы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Достук айылдык кеңешинин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылгы иш планы № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Иш пландардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Б.Абдураимовага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бекибаев |
| № 5-токтомуна 1-тиркеме |
Достук айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга түзгөн иш планы
к / н | Аткарылуучу иштер. | Мөөнөтү
| Жоопкер. | Кошумча маалымат |
1 | 2015-жылы КБФ жерлерин жарандарга мыйзамдын негизинде берүү жана аныктоо.
| январь февраль март. | Туруктуу комиссия мүчөлөрү. |
|
2 | Суу каналдарын тазалоо, казуу боюнча жүрүп жаткан иштерге жардам көрсөтүү жана көзөмөлдөө. | февраль март. | Туруктуу Комиссия, СПАнын мүчөлөрү. |
|
3 | Айыл өкмөтүнүн жер адисинин иш пландарынын аткарылышын көзөмөлдөө. | март апрель. | Туруктуу комиссия жер адис |
|
4 | Айыл аймагыбыздын алкагындагы бактарды тактоо жана абалы жөнүндө маалыматты топтоо. | апрель май июнь. | Туруктуу комиссия.
|
|
5 | Ижарага жер берүү боюнча комиссиянын токтомдорунун үстүндө иштөө. | март- июнь. | Туруктуу комиссия. |
|
6 | Комиссияга келген арыздар жана А/К тин комиссияга милдеттендирген токтомдорун кароо. | 14-күндөн 1- айга чейин | Туруктуу комиссия, айыл башчылар, |
|
7 | Ижара акыларын өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө | март-50% ноябрь 50% | Туруктуу комиссия, ФЭБ. |
|
Комиссиянын төрагасы: Масиркулов Элдар
катчысы: Абдураимова Нафиса
| № 5-токтомуна 2-тиркеме |
Достук айылдык кенешинин Бюджет жана Экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга түзүлгөн иш планы
К/№ | Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Жоопкер | Кошумча маалымат |
1 | 2016-жылкы бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат алуу. 1. киреше бөлүгү 2. чыгаша бөлүгү |
январь
| Комиссия мүчөлөрү
|
|
2 | Килем-Ата жайыт комитетинин жана Ак-Жол-Суу СПАнын 2017-ж бюджетинин долбоору менен таанышуу, кеңеш берүү. | Ι- квартал | Комиссия мүчөлөрү
|
|
3 | Балдар-бакчасындагы тамак-ашка жыйналуучу ата-энелердин кошумча акчасы көрсөтүлгөн токтомду кенештин сессиясына бекитүүгө коюу. |
январь
| Туруктуу Комиссия. Директорлор.
|
|
4 | 2017-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору менен танышуу, коомчулуктун кызыкчылыгы менен толуктоо.
| январь
| Туруктуу Комиссия. ФЭБ |
|
5 | Ижара акылардын келишимдерге жараша төлөнүшүн көзөмөлдөө жана сууга болгон төлөмдөрдү көзөмөлдөө | март - май | Комиссия мүчөлөрү
|
|
6 | Айыл өкмөтүбүздүн бюджетинен карыжыланып ремонтолуучу обьектилердин ремонтору жан жаңы сатып алынуучу инвентарлар менен таанышып чыгуу. | өз убагында
| Комиссия мүчөлөрү, жетекчилер, |
|
7 | 6 айлык, 9 айлык бюджетин аткарылышы боюнча маалыматтарды тактоо. | октябрь | Комиссия мүчөлөрү
|
|
8 | Жарандардан бюджетке тийиштүү маселелер боюнча арыздарын кароо.
