Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 6/19
Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101-Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн, шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 14-мартындагы №6 протоколунун чечимине негиз, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга бюджетин түзүү учурунда жетишсиздиктер белгиленип, 2017-жылга шаардын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы минималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 161973,9 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук суммасы 121711,2 миң сом өлчөмүндө бекитилип, жетишсиздик 40262,7 миң сом эске алынып, Ден-соолукту чыңдоо борборунун атайын каражаты 1296,0 миң сомго көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу 123007,2 миң сомго бекитилсин.
2017-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2017-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2017-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүнгөн акча каражаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2016-жылы каржыланбай калган 14102,9 миң сом кредитордук карыздары 2017-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн. Билим берүү бөлүмүнүн атайын каражатынын 1747,6 миң сом кредитордук карыздары бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылансын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана фракциялардын катышуусунда өткөн отурумда айтылган сунуштар 2017-жылга кошумча кирешелерди таап каржылоо шаардын мэри Э. Топчубаевге сунушталсын.
Шаардык бюджеттин 2017-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 1663,5 миң сом, анын ичинен бюджет 1308,6 миң сом, атайын каражат 354,9 миң сомду түзөт. Шаардык бюджетинин эркин калдыгы экономикалык бөлүкчөдө каралып мэрия аркылуу каржылансын, атайын каражаттан калган калдык балдар бакчасына 351,8 миң сом, маданият бөлүмүнө 3,1 миң сом бөлүнүп берилсин.
2017-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
| Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2017-жылдын 30-мартындагы кезектеги 6-сессиясынын №6/19-токтомуна №1-тиркеме |
2017-жылдын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн контролдук суммасы.
Элемент (8) | Жергиликтүү бюджет | МинФин контролдук суммасы 2017-жыл | Шаардык кеңештин бекиткен суммасы |
Салыктардын аталышы | |||
1 | 2 | 3 | 4 |
| Кирешелер | 121711,2 | 123007,2 |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 37762,0 | 37762,0 |
11111200 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы | 754,0 | 754,0 |
11121100 | Чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салык |
|
|
11122100 | Милдеттүү патенттин негизинде салык | 2422,0 | 2422,0 |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 28230,0 | 28230,0 |
11123100 | Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына салык |
|
|
11311100 | Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык | 12,0 | 12,0 |
11311200 | 2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 990,0 | 990,0 |
11311300 | 3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык | 30,0 | 30,0 |
11312110 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 1060,0 | 1060,0 |
11312120 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 4800,0 | 4800,0 |
11321100 | Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 900,0 | 900,0 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 400,2 | 400,2 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 5060,0 | 5060,0 |
11412100 | Сатуудан салык | 14000,0 | 14000,0 |
11442 | Роялти | 25,0 | 25,0 |
1161 | Дагы башка салыктар жана жыйымдар | 23766,0 | 23766,0 |
14151100 | Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги үчүн салык |
|
|
14152110 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 2000,0 | 2000,0 |
14152200 | Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы | 485,0 | 485,0 |
14153200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулуштардын ижара акысы | 2226,0 | 2226,0 |
14221700 | Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 205,0 | 205,0 |
14221800 | Авто транспорт токтотуу үчүн жыйым | 850,0 | 850,0 |
14222200 | Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым |
|
|
| Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөр | 18000,0 | 19296,0 |
14311100 | Административдик айыптар |
|
|
14511200 | Дагы башка салыктык эмес кирешелер |
|
|
31111110 | Батирлерди сатуу |
|
|
31112190 | Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу |
|
|
314121 | Айыл-чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан | 1500,0 | 1500,0 |
| Трансферттер (гранттар) |
|
|
| Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2017-жылдын 30-мартындагы кезектеги 6-сессиясынын №6/19-токтомуна №2-тиркеме |
Кызыл-Кыя шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылга бөлүнүшү.
миң сом.
Мазмуну | 2017-жыл |
Ч ы г а ш а л а р | миң сом менен |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүү | 20778,0 |
- анын ичинде –Резервдик фонд | 1200,0 |
Коргонуу | 1108,0 |
Коомдук тартипти сактоо |
|
Экономикалык бөлүм | 15868,4 |
Турак жай чарбасы | 40270,5 |
Маданият | 8990,6 |
- анын ичинде – Дене тарбия | 2581,9 |
- анын ичинен атайын каражат | 1476,0 |
Билим берүү | 30975,7 |
- анын ичинен атайын каражат | 17820,0 |
Социалдык камсыздоо | 5016,0 |
Чыгашалардын жыйынтыгы: | 123007,2 |
| Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VI чакырылышы) 2017-жылдын 30-мартындагы кезектеги 6-сессиясынын №6/19-токтомуна №3-тиркеме |
Экономикалык бөлүкчөнүн бөлүнүшү
| (миң. сом) | ||
ММД | үлүштүк түрткү берүүчү грантка 6 долбоорго үлүш | 9569,4 |
|
МЧС | Күтүлбөгөн кырдаалдарга | 1500,0 |
|
Шаар боюнча | Кошумча гранттарга үлүш катарында | 1000,0 |
|
Мэрия | кварталдык комитеттерге жеңилдиктер | 250,0 |
|
Мэрия | Ветерандар комитетине | 100,0 |
|
Мэрия (ШИИБ) | ОПЦ | 49,0 |
|
ФОК | Электр энергия кошумча | 500,0 |
|
Мэрия | Китеп чыгарууга | 200,0 |
|
Шаардык финансы башкармалыгы | Сапардама жана башка чыгымдар үчүн | 100,0 |
|
Мэрия | Шаардын тургундарын мектеп окуучуларын ташууга транспорттук чыгым. | 200,0 |
|
Шаардык мектептерге интерактивдүү доска алууга | 300,0 |
| |
Мэрия,Кенеш, МТУ,ММД | Муниципалдык кызматкерлерге 50%дык кошумча эмгек акы үчүн («Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна негиз) | 1800,0 |
|
Мэрия | Айыл чарба жерлерин каттоо горстат | 100,0 |
|
Мэрия | “Мезгил Жарчысы” гезитине | 150,0 |
|
Шаардык кенеш | Архивди оңдоо жана токтомдорду тапшырууга | 50,0 |
|
Баардыгы: | 15868,4 |
| |