Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-ноябры № 27/5
Өзгөн шаарындагы айрым көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени талкуулап «Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар» жөнүндөгү мыйзамынын жана «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 4-августундагы отурумунун №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Өзгөн» кварталынын «Уйгурская» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымы, Өзгөн шаарынын «Мажирим-Тал» кварталындагы «Малиновский» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исаджанов Абдухалимдин ысымы, Өзгөн шаарынын «Калма-Кия» жана «Таштак» кварталындагы «Чарбак» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Алимбаев Сатимаматтын ысымы, Өзгөн шаарынын «Кайрагач» кварталындагы «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө тийиштүү документтерди 5 жумушчу күндүн ичинде жиберүү жагы Өзгөн шаар мэриясына, шаардын картасына керектелүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Өзгөн шаарынын шааркуруу жана архитектура башкармасынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы шаардык кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.А. Насиров |
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын ) «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары №1 4 - август 2016-жыл.
Катышты: 4 депутат
«Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук боюнча» комиссиясынын төрагасы Т.Исмаилов,
мүчөлөрү - У. Шамуратов, Д. Абакджанова, Н. Бахридинов,
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К. Базарбаева,
«Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы – А. Капаров
Күн тартибиндеги маселелер:
1) Өзгөн шаарынын «Жаңы - Өзгөн» кварталынын «Уйгурская» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, ушул көчөнүн тургуну маркум Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
2) Өзгөн шаарынын «Мажирим-Тал» кварталындагы «Малиновский» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исаджанов Абдухалимдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
3) Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 25-июлундагы Өзгөн райондук статистика бөлүмү Өзгөн шаар мэриясына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу эки тараптуу келишимди бекитип берүү жөнүндөгү №578 каты,
4) Өзгөн шаарынын «Калма-Кия» жана «Таштак» кварталындагы «Чарбак» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Алимбаев Сатимаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндө
5) Өзгөн шаарынын «Кайрагач» кварталындагы «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
6) Талапкерлер – Негматов Умарилло Садикжанович, Юлдашев Азамжан Нугманович, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Абдумоминов Абдукаимди «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуштоо.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Исмаилов ачты: урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 6 маселе каралат. Бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги биринчи маселени кароого өтсөк. Өзгөн шаарынын «Жаңы-Өзгөн» кварталынын «Уйгурская» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, ушул көчөнүн тургуну маркум Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө. Анда эмесе бул маселе боюнча «Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы А. Капаров түшүндүрмө берип койсо.
«Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы А. Капаров: мен “Жаңы-Өзгөн” кварталынын “Уйгурская” көчөсүнүн жашоочулары менен 2016-жылдын 13-март күнү чогулуш өткөргөнбүз, ал жыйында мурда «Жаңы-Өзгөн» кварталдык комитетинин төрагасы болуп эмгектенген Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын ошол көчөгө ыйгаруу маселесин көтөргөнбүз, эгерде бул көчөгө ушул адамдын наамын ыйгарып берсеңер анын уул неберелери көчөнүн инфраструктурасын оңдолушуна өз салымын кошуп келүүдө дагы өз жардамдарын беришин билдиришкен.
Депутат Н. Бахридинов: эгерде ошол көчөнүн жашоочулары ал адамды татыктуу деп тапкан болсо биз колдоп берсек болот.
Депутат Т.Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселени добушка койсом. Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги экинчи маселе Өзгөн шаарынын «Мажирим-Тал» кварталындагы «Малиновский» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исаджанов Абдухалимдин ысымын ыйгаруу жөнүндө. Бул адам бир канча жолу мамлекет тарабынан сыйланган, депутат да болгон, көчөнүн тургундары жыйын өткөрүшүп ал адамдын наамын ыйгарып берүүбүздү суранып жатышат. Бул маселе боюнча кимде кандай сунуш бар.
Депутат У. Шамуратов: маала жашоочулары татыктуу деп сунуштаган болсо колдоп берсек,- деген сунушун билдирди.
Депутат Т. Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан толук колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги үчүнчү маселе Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 25-июлундагы Өзгөн райондук статистика бөлүмү Өзгөн шаар мэриясына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды өткөрүп берип жаткандыгына байланыштуу эки тараптуу келишимди бекитип берүү жөнүндөгү №578 каты. Бул маселе боюнча Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы К. Базарбаева түшүндүрмө берип кетсе.
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К.Базарбаева: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан мыйзамдын же келишимдин негизинде өздөрүнө таандык болгон ыйгарым укуктардын бир бөлүгүн өткөрүп берүү” укугу жана 5-беренесиндеги 3-пунктундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар келишимдин негизинде берилген учурда келишимдин шарты жана берилүүчү ыйгарым укуктардын тизмеги тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш” деп мыйзамда көрсөтүлгөн, бизде статистика боюнча адис болгондуктан башка адис алуунун кажети жок, ошол адисти каржылоо жагы Республикалык бюджеттен трансферт болуп бизге түшөт.
