Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-августу № 239
Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап 15-август 2016-жылдагы № 5 жалпы элдик жыйындын токтомунун негизинде балдар бакчасын ачуу жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап 15-август 2016-жылдагы № 5 жалпы элдик жыйынынын токтому менен тааныштырып, Ара-Көл айылынын айыл башчысынын жана Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты Б.Калмурзаеванын билдирүүсүн угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезексиз 32-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылында көптөгөн үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулушунун протоколуна ылайык Ара-Көл айылында 60 орундуу 2 тайпага ылайык балдар бакчасы ачылсын.
2. Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жанындагы кошумча имараты айылдын «Бала бакчасына» өзгөртүлүп түзүлсүн жана балдар бакчасына өткөрүлүп берилсин.
3. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнөн, райондук сан,эпистанция, өрт коопсуздугу, эко.техникалык инспекция башкармалыктарынан тийиштүү юридикалык документтик иштерин бүткөрүү жагы.
4. Суралсын райондук каржылоо бөлүмүнөн Ара-Көл балдар бакчасын мамлекеттик бюджеттен каржылоону чечип берүү жагы.
5. Ушул токтомду аткаруу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Таштемиров |
Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ара-Көл айылынын жашоочуларынын элдик жыйынынын
№ 5 Протоколу
Ара-Көл айылы 15-август 2016-жыл
Катышкан адамдардын саны 58.
Жумушсүчу президиуму:
1. Осмонкулов Б Ара-Көл айылынын айыл башчысы.
2. Рахманбердиева З Аялдар кеңешинин төрайымы.
3. Кайыпбердиев Ж Айыл тургуну
4. Айтиева С Мектептин ата-энелер комитетинин төрайымы
5. Алибеков А Айыл тургуну
6. Калмурзаева Б Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору.
7. Мокенов Э Айыл тургуну, айылдык кенешти депутаты.
Күн тартибиндеги маселе:
1. Ара-Көл айылына балдар бакчасын ачуу.
Күн тартибинде каралып жаткан маселе боюнча Ара-Көл айылынын айыл башчысы Осмонкулов Болот сөз сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду: Биздин айылда 217 кожолук жашап, бүгүнкү күндө 70-80 бала бала бакчасына барууга муктаж. Балдарыбыз бүгүнкү күндүн талабына ылайык тарбия албай жатат. Себеби айылда бала бакча жок. 6 жашка чейин балдарыбыз ата-энелеринин кароосунда. Балага туура тарбия берүү, алардын акыл-сезимин өсүшүнүн башаты бала бакчадан башталат.
Өзүңүздөр билгендей айылдын ар бир үйүнөн жок дегенде бирден, бобосо 2-3 төн балдарыбыз Россияда иштеп жатышат. Бүгүнкү биздин жаш муундар ата-энесинин эмес, чоң ата, чоң энелеринин, таята. Таэнелеринин же болбосо башка бир тууган уруктарынын колунда калу менен аларга жетишээрлик көзөмөл жана тарбия берилбей жатат. Ошондуктан булл маселени чечүүнүн бир жолу айылыбызга бала бакча ачуу менен балдарыбызга мектепке чейинки тарбияны берип, мектепке даярдасак деген ойду айтмакмын.
Былтыркы жылдан бери Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин директору Калмурзаев Буразия эжеке «МЧББ-100» долбооруна катышып, мектеп алдындагы бала бакча ачуунун аракетинде жүрөт. Мектептин 2-корпусу союз мезгилинде 6 жаштагы балдар үчүн шарты менен курулган. Эжеке ушул корпустун 132 м2 тык бөлмөсүн, залын айыл өкмөттөн бөлдүрүп алып, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн бюджеттинин эсебинен 230 000 сом менен ремонтотту. Окуу куралдары, мебелдер, унитаздар коюлуп, ракавина орнотулат Кыскасы мектеп алдындагы бала бакча эмес, толук эле бала бакча мекемесине ылайык имарат даяр.
Ушул ишти толук аягына чыгарууну, документациясын жасоону, эжекенин өзүнө тапшырсак деген оюм бар.
