Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-апрели № 24
Техникалардын жана бада бааларынын,суугат суу, таза суу,таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү бааларын бекитүү жөнүндө
Айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү боюнча колдонулган техникалардын кызмат көрсөтүү акысы ( раценка 1, 2, 3 тиркемелер тиркелет) боюнча айыл өкмөттө тиешелүү адистер тарабынан кызмат акылары белгиленип, айыл өкмөттүн өзгөчөлүүгүн эске алуу менен шартталып иштелип чыккан. Тракторлордун жана бада бааларынын, суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу раценкаларын бекитүү боюнча ар бир айылда көчө боюнча чогулуштар өткөрүлүп эл менен макулдашылды, бада баасы бир баш уйга 300 сом, жандык малга 50 сом, суугат сууга 50 сом, таза сууга ар үйдөн чыккандарга айына 80 сом, ал эми көчөдөн чыккан таза сууга айына 20 сом, мусор чыгарууга ай сайын үй башына 20 сомдон деп белгиленди. Ушул тарифтен ашыкча акча алынса трактористерге жана бадачыларга айып салынары эскертилди. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезексиз VI -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга айдап себүүгө карата айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан техникалардын жана бада бааларынын,суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу боюнча раценкасы бекитилсин жана түзүлгөн тарифтин негизинде иш алып баруу жагы механизаторлорго, бадачыларга, таза суу боюнча суу технике, суугат суу боюнча мурабка, таштандыларды чыгаруу айыл башчыларына милдеттендирилсин.( раценкалар тиркелет)
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жазгы талаа жумуштарына айдап себүүнүн күнүмдүк иш нормасы күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы жалпы суммасы 1 га жерге 2600(эки миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Суугат сууга төлөнүүчү акы 50(элүү) сом, таза сууга төлөнүүчү акы үйдөн чыккан сууларга ай сайын 80(сексен) сом, көчөдөн алган сууларга ай сайын 20( жыйырма) сом, мусор чыгарууга ай сайын үй башына 20(жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |
| 1 тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жазгы талаа жумуштарына айдап себүүнүн күнүмдүк иш нормасы,күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күчүнө төлөнүүчү акысы.
Трактор түрү | Айдоо | Малалоо | Себүү | Культивация | Агент салуу | Рама салуу | ||||||||||||
Күн. Норма | 1 га ГСМ | 1 га чыгым | Күн. норма | 1 га ГСМ | 1 га чыгым | Күн. норма | 1 га ГСМ | 1га чыгым | Күн. норма | 1 га ГСМ | 1га чыгым | Күн. норма | 1 га ГСМ | 1 га чыгым | Кун. норма | 1 га ГСМ | 1 га чыгым | |
МТЗ-80 | 3 | 30 | 1000 | 12 | 10 | 300 | 12 | 10 | 400 | 12 | 10 | 400 | 10 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
ЮМ З | 3 | 30 | 1000 | 12 | 10 | 300 | 12 | 10 | 400 | 12 | 10 | 400 | 10 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
Т-150 | 5,2 | 30 | 1000 | 12 | 10 | 300 | 26 | 10 | 400 | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
ДТ-75 | 3,5 | 30 | 1000 | 1 | 10 | 300 | 1 | 10 | 400 | - | - | - | - | - | - | - | - | - |
Т-40 | 1,7 | 30 | 1000 | 6,5 | 10 | 300 | 6,5 | 10 | 400 | 8,5 | 10 | 300 | 6,3 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
Т-28 | 1,7 | 30 | 1000 | 6,5 | 10 | 300 | 6,5 | 10 | 400 | 8,5 | 10 | 300 | 6,3 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаев.
Жер боюнча башкы адис: К.Абазов
ФЭБнүн башчысы: К.Көкөев
Экономист-статист: С.Жолдошова.
| 2 тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүндө малды бадага алып чыккан бадачынын малдын башына ала турган тарифи.2017-жыл.
№ | Малдын түрү |
| 1 айга баасы ( сом) | 6 айга ( сом) |
1 | Бодо мал үчүн | 1 баш уйга | 300 | 1800 |
2 | Кой эчкилер үчүн | 1 баш кой,эчки | 50 | 300 |
|
|
|
|
|
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы : Н.Молдомусаев.
Экономист-статист : С.Жолдошова.
| 3 тиркеме |
Үч-Терек айыл өкмөтүндө суугат сууга,ичүүчү таза сууга жана таштанды чыгарууга төлөнө турган акы боюнча тарифтер. 2017-жыл.
№ | Акы төлөө | 1 айга баасы (сом) | 12 айга(сом) |
1 | Суугат суу | 50 | 600 |
2 | Суу түтүгү бар жарандар үчүн | 80 | 960 |
3 | Суу түтүгү жок жарандар үчүн | 20 | 240 |
4 | Таштанды чыгаруу үчүн | 20 | 240 |
|
|
|
|
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы : Н.Молдомусаев .
Экономист-статист: С.Жолдошова.