Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин IV сессиясы
2017-жылдын 14-июну № 3
Турмуш-тиричилик коммуналдык чарбасынын Уставы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш-тиричилик коммуналдык чарбасынын уставы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме 7 баракта тиркелет.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |
| №3-тиркеме |
Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбасынын
У С Т А В Ы
Жалпы жоболор:
Ушул Устав Сузак районун Ленин айыл өкмөтү, Ленин айылдык кенеши жана «Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык-муниципалдык чарабасы» ишканасы (мындан ары-Муниципалдык ишканасы) тарабынан (баарысы мындан ары тараптар) үч тараптуу макулдашылып, иштелип чыкты жана Сузак районун Ленин айыл аймагындагы калк жашаган айылдардагы таштандыларды топтоп, алып чыгуу, Ленин айылында жайгашкан жайкы эс алуу паркын, анын айланасындагы жер участокторун пайдалануу, ижарага берүү маселелерин, тараптардын укук-милдеттерин, функцияларын, парктын иштоо тартибин аныйктайт (белгилейт, жөнгө салат).
Устав Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Өкмөтүнүн «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» 23.09.2011 жылдын № 571 сандуу токтомун, ушул күнгө чейин жана ушул күндөн кийин тараптардын ортосунда түзүлгөн (жана түзүлө турган) айрым келишимдерди эске алуу менен даярдалды жана Ленин айыл аймагында жайгашкан эс алуу паркын найтыйжалуу кызмат көрсөтүүнү көздөйт.
Жайкы эс алуу парктын кызматын натыйжалуу пайдалануу ичине төмөнкү багыттарды камтыйт:
Жергиликтүү калктын бош убактысын өткөрүү үчүн шарттарды түзүү;
Эл үчүн кошумча оюн-зоок атракциондорду уюштуруу;
паркты өркүндөтүү үчүн инвестиция, долбоорлорду тартуу;
паркты жарыктандыру, көрктөндүрүү, тазалыгын сактоо; иштоо тартибин аныктоо;
өзүн-өзү каржылоо булактарын изденүү ж.б.
Тараптардын укук-милдеттери укуктук-ченемдик акты же өзүнчө келишимдердин негизинде дагы аныкталышы мункун.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбачылыгы үчүн Сузак районунун Ленин айыл өкмөтү жооптуу болуп эсептелет.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбачылыгы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарга, айыл өкмөтүнүн жана айылдык кенештин буйруктарына, токомдоруна, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставка таянып иш алып барат.
Турмуш-тиричилик коммуналдык чарба бөлүмү юридикалык жак болуп эсептелип, ишкананын аты кыргыз жана орус тилинде жазылат, герби менен мөөр жана штампка ээ болуп, мүлкү жана өздүк балансы бар, банктык эсеп ачууга укукту. Өз милдеттерине жооп берет.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбачылыгы , мунципалдык ишкана болуп эсептелет.
Турмуш тиричилик чарба бөлүмүнүн юридикалык дареги: Жалал-Абад областы Сузак району Ленин айылы К.Маматов көчөсү № 3.
Тараптардын укук-милдеттери.
Ленин айыл өкмөтү:
Келишимдин негизинде муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн тийиштүү техникалык жана каржылык жагын белгилүү өлчөмдө камсыздайт жана көзөмөлдөйт;
Парктын аймагындагы жана айыланасындагы муниципалдык жер участокторун ижарага берет жана ижара келишимдерин түзөт;
Ленин айылдык кенешинин кабыл алган чечиминин, уруксаты менен келишимдин негизинде айрым жергиликтүү маанидеги маселелерди муниципалдык ишканага өткөрүп берет;
Муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт, парктын иштөө тартибин, натыйжалуулугун камсыздоо аракеттерин көрөт жана муниципалдык ишканага сунуштайт;
Ленин айылдык кенеши:
Тийиштүү жоболор, төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн бекитүүгө милдетүү;
Парктын иштешин натыйжалуулугу үчүн зарыл болгон укуктук-ченемдик актыларды кабыл алып берет, финансылык каржылоо жактарын камсыздайт;
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасы:
Ленин айыл аймагында санитардык-экологиялык тазалыкты камсыздоо иштерин аткарат;
Айыл аймагындагы калак жашаган айылдарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин айылдардын айыл башчылары менен биргеликте аткарат;
Тийиштүү даталарда айыл аймагында айылдардын башчылары менен биргеликте көрнөк-жарнактарды жасайт;
Айылдардын башчылары менен биргеликте айыл өкмөттүн эсебинде турган ички арыктарды тазалоо,таштандыларды чогултуп ташуу менен калкка кызмат көрсөтөт;
Эс алуу паркынын аймагында жана айланасында жарыктандыруу, көрктөндүрүү, жашлыдандыруу, турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгуу жана керектен чыгаруу, бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу, эс алуу паркын ижарага алуучулар тарабынан ижарага алынган аянттарын келишимге ылайык, максатуу пайдаланууларын көзөмөлдөө, парктын аймагындагы жана айланасындагы мүлктөрдүн бүтүндүгүн сактоо жана кароолчулук кызматтарды көрсөтүү боюнча иш чараларды уюштурат жана аткарат.
