Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 43
Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Кара-Токой айылындагы мурдагы МТФнын батыш жана эски тооккананын чыгыш тарабынан иштетүүгѳ ынгайсыз жерден ижаралык ыкма менен ѳздѳштүрүү үчүн жер аянтын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусу жѳнүндѳгү» Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы № 306 сандуу токтомунун, Жер кодексинин 32-беренесине ылайык жана Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалынын негизинде Суу-Башы айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Суу-Башы айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалында кѳрсѳтүлгѳн Кара-Токой айылындагы мурдагы МТФнын батыш жана эски тооккананын чыгыш тарабынан иштетүүгѳ ынгайсыз жерден ижаралык ыкма менен ѳздѳштүрүү үчүн 7 га жер аянтын ижарачы ѳзүнүн эсебинен каражат жумшап (жерди тегиздеп,чункурларды толтуруп, арык салып, суу чыгарып жана башка) келишимдин негизинде 7 (жети) жылдык мѳѳнѳт менен ижаралык ыкмада ѳздѳштүрүү үчүн берилсин. 2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын. 3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн жерге жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
| 2.
| ||
|
|