Жарыш сөзгө чыккандар:
1. Айылдык аялдар кеңешинин төрайымы Рахманбердиева Замира:
Мен айылга бала бакча ачуу сунушун толук колдойм. Бизде даяр имарат турат. Ал бала бакчага ылайык. Б Калмурзаева эжекеге рахмат айтышыбыз керек. Мектептеги окуу тарбия иш менен биргеликте ар кандай уюмдарга проект жазып, бир топ инвестиция алып келүүдө. Айыл башчы аткан долбоор аркылуу бала бакча үчүн 50 000 долларлык пайда алып келип жатат. А биз ата-энелер дагы кол куушуруп карап отурбайбыз. Жетишбеген инвентарларды алып берүүгө, айрым бир ремонтторун жүргүзүүгө жардам беребиз.
2. Айылдын тургуну Алибеков Абдирашит: Мен жогорудагы сунуштарды толук колдойм. Өзүм уста болгондуктан, айрым ремонт иштерине жардам берем
3. Айыл тургуну айыл кеңештин депутаты Мокенов Элбурс:
Чындыгында ар ким өзүнүн тиричилиги,өзүнүн жакшы жашоосу үчүн аракеттенип жаткан заман. Балдардын келечегин ойлогон адам жок. Мамлекеттик бүгүнкү күндөгү саясаты мектепке чейинки билим берүүнү күчөтүү экендигин көрүп угуп жатабыз. Райондо 2012-жылга чейин 4 бала бакча болсо, бүгүнкү күндө кыркка жетиптир.
Бала бакча ачуу биздин айыл үчүн өттө зарыл. Мен жогорудагы ойлорго кошулам. Балдарыбыздан эч нерсени аябайлы. Мен дагы баштаган иштин аягына чыгарууну Кулмурзаева Бүразия эжекеге табыштайм. Бала бакчанын атын «Жеткинчек» деп сунуш кылам.
4. Кулмурзаев Буразия айылдык кеңештин депутаты, №24 Ж Боконбаев атындагы орто мектебинин директору:
Бул проектини ишке ашыруу үчүн 2 жылдан бери иштеп келе жатам. Ишенимиңиздер үчүн ыракмат. Документациясын даярдап, бала бакч а ачууга аракеттенем. Бала бакчанын «Жеткинчек» деп аталышын колдойм жана анын директорлугуна башталгыч класстын тажрыйбалуу, жогорку билимдүү мугалими, жаш кадр Бусурманкулова Уулканды сунуш кылам.
Жогорудагы сунуш-пикирлерди С.Айтиева, Г.Исмаилова , М Белековдор да чыгып сүйлөп, колдошту.
Чогулуш жогорудагы маселени угуп жана талкуулап токтом кылат:
ТОКТОМ.
1. Ара-Көл айылындагы № 24 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 2-корпусунун 264 м. кв. бөлмөсү жана ал корпустун толук сырткы аянттары бала бакча катары бөлүнүп берилсин жана бала бакча болуп ачылсын.
2. Ремонту талап кылган айрым бөлүктөр (терезе, эшик, эки бөлмөнүн утурумдук ремонту) айрым инвентарлар ата-энелердин эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Ара-Көл айылында элдин муктаждыгына байланыштуу 2 тайпа 60 орундуу балдар бакчасы ачылсын, балдар бакчасынын аты «Жеткинчек» деп аталсын. Балдар бакчасына жетекчи болуп Бусурманкулова Уулкан сунушталсын. Балдар бакчасына тарбиячы жана керектелүүчү адистер менен балдардын санына жараша камсыздоо жагы Бусурманкулова Уулканга милдеттендирилсин.
4. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдыразаковдон бала бакча үчүн бөлүнгөн аянтты тосмолоого сом акча каражатын бөлдүрүп берүү суралсын.
5. Суралсын Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы А.Таштемироовдон, финансы бөлүмүнөн Ара-Көл айылында уюштурулуп жаткан балдар бакчасы жөнүндөгү токтомду сессияда карап, бекитип берүү жана балдар бакчасына керектүү акча кражаттарын бюджеттен бөлүп берүү жагы.
6. Суралсын райондук мамлекеттик админстрациясынан, билим берүү бөлүмүнөн, сан. Эпид станциясынан, өрт коопсуздугунан, жаратылышты коргоо мекемелери тарабынан ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
7. Суралсын райондук мамлекеттик админстрациясынан, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнөн ушул токтомду бекитип берүү жагы.
Чогулуштун төрагасы: Б.Осмонкулов
Чогулуштун катчысы Г.Исмаилова