| 14 күн ичинде | Комиссиянын төрагасы |
|
9 | Бюджетке тийешелүү болгон кенештин токтомдорун аткарылышын анализдөө. | март июнь октябрь | Туруктуу комиссия ФЭБ |
|
10 | Килем-Ата жайыт комитетинин жана Ак-Жол-Суу СПАнын 2016-ж бюджетин аткарылышы боюнча кенешке маалымат берүү |
ноябрь | Комиссия мүчөлөрү жетекчилер |
|
Комиссиянын төрагасы: Кучкарали кызы Курманжан
катчысы: Рустамбек уулу Нурдин
| № 5-токтомуна 3-тиркеме |
Достук айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017 жылга түзүлгөн иш планы
к/н
| Аткарылуучу иштер | Мөөнөтү | Жоопкерлер | Кошумча маалымат |
1 | Турак жай курууга жер участогун берүү боюнча комиссиясынын бир жылдык ишин отчетун кароо |
март-апрель | Турак жай комиссиясынын мүчөлөрү |
|
2 | Турак жай курууга жер алуу үчүн арыз берген жарандардын тизмеси, документтери менен иштөө |
ар ай сайын | Турак жай комиссиясынын мүчөлөрү |
|
3 | Балдар-бакчасында мектептерде жана башка соц. обьектилерди кыш мезгилиндеги жылыткычтардын абалы менен жакындан таанышуу | кыш айларында | Туруктуу комиссия |
|
4 | Элдерге ичүүчү сууну дайыма камсыз кылуу үчүн алдын ала айыл өкмөткө эскертүүлөрдү берип туруу | ноябрь айынан март айына чейин | Комиссия мүчөлөрү
|
|
5 | Айыл аймагыбыздын көчөлөрүнө шагал төктүрүп оңдоону уюштуруу | март апрель
| Жалпы депутаттар, айыл башчылар. |
|
6 | Балдар бакчасы, мектеп жана соц. обьектилердин санитардык абалына , ремонтуна көзөмөл жүргүзүү | жылына эки жолу | Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү
|
|
7 | Майрамдарды өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү .Улуттук биримдикти чындоо максатында спорттук мелдештерди өткөрүү. | өз убагында | Жалпы депутаттар активистер менен
|
|
8 | Борбордук маданият үйүнүн ремонтуна жана айланасына бак тигүүгө көмөк көсөтүү | март- июнь
| Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү
|
|
9 | Мектеп окуучулары менен бангиликке, ичкиликке, бузукулукка каршы күрөшүү, түшүндүрүү иштерин алып баруу. | Бир жылда кеминде 2-жолу | Комиссия мүчөлөрү
|
|
10 | Окуучуларды мектепке ташуучу маршуруттук автобустун ишин көзөмөлдөө. | сентябрь январь. | Туруктуу комиссия
|
|
11
| Больница менен мектептин ортосуна тосмо куруусун көзөмөлдөө | убагында | Комиссия мүчөлөрү |
|
12 | Мал чарбачылык боюнча ветеринардык эмдөөнүн иштерине көзөмөл жүргүзүү | апрель май | Жайыт комитети, туруктуу комиссиянын мүчөлөрү |
|
Комиссиянын төрагасы: Шыгаев Баяман
катчысы: Дехканов Азамат
| № 5-токтомуна 4-тиркеме |
Достук айылдык кеңешинин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылга түзүлгөн иш планы
К / п |
Аткарылуучу иштер. | Мөөнөтү | Жоопкер | Кошумча маалымат |
1. | Мыйзамдуулук боюнча комиссиянын иш планын иштеп чыгуу. | январь, февраль. | Комиссиянын төрагасы. |
|
2. | Достук айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана кенешке бекитүүгө коюу. | I квартал
| Комиссиянын мүчөлөрү, катчы, активисттер |
|
3. | Участковой милициянын отчетун угуу,иш пландары менен танышуу.
|
I квартал | Учас.милиция комиссия мүчөлөрү. |
|
4. | Жарандарды паспорт менен камсыз кылуу, аскердик кызматка учетко алуусу боюнча көзөмөл жүргүзүү. | I-III квартал | Комиссия мүчөлөрү ВУСтун кызматкерлери |
|
5 | Туруктуу комиссиясынын компетенциясындагы жоболорду жана аныктамаларды сессиянын кароосуна коюп карап чыгуу. |
дайыма
| Комиссия мүчөлөрү
|
|
6. | Даталуу күндөрдү өткөрүү, артыкчылыкка ээ болгон атуулдарды сыйлоо, наамдарды ыйгаруу иштерин алып баруу. |
майрамдарда | Демилгечи топ. комиссия мүчөлөрү |
|
7 | Жарандардын арыздарын даттанууларын карап чыгуу жана алардын мыйзамдуу талаптарын коргоо боюнча чараларды көрүү. |
дайыма | Комиссия мүчөлөрү
|
|
8 | Жылды жыйынтыктоо максатында иш чараларды карап чыгуу. | IV квартал | Комиссия мүчөлөрү |
|
Комиссиянын төрагасы: Маманов Мелис
катчысы: Турдалиев Исамидин