ТТЧ Уставына жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын талабында өзүнүн милдеттерине байланыштуу штаттык түзүмдөрдү, сметаларды даярдайт жана бекитүүгө айыл өкмөт башчысына сунуштайт.
Акча каражаттарын максатуу, багытта иштетүүгө милдеттүү;
Тийиштүү финасылык жана башка отчеттерду, маалыматтарды берүүгө жана тапшырууга милдеттүү;
Эс алуу паркынын аймагында жана айланасында өрткө - каршы жана санитардык талаптардын сакталышын камсыздайт.
Эс алуу паркынын иштешинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында башка иш-чараларды изденет, сунуштайт, иш жүзүнө ашырат.
Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын талабында айыл аймакта жайгашкан ишкана, мекемелерге акы төлөөчү кызматтарды көрсөтүү менен турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарбасы ишканасынына киреше табуну (рентабелдүүлүктү) камсыздайт;
Коопсуздук эрежелерин жана эмгекти коргоо өндүрүш ишкерлерин жакшыртууну уюштурат;
Ден соолук жана коопсуздук боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана аларды ишке ашуусун камсыздайт;
Коомдук тартипти камсыздоону милиция кызматкерлери менен биргеликте ишке ашырууну уюштурат.
Милдеттерди аткарууда турмуш тиричилик коммуналдык муниципалдык ишканасы укуктуу:
Материалдык – техникалык, финансылык жана кадырдык ресурстарын өз алдынча башкарууга;
Юридикалык жана физикалык жактар менен чарабачылык (Аутсорсинг- башка бирөөгө берүү) мамилелерди келишимдин негизинде түзүүгө;
ар түрдүү ассоциацияларга кирүүгө;
Ушул Уставдын талабында, Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик мыйзамдарынын талаптарын бузбаган иш аракеттерди аткарат.
Парктагы жер участокторун ижарага алуу, берүү маселелери.
Жайкы эс алуу паркындагы жана анын айланасындагы жер участокторун оюн-зоок атракциондор, коомчулукту тамактандыруу түйүндөрү, коммерциялык обьектер, жеке жактар үчүн ижарага берүү укугу Ленин айыл өкмөтүнө гана тиешелүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна, мыйзамга ылайык ишке ашыралат.
Парктын ичиндеги жана айланасындагы жер участокторун ижарага алган үчүнчү жак тазалыкты сактоо, кароолчулук кылуу, таштандыларды чыгаруу ж.б. боюнча келишимдерди «Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасы менен түзөт. Бардык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү Ленин айыл өкмөтү жана Ленин айылдык Кенеши тарабынан аныкталып, бекитилет.
Парктын иштөө тартиби:
Парктын иштөө тартиби муниципалдык ишкана тарабынан даярдалат жана Ленин айыл өкмөтү тарабынан бекитилет.
Ленин айылындагы жайкы эс алуу паркындагы тазалыкты сактоо, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн бүтүндүгүн (амандыгын) сактоо максатында, паркка кирүү жана чыгуу убактысы төмөнкүдөй тартипте чектелет: жайкы мезгилде парк саат 08 : 00 дөн тартып түнкү саат 22 : 00 гө чейин эл үчүн ачык, кышкы мезгилдерде саат 9 : 00 дон тартып түнкү саат 20 : 00 го чейин эл үчүн ачык, калган сааттарда эс алуу паркы жабык болот.
Парктын аймагына жарандар тарабынан үй жана жапайы жаныбарларын алып кирүүгө,багууга тыюу салынат. Оюн-зоок уюштуруу максатта үй жана жапайы жаныбарлары үчүнчү жактар тарабынан келишимдин негизинде алынып кирилүүсү мүмкүн (атайын уруксат менен).
Кароосуз калган малдардын паркка кирген учурда ал малдар муниципалдык ишканасы тарабынан түзүлгөн актынын негизинде убактылуу кармалышы (байланышы) мүнкүн. Мындай учурда малдын ээси административдик жана материалдык жоопкерчиликке тартылышы мүнкүн.