Депутат У. Шамуратов: ошол адистин кызмат орду бошойбу же кандай болот?
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К.Базарбаева: ал адисибиз өз кызмат ордунда калат.
Депутат Т. Исмаилов: эмгек акысына кошумча төлөнөбү?
Өзгөн шаар мэриясынын экономика бөлүмүнүн башчысы - К.Базарбаева: жергиликтүү бюджеттен эмгек акы төлөнбөйт, эмгек акысы республикалык бюджеттен төлөнүп берилет.
Депутат Т. Исмаилов: каралып жаткан маселе боюнча кимде кандай сунуш бар?
Депутат У. Шамуратов: мыйзамга туура келет экен, колдоп берсек болот.
Депутат Т. Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги төртүнчү маселе Өзгөн шаарынын «Калма-Кия» жана «Таштак» кварталындагы «Чарбак» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Алимбаев Сатимаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселе. Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар?
Депутат У. Шамуратов: маркум Алимбаев Сатимаматты баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан Чарбак көчөсүн өзгөртүп маркум Алимбаев Сатимаматтын атын коюуну сессиянын отурумуна алып кирсек – деген сунушун билдирди.
Депутат Т. Исмаилов: анда эмесе каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги бешинчи маселе Өзгөн шаарынын «Кайрагач» кварталындагы «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө. Кимде кандай сөз бар?
Депутат Н. Бахридинов: Исмаилов Жоровай акени бизда тааныйт элек, көчөнүн тургундары да өз протоколунда көрсөтүп кетиптер ал инсан маала тургундарына ар дайым жардам берип келген, ошол эле көчөдөгү “Шоро-Базар” мечитинин курулушуна жакындан жардам берип келген, элдин арасында сый урматка ээ болгон инсан деп билебиз. Менин сунушум «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгарып берсек.
Депутат Т. Исмаилов: дагы кимде кандай сунуш бар? Анда каралып жаткан маселе боюнча добуш берип койсоңуздар.
Бул маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Т. Исмаилов: күн тартибиндеги алтынчы маселе «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамына – Негматов Умарилло Садикжанович, Юлдашев Азамжан Нугманович, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Абдумоминов Абдукаимди талапкерлигин кароо маселеси, кимде кандай сөз бар?
Депутат У. Шамуратов: урматтуу комиссия мүчөлөрү өзүңүздөргө белгилүү болгондой эки жылдан бери «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы эч кимге ыйгарылган жок, себеби жобону кайта иштеп, сессияга сунуштоо боюнча биздин комиссиядан мэрияга тапшырма берилген. Жобо сессияда бекитилди. Жогорудагы талапкерлерди биз баарыбыз тааныйбыз, шаар үчүн мээнети сиңген адамдар, ошондуктан талапкерлерге наам ыйгарууну сессияга сунуштасак. Мен дагы бир талапкер Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Насиров Абдулфаттах Абдулхафизовичтин талапкерлигин комиссиянын атынан сессияга сунуштайм. Себеби Насиров Абдулфаттах Абдулхафизович Өзгөн шаардык кеңешинин II (1999-жыл), III (2004-жыл), IV (2008-жыл), V (2012-жыл) чакырылыштарын депутаты, 2008-жылдан бери шаардык кеңештин төрагасы, шаардын социалдык-экономикалык пландарын даярдоого жана аткарууда салымы чоң.
Депутат Д. Абакджанова: мен бул наамды ыйгарууга Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкон кишилерди гана киргизүүнү сунуштайм.
Депутат Н. Бахридинов: биз Өзгөн шаардык кеңешинин сессиясында кабыл алган жобого ылайык «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамы депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен аныкталат. Менин сунушум ошол көрсөтүлгөн беш талапкерди кезектеги сессияга сунуштасак, жашыруун добуш жолу менен аныктайбыз.
Депутат Т. Исмаилов: дагы кимде кандай сөз бар. Анда эмесе каралып жаткан маселени мен добушка коюп койсом. Макул 3, Каршы 1.
Бул маселе комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен колдоого алынды.
Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын ) «Мыйзамдуулук уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Өзгөн шаарынын «Жаңы - Өзгөн» кварталынын «Уйгурская» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Акматов Суюмбек Эшматовичтин ысымын, Өзгөн шаарынын «Мажирим-Тал» кварталындагы «Малиновский» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исаджанов Абдухалимдин ысымын, Өзгөн шаарынын «Калма-Кия» жана «Таштак» кварталындагы «Чарбак» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Алимбаев Сатимаматтын ысымын, Өзгөн шаарынын «Кайрагач» кварталындагы «Маданият» көчөсүнүн наамын өзгөртүп, маркум Исмаилов Жоровайдын ысымын ыйгаруу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Талапкерлер Негматов Умарилло Садикжанович, Юлдашев Азамжан Нугманович, Хасанов Арсланбек Мрахварович, Абдумоминов Абдукаим, Насиров Абдулфаттах Абдулхафизовичке «Өзгөн шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, уюштуруу-укуктук, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Ж. Исмаилов