Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин IV сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 2
Коомдук алдын алуу борборунун Уставы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук алдын алуу борборунун Уставы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 7 баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| №2 тиркеме |
Коомдук алдын алуу борборунун Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары-КАБ- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарда укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү комерциялык эмес уюм.
2.Комерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
-мамлекеттик тилде: “Ленин айыл аймагынын” Коомдук алдын алуу борбору коомдук бирикмеси”;
-расмий тилде: “Общественное обьединение “ Общественно-профилактический центар “Ленинского айыльного аймака”.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
-мамлекеттик тилде: “КАБ” КБ”
-расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.
3. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КАБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги: Сузак району, Ленин айыл өкмөтү, Ленин айылы, К. Маматов көчөсү, № 3
7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын – Кенешинин юридикалык дареги: Ленин айыл өкмөтү, Ленин айылы, К. Маматов көчөсү, № 3
2.КАБдын максаттары жана милдеттери
8. КАБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого бөгөт коюуга аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды оюу жарандардан тартиби жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш - чараларды мыйзам чегинде аткарат.
9. КАБдын иши өзү тейлеген аймактагы укук бузуларга, кылмыштарга жасалган анализ жүргүзүүнүн негизинде иш алып барылат.
10. Граждандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ( расасы, терисинин өнү, жынысы,тили, дини,саясий же башка ишенимдери,улуттук этностук же социалдык теги, мүлктүк абалы, жарандардын ден соолугунун абалы жана төрөлүү белгилери боюнча басмырлоого жол бербоо);
11.Мыйзамдуудулукту сактоо жана тартибин чындоо, укук бузуулардын алдын алып иш жүргүзүү, граждандардын мыйзамдардан, үрп-адаттардан жана каада- салттардан улам тарыхый жактан түзүлгөн, мыйзамдарга карама-каршы келбеген моралдык адептик нормаларды урматтоого чакыруу жана тарбиялоо;
3. КАБдын укутары жана милдеттери
12. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: - өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга; - мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мучөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө; - мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого; - өз жыйындарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга; - зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семнарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө; -тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматашууга; -мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына каршы келбеген башка иш аракеттерди жасоого; -жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана брикмелерди түзүүгө, ичкии жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү: - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган чечимдерди сактоого;
14. Дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү кенештин жана тийешелүү денгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кенешмесинин алдында мыйзам коргоо органдарынын координациялык кенешинде мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин отчеттун берүүгө; КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга; КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
15. Айыл аймактын айылдарында жашап турган атуулдардын, алардын укук маселелери боюнча көйгөйлүү суроо талаптары боюнча кабыл алуу.
16.Элдик кошундарды түзүү жана ишине көзөмөлдүк кылуу.
17. Коомдук алдын алуу борборунун курамы жергиликтуу кенештердин, аймактык башкаруунун аткаруучу органдарынын, милициянын участкалык инспекторунан, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун-Аксакалдар соту, Аксакалдар кенеши, Алдар кенеши, Жаштар кенешинин курамынан түзүлөт.
18. «Коомдук алдын алуу борборунун» (ОПЦ - нын) иши Ленин айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартипти сактоого түзүлгөн бир жылдык иш - планга ылайык жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын чечими тиешелүү аймакта аткаруу үчүн милдеттүү.
19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү: -КАБдын Уставын сактоого; -КАБдын ишине катышууга; -КАБдын жетектөөчу органдарынын чечимдерин аткарууга; -КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жлпы чогулуштарга катышууга.
20.КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат: - жеке арызынын негизинде; - КАБдын жетектөөчу органын чечиминин негинде; -КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу; -КАБдын мүчөсү каза болгондо; -КАБдын мүчөсү ден – соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо; -КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда; -Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда;
21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: -ушул Уставдын талаптарын бузганда; -жарандын ар-намысына жана кадыр – баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда; -КАБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5.КАБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер:
22. КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23.Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100 дон ашуун мүчөсү болгон учурда - 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт: -Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; -КАБдын ишинин артыкчылыктуу башыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби; -коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда белгиленбесе); -башкаруу органдарын түзүү тартиби; - иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү; -башка юридикалык жактардын ишине катышуу; -кайра уюштуруу жана жоюу; -башка маселелер
25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27.КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кенеши (мындан ары – Кенеш) саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
28. Кенештин курамы ЖӨБдун аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кенештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кенештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайлардын жетекчилери, жергиликтүү кенештердин депутаттары, ЖӨБдун аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КАБдын мүчөлөрү, болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
30. Кенештин чечими Кенештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кенештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет: -төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчны шайлоо; -мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу; - Кенештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү; - ЖӨБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу; - КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгару; - мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдо активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү; -Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер. 32. Кенеш коомдук башталышта иш алып барат. Кенешке Кенештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кенештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33.КАБдын Кенешинин төргасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет: -КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу; -баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу; -келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу; -банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө; -КАБдын жлпы чогулушунун, Кенештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кенештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кенештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кенештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кенештин жыйындарында материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кенештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кенештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кенештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн
37. Кенештин жыйынын Кенештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кенештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кенештин жыйыны эгерде, ага Кенештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кенештин чечими жыйынга катышкан Кенештин мүчөлөрүнүн көпчулук добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кенештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коет.
40. Кенештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кенештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет. 6. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу,ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
41. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3 төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазулар киргизилген учурдан тартып КАБ өз ишин токтотуу деп саналат.
7. Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык - контролдоочу органы
46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. КАБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарына кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КАБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Айылдык кеңештин катчысы: К.Курманалиев