Ижарага алуучулардын жана жарандардын укук-милдеттери, жоопкерчилиги.
Парктын аймагында жана айланасында тийиштүү өрткө каршы, санитардык талаптарды, коомдук тартипти же келишимди бузган жак (жаран) мыйзам чегинде же келишимге же ушул Уставка ылайык юридикалык (административдик, жарандык, кылмыш жана материалдык) жоопкерчиликке тартылышы мүнкүн.
Башкаруу органы .
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасынын башкаруу органы болуп:
Негиздөөчү (учредитель) – Ленин айыл өкмөтү;
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасынын директору.
Жогорку башкаруу органынын Негиздөөчүнүн (учредитель) компетенциясына төмөндөгү иштерди уюштуруу маселелери кирет:
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасын түзү, жоюу, кайра түзүү;
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасына мүлк бөлүп берүү;
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасынын Уставын иштеп чыгуу жана бекитүү;
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасынын кызматкерлеринин санын жана айылык акысынын өлчөмүн Ленин айылдык кенешине сунуштап бекиттирет.
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасынын иш чараларынын жүрүшүндө келип чыккан ар түрдүү суроо талаптарды, талаш-тартыш жагдайларды карап чечет;
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасынын директору айыл өкмөт башчысынын буйругу менен дайындалат жана бошотулат.
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасынын директору:
жогорку инстациядан аткарууга келип түшкөн буйруктарды, чечимдерди аткарууга, өзүнүн элеген кызматынын компетенциясында буйруктарды чыгарат;
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасынын кызматкерлеринин иш аткарууга милдеттерин бөлүштүрүп бекитет жана аларды аткарууну уюштурп, көзөмөлдөйт.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасынын иштерине, санитардык тазалыкка, жашылдандырууга, көчөлөрдү жарыктандырууга, айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөргө жооптуу;
Айыл өкмөтүнө турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасынын бухгалтерди дайындоону жана бошотууну сунуштайт.
Акча каражаттарынын жана материалдык байлыгынын толук сакталышын, коопсуздугункамсыз кылат.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасынын мүлкү
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасынын мүлкү болуп, анын ишмердүүлүгүн ушул Уставда көрсөтүлгөндөй ишке ашырууга, «Негиздөөчү» тарабынан өткөрүлүп берилген, ай сайын жүгүртүлүчү жана негизги каражтаттар болуп эсептелет.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасынын аппарат кызматкерлерин жана жумушчуларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо булагы болуп, өзүн-өзү каржылоодон, чарба эсебинен алынган каражаттардан тапкан кирешелер чет өлкөлөрдөн тартылган инвестициялар, донордук жардамдардан жана берилген кредиттердин эсебинен жургузулөт.
Эсепке алуу жана отчоттуулук.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасы мыйзамда белгиленген мөөнөттө, графикте белгиленген убакытта, тийиштүү ишкана мекемелерге, статстикалык жана бухгалтердик отчеттерду түзүп, тапшырат;
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасы өзүнүн финансалык ишмердүүлүгүн анализдөө, текшерүү, аудитордук иш аракеттер, тиешелүү прогрессивдүү ыкмаларды колдонуу иш чараларды жүргүзүү менен ишке ашырат.
Кортунду жоболор:
Бул Устав кошумча (өзүнчө) келишимдер менен толукталып, өзгөртүлүп туруусу мүмкүн. Макулдашылбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, укук-ченемдик актыларга жана келишимдерге ылайык каралып, чечилүүгө жатат.
Ишин токтотуу.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасы өз ишмердигин токтоткондо, же башка бир уюмга кошулганда, кайра түзүү жана жоюу аркылуу өз ишин токтотот.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасын кайра түзүү жана жоюу «Негиздөөчүнүн» же соттун чечими менен ишке ашырылат.
Турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба ишканасын кайра түзүүдө бардык керектүү өзгөрүүлөр Уставка киргизилет.
Юридикалык жак мамлекеттик каттоо реестринен чыгарылган убакыттан баштап жоюулду деп эсептелет.(1)
«Ленин айыл аймагындагы турмуш-тиричилик коммуналдык (муниципалдык) чарба» ишканасы ИНН 00503201210172, ОКПО 27715253 (1.8)
Дареги: Жалал-Абад областы, Сузак району Ленин айыл аймагы, Ленин айылы, к.Маматов көчөсү-3
Турмуш-Тиричилик чарбасынын жетекчиси: Т.Жумабаев