Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-сентябры №27/4
Корул айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө ылайык 2011-жылдын 21-сентябрында Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен Корул айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Корул айыл өкмөт башчысы болуп, айылдык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган Жороев Абазбек Алтынович шайланды деп эсептелинсин.
2.Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Жороев Абазбек Алтынович Корул айыл өкмөт башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Корул айыл өкмөтүнүн башчысы кызматка шайланган 21.09.2011-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Жороев Абазбек Алтыновичке тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Т.Осмонова |