Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 1/5
Корул айылдык Кеңешинин төрагасынын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 09-январындагы №1,2,3 протоколдору жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 29-беренесинин 2-пунктуна таянып, Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 09-январындагы №1,2,3 протоколдорун угуп жана талкуулап, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык кеңешинин төрагасына шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 09-январындагы № 1,2,3 протоколдору бекитилсин (протокол тиркелет).
Төрага | Т. Маназаров |
Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоого жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын
№1 ПРОТОКОЛУ
Тогуз-Булак айылы 09-январь 2017-жыл.
Комиссиянын заседаниесине эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты
1. Абдазов Уланбек Мамасадыкович
2.Ысаков Алайбек Гүлжигитович
2.Усенбеков Дүйшөн Өскөнбаевич
Күн тартибинде:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп, Абдазов Уланбек Мамасадыкович шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын катчысы болуп, Ысаков Алайбек Гүлжигитович шайлансын.
3. Ушул эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитип берүү жагы, Корул айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.
4. Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы | У. Абдазов |
Эсептөө комиссиясынын катчысы | А. Ысаков |
Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоодо жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын
№2 ПРОТОКОЛУ
Тогуз-Булак айылы 09-январь 2017-жыл.
Комиссиянын заседаниесине эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты.
1. Абдазов Уланбек Мамасадыкович
2.Ысаков Алайбек Гүлжигитович
2.Усенбеков Дүйшөн Өскөнбаевич
Күн тартибинде:
Корул айылдык Кеңешинин төрагасына талапкерлерине добуш берүүнү өткөрүү боюнча добуш берүү бюллетенинин формасын бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин төрагасына талапкелерине добуш берүүнү өткөрүү боюнча жашыруун добуш берүү бюллетенинин формасы бекитилсин.
Бул эсептөө комиссиянын №2 протоколун бекитип берүү жагы Корул айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ №3
Тогуз-Булак айылы 09-январь 2017-жыл.
Корул айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча Корул айылдык Кеңешинин регламентинин 2- бөлүгүнүн 3.1- пунктунун негизинде эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында:
Талапкер Маназаров Токтосун Маданбекович макул 20, каршы жок, жараксыз бюллетень жок.
2. Талапкердин алган добуштары бекитилсин жана Корул айылдык Кеңешинин сессиясына ушул токтомду бекитип берүү жагы сунушталсын.
3. Корул айылдык Кеңешинин регламентинин 2- бөлүгүнүн 3.1- пунктунун негизинде жалпы депутаттардын катышкандарынын баардык добушун алган депутат Маназаров Токтосун Маданбекович Корул айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.